Би-Би-Си кыргыз кызматындагы биринчи командада иштедим

- Author, Кубан Абдымен
- Role, Би-Би-Си радиосунун Кыргыз редакциясынын 1996-1998-жылдардагы продюсери
Москва шаарынан аспирантурадан кайткандан кийин, 1994-жылы "Кутбилим" гезити менен иштешип жаткан кезде, АКШнын элчилиги тарабынан Кошмо Штаттарына бир жылдык стажировкага баруу сунушталып калды. Ал жерде англис тилин тереңдетип, коммуникация жаатында заманбап билимге сугарылып келген соң, АКШнын ЮСИА агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгүндө жетекчинин кеңешчиси болуп иштеп жүргөм.
1995-жылы күзүндө телефон аркылуу мага кайрылышып, "Би-Би-Си радиосу сынак өткөрүп жатты эле. Ага сизди да катышууга чакырабыз", деп калышты. Ал кезде Америкадан топтоп келген күү менен сынактын маанисине же талаптарына көңүл бурбастан, эмне экенин көрөйүн деп, ал кездеги Бишкектеги саналуу гана кадыр-барктуу мейкананын бирине, белгиленген саатта барып калдым. Ал жерде мени Би-Би-Сиден келген үч адам тосуп алып, бир номерге киргизип, өзүлөрүн тааныштырды. Бири Бехруз Афаги Табризи Би-Би-Синин жаңыдан уюштурулуп жаткан Борбордук Азия Кызматынын башчысы экен. Экинчиси, ошо Борбордук Азия Кызматынын жетекчилеринин бири Юрий Голигорский жана кызматтын Орто Азия тилдери боюнча уюштурулуп жаткан редакциясынын жетекчиси Хамид Исмаилов болуп чыкты. Үчөө мени креслого отургузуп, үч тараптан суроолорду үч тилде кезеги менен бере башташты. Маалымат каражаттарынын абалы, дүйнөлүк аренадагы кырдаал, кайсы саясатчылар активдүү жана башкалар жөнүндө суроолор болду. Хамид улуту өзбек, өзү Кыргызстанда туулган экен. Андыктан мага кыргызча сүйлөөгө аракет кылып, бир нече суроо берди. Жалпысынан анын суроолору эч кыйынчылык жараткан жок. Голигорский орусча сүйлөп, негизинен түшүнүктүн кенен экенин тактоого багытталган суроолорго токтолду. Алардын арасында радионун иштөө принциптери, аспаптары, толкун менен жыштыктар тууралуу түшүнүктү камтыган суроолор болду. Кийин алардын сурагандарын анализдеп отуруп, билимим менен кошо, радиого жарай тургандай дикция жөндөмүмдү да сынап жатышкан экен. Эң эле эсте калган бир суроону англисче баарынан көп маектешкен Бехруз берди.
"Америкада азыркы учурда маалымат каражаттарында эң эле көп кайсы белгилүү адам тууралуу айтылып жатат?", - деди. Мен АКШда жүргөн кезде эле "бирге жашап жүргөн аялды өлтүрдү" деп шектелип, тергөө процесси эки-үч жылга созулуп кеткен адамдын окуясын билет элем. Ал кишинин аты О.Ж. Симпсон болчу жана окуя бүт дүйнөгө тарап кеткен. Симпсон америкалык атактуу спортсмен катары таанылып, кийин комментатор болуп иштеп жүргөн кезинде элди кызыткан окуяга кабылган. Дал ошол окуяны эстеп, мен шашпастан, англичандарга окшошуп каадаланып, акырын "Симпсон" деп жооп айттым. Ошо замат Бехруз суроо-жооп ушуну менен бүттү деп, сынакка катышканыма рахматын белдирди. Калган экөө да сыртынан байкатпаганга аракет кылышса да, жоопторго ынанганын жашыра алышкан жок. Бирок чечимди октябрь айынын аягына чейин аласың дешип, узатып коюшту.
Мен иштеген жериме барып, баарын төкпөй-чачпай айтып бердим. Офисте иштеген америкалыктар баш болуп, өтөсүң деп калышты. Үйдөгүлөргө келип айтып берсем, баары Лондон тууралуу кыялданышып, кубаттап кетишти.
Чынында эле октябрь айынын аягында менин атыма чакыруу жазылган кат, аны менен кошо Улуу Британиянын элчилигине Королеванын атынан жазылган ишке уруксаат берүүчү сертификат да келди. Аны алып, Алматы шаарындагы Улуу Британиянын элчилигине барып, керектүү процедуралардан өтүп, документтерди тапшырып, виза алууну күтүп калдык. Виза жана аны менен кошо үй-бүлө мүчөлөрүнө алынган авиабилеттер 1996-жылдын январь айында даяр болгону маалымдалды. Аларды элчиликтен алып, 1996-жылдын 22-январында Алматы-Лондон рейси менен Тумандуу Альбионго учуп кеттик. Жубайым Эльмира менен 12 жаштагы кызым Мээрим, бир жашка чыга элек уулум Медер болуп, төртөөбүз болчубуз.
