Би-Би-Си - Британиянын Кыргызстандагы эң чоң инвестициясы

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Би-Би-Си өзүнүн редакциялык саясатында бейтараптуулук принцибин бекем карманып келди. Ошол себептен Кыргызстанда утур-утур алмашкан бийлик менен мамилеси дайыма бир калыпта болду. Би-Би-Синин биринчи командасында иштеген журналист, жазуучу, азыр кыргыз президентинин кеңешчиси болуп иштеп жаткан Арслан Капай уулу Койчиевди кепке тартып, Би-Би-Синин кыргыз коомуна тийгизген таасири, ээлеген орду кандай деп сурадык.

arslan_koichiev

А. Капай уулу: Би-Би-Си уникалдуу телерадио кызматы, дүйнөнүн булуң-бурчуна, Азия, Африка, Ыраакы Чыгыш, Кытай, Латын Америкасы, Америка, Европа өлкөлөрүнө чейин маалымат тараткан жана агартуучулук милдетти аткарган уникалдуу уюм. Ага кыргыз тили да кошулуп, Би-Би-Синин кыргыз тилинде дагы маалымат таратканы биз үчүн башында жакшы окуя болду деп эсептейм. Себеби, биз буга чейин көбүнчө орус медиаларынын таасиринде болуп, ошолордун стандарты менен иштеп келдик.

“Азаттык” радиосу бар эле, бирок ал көбүнчө саясий окуяларга, маалыматтарга басым жасачу. Би-Би-Си жалаң эле маалымат таратуу эмес, ошол эле учурда агартуучулук милдетти аткарган уюм, ошондуктан ал кыргыз элине аң-сезимдин өсүшүнө, дүйнөгө көзүнүн ачылышына салым кошту деп эсептейм.

Би-Би-Синин өзүнүн урааны бар эмеспи, дүйнөлүк окуяларды жергиликтүү контекстке, жергиликтүү окуяларды дүйнөлүк контекстке алып чыгуу деген. Би-Би-Си аркылуу Кыргызстан дүйнөдөгү саясий эле эмес, башка дагы тренддерден кабардар болуп турду. Би-Би-Си өзүнүн ички аудиториясына, жалпы британдыктарга кандай кызмат кылса, башка элдерге дагы, анын ичинде кыргыздарга да да ошондой кызмат кылды.

Би-Би-Си: Кандай гана курч маселе болбосун, Би-Би-Си аны айланып же буйтап кеткен жок, баарын өзүнүн негизги принциптеринин бири бейтараптык менен чагылдырып турду. Ошол себептүү Кыргызстандагы бардык бийликтер менен мамилеси бир калыпта болуп келди. Би-Би-Сиде иштеп кеткенден кийин сиз азыр президенттин жанында иштеп жатасыз. Би-Би-Синин орду, мааниси бийлик тараптан кандай көрүнөт экен?

А. Капай уулу: Өзүңүз туура айттыңыз, Би-Би-Си окуяларды бейтарап чагылдырат жана ал үчүн жоопкерчиликти алат. Ал жерде он беш жыл такай иштеген киши катары мен анын көп аки-чүкүсүн көрдүм. Бул жагынан бизге дагы эле болсо өрнөк ала турган жактары көп. Мурда өзүңүз айткандай, бейтарап позиция, объективдүү чагылдыруу деп жатса, мен кетип аткан 2010-жылдары сапаттуу жаңылык жөнүндө катуу сөз болуп жаткан эле. Демек, элди агартып-көгөртүү үчүн сапаттуу жаңылыкты беришибиз керек экен. Коомдогу негизги жаңылыкты ылгап, коомдогу эртең боло турган тренддерди көрө билүүгө адамды түртүшүбүз керек экен. Көрсө, элдин жалпы билим деңгээлин көтөрүш керек тура сапаттуу жаңылык дегенде. Бул жагынан алып караганда, Би-Би-Си кыргыз бийликтери менен башынан эле бейтарап мамиледе болду. Ал эми Британиянын өзүндө дагы Би-Би-Си ушундай эле ролду аткарып атат. Мына ушул жагын аңдап кыргыз бийликтери Би-Би-Сиге эч кандай жолтоо болушкан жок, себеби Би-Би-Си өзүнүн иши аркылуу муну көрсөттү деп ойлойм.

