Лондондон угулган кыргыз үнү

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Би-Би-Синин Лондондогу студиясында Гулнара Касмамбетова менен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Би-Би-Синин Лондондогу студиясында Гулнара Касмамбетова менен
    • Author, Алмаз Кулматов,
    • Role, тарыхчы

Би-Би-Си радиосунда моюндаш өскөн досторум, тигил же бул жагдайда интеллектуалдык чөйрөдө кызматташ, калемдеш болгон адамдарым иштеп калганга чейин Би-Би-Си десе эле бир тарыхый окуя эсиме келээр эле. Эми да кеп кылгым келет.

1940-жылы Франциянын өкмөтү (эли эмес, бийлик башындагылар) Германияга туруштук бере албай, багынганын жарыялайт. Бийликтин таймаш безээр, маӊдайы тайкы мындай чечимине макул эмес генерал Шарль де Голль Лондонго аттанат. 1940-жылы 17-июнда аны британ баш министри Уинстон Черчилль кабыл алат. Расмий өкмөтү турса бозгун генералды кабыл алуу Черчиллге да оӊойго турбаган, тобокел иш эле.

Башкасы бир теӊ, де Голлдун Би-Би-Си радиосунан тынымсыз кайрылуу жасап туруу өтүнүчүнө Черчилль, "Карасаӊ мунун дымагын, Би-Би-Сиден бозгун генерал бул эмес, ушул өлкөнүн өкмөт башчысы мен сүйлөгөндөн айбыгам. Эмнени сүйлөйт, кимге кайрылат, ким угат муну" деп үзөӊгүлөштөрүнө кобуранып, бир эсе жактырбаган түр көрсөтсө да ичинен баа берип, маӊдайына аскер авантюристи эмес, өзүнө теӊ болсо болоор, асты кем эмес, кара башын эмес, калкын ойлогон, журту гана эмес, дүйнө тагдырын чечүүгө дилгир жана жөндөмдүү улуу инсан келгенин илгиртпей байкап, макулдугун берет.

Черчилль да, де Голль да фашизмдин кесепетин алдын ала билген, экөө теӊ өз өкмөттөрүн алдыдагы коркунуч тууралуу эскерткен, бирок экөөнүн теӊ кебине бийлик башындагылар кулак салган эмес, кеӊешине текберлик кылган, бирок экөө эки державанын Германияга каршы согушунда кол башчылык, кыйын кезде журтка жол башчылык кылган, экөө теӊ согуштан кийин бийликтен кол жууган. Ошентип, эртеси, 18-июнда кечки саат сегизде де Голль Лондондогу Broadcasting House аталган таш имаратка баш багып, Би-Би-Си аркылуу туш-туштагы журтташтарына, Франция империясынын баардык жарандарына кайрылат. "Эркин Францияга чакырык" аталган бул кайрылуусунда келечектеги 5-республиканын президенти "Эркибиз майтарылбайт, эркиндиктин оту өчпөйт, салгылашабыз.

Би-Би-Си жамааты Айтматов менен

Бул Франциянын аймагындагы таймаш эмес, бул - дүйнөлүк согуш. Мен эртеӊ да сүйлөйм" деп ишенимдүү кеп кылат, ишеним жаратат, салгылашка үндөйт, жеӊишке үгүттөйт, мөгдүрөй түшкөн журтту намыска чакырат. Ушул тарыхый сөзү француз каршылык көрсөтүү кыймылын тутанып, кулач жайышына, кечээ эле багынып берген Франциянын жеӊүүчүлөр менен бирге жеӊүүчү катары отуруп, Германиянын, дүйнөнүн тагдырын чечкен, картасын чийген окуяларга теӊ ата мамлекет катары катышуусуна жол ачкан, өбөлгө түзгөн. Шарль де Голлдун Би-Би-Си аркылуу ар күнкү сөзүн француз саясатчысы, коомдук ишмери жана жазуучусу Эммануэль д'Астье кезегинде минтип сүрөттөгөн: "Ал адамзаттын миӊ жылдык жүгүн мойнуна көтөрүп жүргөнсүп, өз ысымын кылымдардан кийинки тарых барактарынан көргөнсүп сүйлөчү. Анын мындай маанайы, өжөр далалаты француз генийин шыктандырууга, француз элинин намысын ойготууга, анын улуттук жана тарыхый кудуретине кайрадан ээ болууга мажбурлоого арналганын эми даана түшүнө баштадым".

Би-Би-Си өз миссиясын аткарып келет, де Голль тарыхый миссиясын Би-Би-Си аркылуу аткара алган. Атаганат, мүлдө кыргыз Би-Би-Синин кенен мүмкүнчүлүктөрүн тагдыр чечүүчү учурларда колдоно албай келебиз.

