Кайрат Иманалиев: “Сөз эркиндигинин эң маданияттуу формасын мен Би-Би-Сиден көрөм”

КТРКнын жетекчиси Кайрат Иманалиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, КТРКнын жетекчиси Кайрат Иманалиев

Би-Би-Си Кыргыз кызматы 2021-жылдын 24 декабрынан баштап, аптасына бир жолу “Би-Би-Си дүрбүсүндө” аттуу аналитикалык программасын чыгарууга өтөт. Бул чечим - аудио материалдарды санарип форматына өткөрүү талабынан улам келип чыкты. Мындан ары, “Би-Би-Си дүрбүсүндө” берүүсү жума күндөрү кечки саат жетиде Биринчи радиодон кечки саат жетиде уктурулат.

Би-Би-Си радиосунун Кыргызстандагы орду тууралуу Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчиси Кайрат Иманалиев менен баарлаштык.

Би-Би-Си: Кайрат мырза, бул кабарды КТРКдагы кесиптештерибиз кандай кабыл алды?

К. Иманалиев: Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын Кыргыз кызматы КТРКнын негизги өнөктөшү. Жыйырма беш жылдан бери эң жакын досу. Биздин жыштыктан элибиз Би-Би-Си Кыргыз кызматы аркылуу дүйнөлүк жаңылыктарды, радио журналистиканын жаңы форматын угуп, мындайча айтканда элибиздин калың катмарына сиңип калган эле. Радио алып баруучулардын баары Кыргызстан элинин үй-бүлөсүнүн бир мүчөсүндөй болуп калган. Күн сайын эфирден чыгып турган радио мындан ары аптасына бир жолу чыгып калат дегенди укканда, албетте, бизде өкүнүч пайда болду. Элибиз күн сайын күтүп кечки жетиде укчу, азыр Би-Би-Си сүйлөйт деп даярданып турчу. Экинчиден, жыйырма биринчи кылымда улам технология өнүккөн сайын маалымат агенттиктеринин иши өзгөрүп, элге жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканда, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын радио тармагы жаңы ыкма менен элге, бизге жаңылык алып келип жатканы кубандырат.

Би-Би-Си: Би-Би-Си радиосунун кыргыз журналистикасына, анын ичинде КТРКнын радио берүүлөрүнө таасири болдубу?

К. Иманалиев: Албетте болду. 1996-жылы 3-июнда кыргыз радиосунун жыштыгынан дүйнөлүк жаңылыктарды алып чыкканда, өзгөчө алып баруу стили менен өзгөчөлөнгөн Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эфирге чыккандыгы ар бир угарманды толкунданткан эле. Алгачкы эфирге берген музыкалык ачылышынан тарта анын жасалгасы, эфирге берүү ыкмасы, мурда анчалык белгилүү болбогон дүйнөлүк кабарлардын жеткиликтүү тил менен кыргыз тилинде берилиши биз үчүн өтө чоң жаңылык болгон жана кыргыз радио журналистикасына бурулуш алып келген десем болот. Ошол жыйырма беш жылдан бери Би-Би-Синин уктуруулары өзүнүн мазмуну жагынан, формасы, берүү ыкмасынын өзгөчөлүгү жагынан кыргыз радио журналистикасынын өнүгүшүнө өзгөчө эмгеги сиңди, көп таасир берди деп ойлойм. Телевидение, радиодо бири-бирибизден алган тажрыйба менен улам өнүгүп, өсүп алдыга жылып отурдук. Кыргыз радиосунун жаңылыктар кызматынын жаңыланышына, журналисттердин калыптанып өсүшүнө Би-Би-Си Кыргыз кызматынын өзгөчө салымы жана таасири бар.

Би-Би-Си: 1995-жылы ал кездеги республиканын жетекчилиги Лондонго келип, Борбор Азияда биринчи болуп сөз эркиндиги ураанын көтөрүп чыккан Кыргызстанда жаңыча, заманбап маалымдоонун үлгүсүн көрсөтүп берүү сунушу менен Би-Би-Сиге кайрылган эле. Ошол бейтараптуулук, сабырдуулук, объективдүүлүк принциптери аткарылды деп ойлойсузбу?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

К. Иманалиев: Аткарылды. Мен биринчи кезекте Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын Кыргыз кызматын ишке киргизген карлыгачтарын баса белгилеп айткым келет. 1994-жылы Би-Би-Си орус кызматына Гүлнара Касмамбетованын иштеп калышы, андан ары кыргыз кызматын түптөгөнү, алгачкы алып баруучулар Арслан Капай уулу, Акчолпон Койчиеванын эфирге чыгышы биздин ошол убактагы үмүтүбүздүн акталганы, кыргыз уул-кыздарынын ошондой чоң милдетти аткарганын мен өзгөчө баса белгилегим келет. Ошондой чоң корпорациянын ичинде кыргыз кызматынын ачылышы дээрлик жыйырма беш жыл, ушул күнгө чейин токтобой иштеп келгени Би-Би-Синин аз жана саз кызматкерлеринин эмгеги деп билем. Канчалаган чоң аудиторияга чыгып жаткан Би-Би-Синин айрым кызматтары жабылып, башка форматка өттү эле. Ушул убакытка чейин бир дагы үзгүлтүккө учурабай, бир да жолу артынан жаман сөз ээрчитпей, кайсы бир чоң саясий кызыкчылыкты көздөбөй, калыс жана туура позициясы менен ушул күнгө чейин аброюн сактап келген радио катары ошол кездеги биздин жетекчилердин суранган өтүнүчүн аткарды деп ойлойм.