Өтө эле ымалалаш болуп кетүү дагы опурталдуу, эгерде өтө ымалалаш болуп кетсе, британ коомунда дагы сынга кабылмак. Британ коомунда бийлик менен өтө ымалалаш болуп кетпөөгө жол бербеген механизмдер, ошол эле убакта араздашып кеткенге да жол бербеген механизмдер бар да. Ошол механизмдердин таасири кыргыз коомунда дагы иштеди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Президент Садыр Нургожоевич, бир-эки жолу байкап калдым, Би-Би-Синин жаңылыктарын объективдүү деп жактырат экен, бейтарап, жоопкерчиликтүү жаңылыктар деп. Ошентип, Би-Би-Синин жаңылыктары кыргыз коомунда бейтарап кабылданып атат. Бирок коомдо дагы талашып-тартышып олку-солку болбодукпу, бул батыштыкы экен, башканыкы экен деп. Жалаң оппозицияны сүрөөнгө алат экен, жалаң ушул бийликти жактап көшөкөрлөнгөн саясат жүргүзөт экен деп. Мына ушундай сындардан Би-Би-Си сырткары болду.

Би-Би-Си: Би-Би-Синин агартуучулук жагын айтып өттүңүз, ошондой эле ал кыргыз-британ маданий алакасын чындап, маданий көпүрө болуп да көп иштерди аткарды.

А. Капай уулу: Илгери Британияга иш сапары менен барган Медеткан Шеримкуловдун мындай деп айтканы бар. Кыргызстан менен Британиянын ортосунда инвестициялык алакалар башка коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу жогорку деңгээлге чыга алган жок, бирок Би-Би-Си жагынан жолдуу болду. "Британиянын Кыргызстанга салган эң чоң инвестиция Би-Би-Си болду" деген эле.

 Атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов дагы Би-Би-Синин кыргыз кызматына, башка кызматтарга да барып, берген интервьюлары алтын фондуга жазылып калды.

Үчүнчүдөн, маданий байланыштар демекчи, кыргыз коомуна маданий алакаларды, маданияты өнүктүрүүнүн өрнөгүн көрсөтүп жатат деп айтмакчымын. Кандайча? Мен мисал келтирейин.

Британ саясатында жүргөн үлкөн лөктөр, алптар жумуштан кеткенден кийин Би-Би-Сиге барып алып баруучу болуп иштешет. Мисалы, Британиянын мурдакы коргоо министри Майкл Портилло деген бар. Ошол Би-Би-Синин саякат жөнүндөгү программасын алып барып жатат. Британияда поездден поездке отүруп, ар бир шаардын өзгөчөлүгүн айтып, кантип саякатташ керектигин айтып, кандай пабка киргенин, кандай пиво ичкенине чейин, кандай элдин кандай салт-санаасы бар экенин айтып, бүтүндөй бир серияны алып барып атат. Бул дагы өрнөк.

Башка мисалды айтайын. Эки жылдай болуп калды го, Шотландиянын биринчи министри өзү баш болуп, жазуучу Шафактан интервью алып атат Би-Би-Синин студиясына келип. Бизде премьер-министр жазуучудан интервью албайт да, кокуй дейт, кадыр-баркы түшүп калчудай чочуйт. Мына бул жагы Би-Би-Синин британ коомундагы маданий ролун дагы көрсөтөт. Маданият менен саясаттын ортосундагы айкалышты көрөбүз. Би-Би-Си ушул жагынан дагы кыргыз коомуна өрнөк боло алат деп ойлойм.

Би-Би-Си көптөн бери кыргыз жазуучуларынын, анын ичинде менин дагы чыгармаларымды окутуп, жаздырып алып, радио китеп деген программаларды да чыгарып жатат.