Би-Би-Си кеңесеси

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эгер студент кезде тарыхый окуяларга байланыштуу гана Би-Би-Си тууралуу билип келсем, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинде, андан соӊ ар кайсы мамлекеттик кызматтарда иштеген кезимде маалымат булагы, коомдук пикирге таасир этүүчү, түркүн позицияларды чагылдырган канал катары Би-Би-Сиге чыккан маалыматтарга көӊүл бурууга, талдоого, эске алууга, эсептешүүгө туура келди. Ал кызматтык байланыш, иш милдети аркылуу мамиле эле. Би-Би-Синин менин тагдырыма тике таасири бар. Анткени эгемендиктин алгачкы жылдары дүйнөдөгү эӊ ири массалык маалымат корпорациясы Би-Би-Синин Кыргыз кызматы ачылып, анда бири да кесиби журналист эмес, бирок билимдүү, таланттуу, интеллектуалдык көрөӊгөсү бай, кыргыз журтчулугунун мыкты уул-кыздары сынактан өтүп, иштеп башташты. Ошол алгачкы карлыгачтардын катарында бизге англис тилин өз ыктыяры менен үйрөткүсү келип, көп аракет кылган, философиялык дискуссиялык клубда пикирлеш эжейим Гүлнара Касмамбетова, азыркы кездеги орошон жазуучу, окумуштуу-тарыхчы Арслан Капай уулу, тарых факультетинде бирге окуган кадыры артык курдашыбыз, аяшым Венера Койчиева ж.б. бар эле. Ал кезде чет мамлекетке азыркыдай байма-бай каттаганды койдук, тарыхын окуп, дүйнөдөгү эӊ кубаттуу империянын борбору деп билген, бирок өзүн көрө элек Лондондон эӊ жакын адамдарыӊ үн катып, добуш салып турса бир эсе сыймык, экинчиден экзистенциалдык, өзүмдүк, өзгөчө нерсе экен. Жубайым Ишекеева Элеонора да эки жылдай (1997-1999-ж) Би-Би-Синин Тажикстандагы окуяларды чагылдырган баяндамачысы болуп иштеди.

Кайталап окугуӊ келген китептер болот. "Де Голль и голлисты на пути к власти" деген китепти тээ студент кезде агайларыбыздын сунушу менен, сынакка даярданып окуган элем. 2008-жылы Нарын шаарында мэр кезимде ошол китепти да бир сыйра окугум келип, дал ошол де Голлдун Лондондон Би-Би-Си аркылуу кайрылуулары, салган добушу тууралуу бөлүгүн окуп жаткан кезимде, түнкү саат 3 чамасында Лондондон Арслан досум чалганы мен үчүн бир керемет окуя. Таӊкы саат 7 лерге чейин сүйлөштүк, шоокуму артык Нарын дарыясынын жээгине туруп сүйлөштүм ошондо Арслан менен. Тагыраагы дээрлик ал сүйлөп, көбүрөөк мен уктум. Кыргынга учурап, мисмилдирик аткан кайран элдин таалайына жаралган уулдары, намыс тууралуу эӊ сонун көркөм баян "Мисмилдирик" романынан урунттуу учурун окуп берип, ушундай чыгарма жазып жатканын кабарлап, менин пкиримди сурап чалган экен досум. "Лондондон Голль үн салып, алыстагы элине кайрылган жерди окуп жатканда Лондондон сен добуш каттыӊ, Голль элди намыска, күрөшкө чакырса, сен Лондондон намысты даӊктап, Голль сыяктуу кыргыз мыктыларын айтып чалдыӊ, досум" деп, китептин бетинен бери айтып, тарыхчылардын адатынча цитата келтиргенимди бир мертебе жакын теӊтуштарыма айтып берген элем. Эми удулу келгенде тагдырдын буйругу менен да бир ирет эстеп отурам ошол окуяны. Би-Би-Сиге тике тиешеси, Би-Би-Сиде иштегендерге байланыштуу, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын мааракесине карата эскерме баян болгондуктан аша чапкандык эместир деген илгери үмүт менен эстеп отурам.

Би-Би-Сиде таланттуу журналисттер иштеди, эми да иштеп жатышат. Билимдүү, тыӊ, дүйнө таанымы жана чыгармачыл жайыты кенен калыс, салмактуу кесипкөй журналисттердин улам жаӊы мууну пайда болуп, Би-Би-Синин аброюн арттырып, ишенимдүү, объективдүү маалымат гана эмес, билим булагы катары даражасына, наамына шек келтирбей иштеп келишет. Алар менен да ары калемдеш, ары сырдакана пикирлеш, кээде суроолоруна жооп берген саясатчы, кээде тигил же бул берүүдө эркин көз карашын билдирген автор катары иштешип келем. Кол үзбөй келем. Эски жана жаӊы муунга ийгилик каалайм. Би-Би-Синин булагынан суу ууртап калгандардын ичинен илкий баскан ыкшоосу жок. Мен алар менен кызматташканыма сыймыктанам жана ошол тагдыр буюрганына ыраазымын.