Т.Турдубаев: Би-Би-Си - журналисттик тагдырым

Сүрөттүн булагы, kaktus.media
Би-Би-Си радиосун мен алгачкы жолу мектепте окуп жүргөнүмдө, өспүрүм кезимде угуп баштагам. Ошол жылдары Би-Би-Си Орто Азия республикаларында обого орус тилинде чыгып турчу. Мен жогорку класстын окуучусу элем. Биздин үйдөгү чоң радиоприёмник кең диапазонду камтып, узун, орто жана кыска радио толкундарды жакшы тартып турчу.
Өзгөчө кечинде радио толкундар жакшы тарагандыктан биздин чөлкөмдө орус тилинде обого чыгып, бири-биринин артынан турна катар чубалжыган "Азаттык" ("Свобода"), "Америка үнү", Кытайдын эл аралык "Бээжин радиосу" жана Би-Би-Си кунт койсоң, уга турган эле деңгээлде кабыл алынып турган. Болгону, ашыкча маалымат алып алган советтик калк башын оорутпасын деп өз эли жөнүндө абдан "камкордук көргөн" совет өкмөтү аталган бардык радиостанциялардын үнүн басууга аракет кылчу. Ошол чет элдик радиостанцияларга тоскоолдук кылган атайын жабдуу тармактын жетекчиси мен аты-жөнүн кийинчерек, кайра куруу жылдары гана билген Некрасова айым болгондуктан, билермандар ошол тармакты "Некрасованын чарбасы" ("Хозяйство Некрасовой") деп атап койчу экен.
Советтик басма сөз ошол чет өлкөлүк радиостанцияларды жалпы-жонунан эле "душмандар үнү" деп ат коюшкан. Ошол кезде Коммунисттик партия менен совет мамлекетин Леонид Ильич Брежнев башкарып турган. Адатынча, кайсы гезит, радио же телевидение болбосун, анын аты-жөнүн атагандан мурда бир кулач кызматтарын, ардактуу наамдарын эсеп-чоттоп, андан кийин гана толук бойдон атын угузчу. Ошондуктан баягы "үндөрдү" угуп баштаганымда, ошол эле Би-Би-Си "жолдош Брежневдин" бир да ырасмий кызматын санап өтпөстөн, ал турсун атасынын атын да атап койбой, тек гана "советтик жетекчи Леонид Брежнев" дегени мени абдан таң калтырган.
Кийинчерек Би-Би-Си радиосунун уктурууларын аскердик учкучтар окуу жайында окуганымда, андан соң аскердик кызмат өтөп жүргөндө жоро-жолдошторум нөөмөтчүлүк кылган радиостанциялар, радиолокаторлук посттордо тынбай укчумун. Башка станциялардын уктурууларына караганда Би-Би-Си мени мыкты музыкалык уктуруулары жана советтик жарандарга эч көнүмүш болбогон бейтараптыгы, маалыматты эч кандай үгүт-насаатсыз эле, калыс бергени аркылуу тартты.
Бирок кантсе да Би-Би-Си радиосунда иштеймин, болгондо да анын кабарчысы болуп көптөгөн жылдар бою эмгектенем деп жети уктасам түшүмө кирген эмес.
Журналисттик кесибимди совет доорунда баштаганым менен, андан мурдарак да мага белгилүү болуп калган нукта иштешти каалайт элем. Анда басма сөз, радио жана телевидение Советтер союзунун бирдиктүү идеологиялык да тармагынын ажырагыс бир бөлүгү болгондуктан, ошол системанын чеңгелинде туруп, толук кандуу калыс макалаларды, материалдарды жазуу кыйын эле. Ошондуктан кесипте мени эң мурда башынан эле маалыматтык, жаңылык жанры өзүнө тартты. Аларды кантип жазуу керектигин мен ошол эле доордо үйрөнүшкө даалат кылчумун.
