Би-Би-Си Кыргыз кызматына 25 жыл

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын кыргыз тилиндеги программалары 1996-жылдын 3-июнунан тартып обого чыгууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын кыргыз тилиндеги программалары 1996-жылдын 3-июнунан тартып обого чыгууда

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын Кыргыз кызматынын жамааты өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракесин белгилөөдө. Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын кыргыз тилиндеги программалары 1996-жылдын 3-июнунан тартып обого чыгууда.

Азыркы учурда Би-Би-Синин Кыргыз кызматы мультимедиалык платформада маалымат тараткан медиа жамаат катары динамикалуу өнүгүү жолунда баратат. Кыргыз тилиндеги радио программалар аптанын ар бир күнү үч жолу жарым сааттык форматта чыгат.

Би-Би-Синин кыргыз тилиндеги берүүлөрүн Кыргызстанда жана коңшулаш өлкөлөрдө жана интернет сайтынан угууга болот. Би-Би-Синин берүүлөрү Кыргызстандын өзүндө эң көп угулган чет элдик программалардын биринен саналат.

Гүлнара Касмамбетова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлнара Касмамбетова, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын редактору

Би-Би-Си угармандары күнүмдүк программаларга активдүү катышып, эл аралык, аймактык, өлкө ичиндеги окуялар боюнча түз эфир учурунда байланышып, пикирлери менен бөлүшүп турат.Би-Би-Си Кыргыз кызматы 2009-жылдын декабрь айынан баштап "Сапар" документалдык телевизиондук программасын чыгарууда.

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын теле жана радио берүүлөрү, анын ичинде аптанын иш күндөрү көрсөтүлгөн ТВ жаңылыктары жана бир айда бир чыгуучу документалдык "Би-Би-Си Сапар" программасы Кыргызстандын Коомдук теле-радио корпорациясы аркылуу таркатылат. Аларды Би-Би-Синин вебсайты: bbckyrgyz.com, YouTube каналында: BBC Kyrgyz жана "Фейсбук" менен "Твиттерде" окуп, угуп, көрүүгө болот.

Кыргызстанда жүргүзүлгөн сурамжылоо боюнча Би-Би-Си Кыргыз кызматынын теле жаңылыктарын ар жума сайын 3,1 миллион адам көрүп турганы аныкталды - бул өлкө калкынын жарымына барабар.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы Би-Би-Синин учурда Борбордук Азияга берүү уюштурган кызматтарынын ичинен жергиликтүү медиа шериги бар жападан-жалгыз кызмат болуп саналат.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы чейрек кылымга созулган ишмердигинде коомчулуктун көңүлүн бурган, коомдук саясатта өзгөрүүлөргө алып келген темаларды көтөрүп келди. Баш калкалаган үйү жок кишиден баштап, мөнгүлөргө аба ырайы эле эмес, адам баласынын ишмердүүлүгү да зыян келтиргени, теле-көрсөтүүлөрү жаш өзгөчөлүгү боюнча классификациялоо сыяктуу, элдин кызыкчылыгына төп келген берүүлөрү менен коомдук талкуулардын алдында келатат.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы - Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын курамына кирет.

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы ( ВBC World Service) радио, теле жана санарип форматында дүйнө жүзү боюнча окуяларды англис жана 28 башка тилдерде чагылдырып турат. Дүйнөлүк кызматтын бир апталык аудиториясы 2020-жылы 468 миллион кишиге жетти. Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын дагы бир бөлүгү -Би-Би-Синин англис тилин үйрөтүү бөлүмү дүйнөлүк аудиторияга англис тилин үйрөнүүгө шарт түзөт.