Би-Би-Си: Кыргызстандагы сөз эркиндигине кандай салым кошо алды деп ойлойсуз?

К. Иманалиев: Биз эгемендүүлүктүн отуз жылдыгын белгиледик. Бизде демократиянын калыптанышы менен сөз эркиндиги да Кыргызстанда журналистиканын өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болду. Ошонун ичинде сөз эркиндигинин эң бир маданияттуу, туура формасын мен Би-Би-Сиден көрөр элем. Аша чаап кетип, орой, одоно кеткен учурлар болгон жок. Дайыма өзүнүн Би-Би-Сиге тиешелүү аброю, туруктуулугу менен демократиянын принциптерин кармап, сөз эркиндигин колдонуп, кандай урунттуу учур болбосун, саясий, маданий коомдук турмушубузда болуп жаткан көрүнүштөрдүн бардыгында Би-Би-Си сөз эркиндигинин принциптерин колдонуу менен өзүнүн позициясынан тайган жок.

1995-жылы ал кездеги республиканын жетекчилиги Лондонго келип, Борбор Азияда биринчи болуп сөз эркиндиги ураанын көтөрүп чыккан Кыргызстанда жаңыча, заманбап маалымдоонун үлгүсүн көрсөтүп берүү сунушу менен Би-Би-Сиге кайрылган эле
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1995-жылы ал кездеги республиканын жетекчилиги Лондонго келип, Борбор Азияда биринчи болуп сөз эркиндиги ураанын көтөрүп чыккан Кыргызстанда жаңыча, заманбап маалымдоонун үлгүсүн көрсөтүп берүү сунушу менен Би-Би-Сиге кайрылган эле

Би-Би-Си: Кыргыз радиосунда көп жылдан бери эмгектенген адис катары Би-Би-Синин радиосунда чагылдырылган кайсы темалар эсиңизде калды?

К. Иманалиев: Биринчи кезекте Би-Би-Синин радиого мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн колдоно билгендиги мени кызыктырчу. Алгачкы саат, секунддар кагылып, эфирге чыккандагы музыкасы жаңырганда алып баруучулардын манерасы, ар бир жаңылыкты бере билүүсү, талдоосу бизди өзүнө тартып турар эле. Өзгөчө эсимде калганы принцесса Диана каза болгондо, аза күтүү зыйнатын радиодон Гүлнара Касмамбетова алып барды. Принцесса Диана менен коштошууга келген элдин эмоциясын укмуш сүрөттөп, королдук үй-бүлөнүн жөрөлгөлөрү тууралуу кеңири айтып жатканда мен өзгөчө таасирленгем, көз алдымда болуп жаткандай эле элестеткем. Ошондо радионун күчү аябай зор экендигин дагы бир жолу сезгем. Кийин муну интернеттен көргөндө, так эле мен элестеткей болгон экен.

"Чыңгыз Айтматовдун маектерин жазып калууда, анын дүйнөдөгү ордун көрсөтүүдө Би-Би-Синин өзгөчө эмгеги бар".
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Чыңгыз Айтматовдун маектерин жазып калууда, анын дүйнөдөгү ордун көрсөтүүдө Би-Би-Синин өзгөчө эмгеги бар".

Дагы бир нересени айта кетейин, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун маектерин жазып калууда, анын дүйнөдөгү ордун көрсөтүүдө Би-Би-Синин өзгөчө эмгеги бар. Жазуучу дүйнөдөн өткөндө биринчи болуп кыргыз элине Би-Би-Си кыргыз кызматы угузган. Айтматов өзү дагы кыргыз кызматын баалачу эле, кыргыз тилин, маданиятын жайылтып жаткан ушул балдар деп сиздердин чыгармачыл жамаатка баа бергени эсимде. Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөнүн Би-Би-Сиден укканым эстен кетпейт.

Айтматовдон кийин эле дүйнөнүн көп тилдерине которулган жазуучубуз Шүкүрбек Бейшеналиевдин чыгармалары болду. “Мүйүздүү козу” аңгемеси англис тилине которулуп, кыргыз калемгерин Британиядагы окурмандары менен жолуктурган дагы Би-Би-Си Кыргыз кызматы болду. Гүлнара мына өзүңүз алып барган элеңиз. Ошондо Шүкүрбек Бейшеналиевдин өзгөчө таасирлүү уктуруусу менин эсимде. (ErA)