Лондон бизди туман менен болбосо да, күн бүркөлүп турган кезде тосуп алды. Би-Би-Синин өкүлдөрү бизди такси менен жаңы келгендерге делген атайын Бюмонт Хаус аттуу мейманканага жеткиришти. Эртеси үй-бүлөмдү калтырып коюп, Лондондун ошо кезде так ортосунда жайгашкан Буш Хаус аты менен таанымал Би-Би-Синин Дүйнөлүк Кызматы жайгашкан ретро стилиндеги имаратка келдим. Мени тосуп алгандар Борбордук Азия Кызматы иштеген бешинчи кабатка узатып барышты. Жаңы кызматка алынгандардын арасында мен биринчиси да, акыркысы да эмес экенмин. Ал жерде ар биринин курамы ондон ашкан өзбек жана азербайжан кызматындагылар бар экен. Алардан тышкары Кыргызстандан бир кызматкер болуп Гүлнара Касмамбетова жана Казакстандан Сауле Мухаметрахимова Борбордук Азия кызматынын орус редакциясында бир жылдан ашык эмгектенип, бир топ тажрыйбалуу болуп калган болчу. Баары мени жылуу тосуп алышты. Кызматтын башында турган Бехруз Афаги өзүнчө кабыл алып, иштин кандай экенин, даярдык өтүү мөөнөтү болоорун, менден эмне талап кылынаарын, керек болгон учурда кайрылып турууну айтты. Андан кийин эски тааныштардай болуп, Хамид жана Голигорский менен сүйлөштүк. Ошондон кийин гана кызмат контракты түзүлүп, жаңы келген кызматкерлер эки жылга ишке алынаары, контракттын суммасы канча болоору, айлык акы кандайча берилеери түшүндүрүлдү. Тейлей турган банк атактуу Ллойдс банк экени айтылды.
Мейманканада бир жума жашап, андан соң Гүлнара "өзүңөргө ылайыктуу квартира тапкыча менинкинде жашап тургула" деп сунуш кылды. Анын жашаган жери Лондондун үчүнчү шакекчеси делген түштүк-батыш жагында экен. Метронун аты Баундсгрин эле. Көрсө ал жакта Би-би-сиде иштеген кызматкерлердин бир тобу жашап, районду жакшы билгендер көп экен. Гүлнараныкында бир жумача жашап, ошол эле метрого жакын жерде бир индус врачтын арендага тапшырган квартирасына айына 700 фунт төлөмөй болуп кирип калдык. Аны да атайын риелторлук агенттиктердин ортомчулугу менен тапса болот экен.
Ошентип Баундсгринде бир жыл жашап, Би-Би-Синин Кыргыз кызматын биринчи ирет эфирге чыгарып, бутуна тургузгуча жашап калдык. Ал квартирага бир далай таанымал кишилер да келип, алды бир нече күн жашап да, арты даам татып да кетти. Андайлардын арасында Кыргызстандын тышкы иштер министри болгон Аликбек Жекшенкулов, политехтин ректору Усубакунов, азыр белгилүү тарыхчы болгон Тынчтык Чоротегин ж.б. да болгон. Уулумдун тушоо тоюн да ошо үйдө өткөрдүк.
Алгачкы эки айда Би-Би-Си радиосу эмне экендигин, анын иштөө принциптери кандай болоорун, радиопродюсерлер кандайча иштөөсү керектигин түшүндүргөн сабактар да болуп, Ноттингем шаарындагы окуу базасына бардык. Ал кезде менден кийин Лондонго келишкен Венера Койчиева менен Арслан Капай уулу да кошулуп калган. Үчөөбүз үчүн иш жаңы болгондуктан, көп нерсеге кунт коюп, үйрөнүүгө аракет кылдык. Түшүндүрмөлөрдүн баары англис тилинде болуп аткандыктан, башка тилдеги кызматтарга келгендер менен талкуулашып да, аракет кылып жаттык. Казак редакциясына Даурен Кабдеш улы, Роза Кудабаева жана өзбек кызматына жаңыдан алынган Шахида Туляганова да кошулуп, бир ынтымактуу топту түздүк. Баарыбыздын ишибиз бирдей болгондуктан, колдоо да бийик деңгээлде болду. Кыргыз жана Казак редакциялары эне тилинде обого чыгыш үчүн үч ай тынбастан эмгектендик. Үч ай бою эки редакциянын курамы мекенибиздеги эфирге чыкпасак да, кадимки продюсерлерге окшошуп, 15 мүнөттүк программаны белгиленген убакытта эфирге чыгарууга аракет кылып, 5-6 саат даярдап, үйрөндүк. Кийин билсек, ошол биз даярдаган программалардын бир нечеси адистерге атайын угузулуп, пикирлерин угуу үчүн Кыргызстанга жиберилип турчу экен.
1996-жылдын 4-июнунда Кыргызстандын обосунда Лондон шаарынан чыккан кыргыз тилиндеги биринчи радиопрограмма эфирде жаңырды. Аны сапаттуу толтуруш үчүн даярдык абдан тыкандык менен жүргүзүлдү. Мага Кыргызстандын бийликтери менен байланышы бар деп, Президенттен куттуктоо жана каалоо сөзүн алуу тапшырмасы берилди. Ал кезде кыргыз президентинин мамлекеттик катчысы болуп мамилем жакшы болгон Ишенбай Абдразаков, ал эми басма сөз катчысы болуп мага тааныш болуп калган Каныбек Иманалиев болчу. Экөөнө тең байланышка чыгып, интервью тууралу суранычты айтсам, К.Иманалиев макулдугун берди. Ошентип кыргыз мамлекетинин башчысы менен маек эфирге чыкканга бир күн калганда жасалды. Анын эфирге Би-Би-Синин кыргыз тилинде чыгуусу менен куттуктоосу азыр да архивдерде сакталып турса керек. Каалоосун айткандан кийин президент: "Өзүнөр кандай турасыңар? Баары жакшыбы?",- деп сураган сөздөрү Батыштагы кыргыздардын турмушуна кызыгуусу чоң экендигин көрсөттү.
Дагы бир эфирге байланыштуу эсте калган окуя, 1997-жылы болуп, анда дүйнөлүк маалымат каражаттары Улуу Британиянын принцессасы Диананын өлүмүнө байланыштуу болду. Автоавариядан кырсыкка учурап, кокустуктун курмандыгы болгон Диана болгону 37 жашта эле. Анын турмушуна принц Чарльз менен ажырашкандан кийин коомчулуктун кызыгуусу абдан өсүп кеткен. Ошондуктан папарацилерден качууга аргасыз болгон Диана жеке турмушун коомчулукка көрсөтпөө максатында байкалбай жүрүүгө аракет кылчу. Бирок кырсык анын унаасынын айдоочусунун кетирген катасына байланыштуу болуп, Диана көз жумган. Бүт мамлекет, андан соң батыштын баары аза күтүп, Би-Би-Си радиосу окуяны баардык тараптан чагылдырууга күч үрөп жаткан. Кыргыз редакциясы да Диананын өлүмүн эфирде болгон факт жана коомчулуктун реакциясы кандай экенин көрсөтүү үчүн маалымат чогултканга киришти. Мен Лондондун чордонундагы негизги Аббат чиркөөсүнүн астындагы элге аралашып, алардын Дианага байланыштуу айткан сөздөрүн диктофонго жазуу үчүн бардым. Элдин ушунчалык капа болуусу чын жүрөктөн экендигин буга чейин көргөн эмес элем. Карапайым адамдардын келгендери көп болуп, баары кара кийинген. Бул окуя бүт улуттук трагедия деп айткандар көп болуп, абал оор сезилип турганы азыр да эсимен кете элек.
Кыргыз тилиндеги эле берүүлөрдү эфирге чыгарбастан, орусча дикциясы жакшы болгон Борбордук Азия кызматынын продюсерлери Орто Азиядагы орус тилдүүлөргө деп, орус тилиндеги программаны Бишкектин убактысы боюнча эртең мененки саат жетиде чыгарууга катышып турдум. Бир жума бир кызматтан бир продюсер түнкү сменге чыгып, жарым саатык программаны эфирге Лондон убактысы боюнча түнкү саат үчтө чыгарып коюп, анан үйүнө кетишчү. Мен да андай программаларга көп чыккандардын бири элем. Ишке кечки саат төрттө келип, ар кыл булактардан дүйнөлүк маанилүү жаңылыктарды топтоп, андан кийин регионалдык окуяларды талкуулаган маектерди даярдап, эфирге чыгарып турдук. Биринчи жылы андай программаны эки продюсер даярдап, чыгарып турса, экинчи жылы бир продюсер даярдаганга үлгүрүп калды. Эфирге чыккан маалыматтар абдан олуттуу маселелерди камтып, региондо кызыгууну туудуруп турчу. Программа бир эле кезде Орто Азияга жана Кавказ регионуна да чыгып, ошо жердеги абалды талкууга алып, окуяларды жана ага болгон реакцияны чагылдырып турган эле. Кийин бул программа эфирге чыкпай калганда Бишкектеги угармандар арасында бир топко чейин түшүнбөстүк болуп келди. Менин оюмча ошондой орус тилинде чыгып, эки маанилүү регионду камтыган радиоберүүлөр Би-би-сиде уланса, анын коомго кылган таасири да, пайдасы да бир топ болмок. Бул программа учурда актуулдуулугун күчөтүп, мезгил талабы болуп баратат.
Би-Би-Си радиосунун Кыргыз редакциясынын 1996-1998-жылдардагы продюсери Кубан Абдымен (Кубанычбек Таабалдиев)