Ал кезде республикадагы бир нече гана негизги басылмалардын баш редакторлоруна чет элдик басма сөз, радиостанциялар жана телевидение тараткан жаңылыктар орус тилине которулуп, "Планета" аттуу жыйнак жабык түрүндө таратылар эле. Албетте, ошондой ар бир жыйнактын үстүндөгү оң бурчунда "Для служебного пользования» ("Кызматта пайдалануу үчүн гана") деген жазуусу бар болчу. Ошондой ажайып бир жыйнакты көрө коюп, кийин ал жарыкка чыккан сайын ошол кеңседен билгизбей ала кетип, тыкан окуп, анан ордуна коюп койчу элем. Кийинчерек ТАСС агенттиги менен да кызматташып, кабарлар, жаңылыктар кандай жазыларын үйрөнгөм. Айтор, Би-Би-Сиге келерден мурда эле эл аралык журналистика стандарттары, маалыматтын түзүлүшү жана тарых-таржымалы жөнүндө менде түшүнүк калыптанган. Ошентсе дагы Би-Би-Си радиосунда 18 жыл бою эмгектенүү менин журналисттик кесибимде чыныгы тагдырымдын өзүнө айланды...
"Вечерний Бишкек - Борбордук Азия жаңылыктары" маалымат агенттигинде адегенде кабарчы-котормочу, андан соң аткаруучу директор болуп иштеп жүргөнүмдө Би-Би-Си радиосунун Орус кызматы мага сунуш кылып, 1997-жылдын июнь айынан тартып орус тилинде кабарларды даярдап баштадым. Көп узабай эле Би-Би-Си радиосунун Борбор Азия жана Кавказ кызматынын Кыргыз редакциясынын улук продюсери Гүлнара Касмамбетова да мага кызматташууну тартуулады. Ошентип, Би-Би-Сиде мен башынан эле орус жана кыргыз тилдеринде иштеп калдым.
Биздин алгачкы кабарчылык түйүнүбүз кадимки эле көп кабаттуу имараттагы эки бөлмөлүү батирде жайгашкан. Ал жерде көп убакыт бою адегенде Кубат Чекиров менен бирге иштеп жүрдүк. Анан биздин кабарчылар тобуна Султан Жумагулов (Акторпок) келип кошулду. Ушул күнгө чейин биз, кесиптештер: "Эң мурда Кубат Чекиров түптөлүп, андан соң жер каймактаган, ошондон кийин гана Би-Би-Си Кыргызстанда обого чыгып баштаган" деп, тамашалап коёбуз.
Албетте, "Көч бара-бара түздөлөт" демекчи, Би-Би-Сидеги алгачкы жылдарда ошол доорго чак келген жупуну шарт, жөнөкөй жабдуу-шайман мүнөздүү эле. Ал кезде даяр болгон репортаждарды "мотобокс" деген аспап аркылуу телефон линиясынан жиберип турганбыз. Ал нечен жолу өз убагында өтпөй же үндүн сапатына коюлган талаптарга жооп бербей калып, ушунчалык түйшүк тартып жүргөнбүз. Ушул эле аспапты иштетүү өзгөчөлүгүнө байланыштуу бир нече ирет күйө турган да, күлө турган да окуялар болгон. "Мотобоксту" иштетерден мурда аны телефон линиясына туташтыруу кажет. Бул максатта кеңсебиздеги ошол кезде жападан-жалгыз телефондун зымы ал аркылуу радиодон кетчү материалды жиберүү үчүн алдын ала тазаланып, даяр турар эле. Бирок иш сапарда же деги эле кеңседен тышкары жерде болгон учурда андай материалдарды сырттан жөнөтүү керек болуп калчу. Мындайда "бейформал" байланыштар өзгөчө мааниге ээ болот эмеспи.
Бир жолу бийик деңгээлдеги иш-чараны чагылдырып жатып, даяр репортажымды ошол кездеги мамлекет башчынын ордосунан эле жөнөтүшүм керек болуп калды. Ошол жерде кызмат кылган бир айымдан анын телефонун пайдаланууга уруксат алдым да, дайыма жанымда жүргөн устараны чыгарып алып, дароо телефон зымын тазалап баштадым. Бирок мен байкабай калган бир салабаттуу жигит арт жагымдан келе калып, ошол замат колумду кыса кармап алды да, "Сиз бул жерде эмне кылып жатасыз? Сиз кимсиз? Документиңиз барбы?" - деп, суроолорду биринин артынан бирин жаадырды. Артынан шаша-буша жетип келген дагы бир кесиптеши экөө мени бир кыйла убакыт суракка алышты да, мен эмне кылып жатканымды түшүндүрүп, күбөлүк катымды көрсөткөнүмдө гана мени "боштондукка" чыгарышты...
Өтө эле жөнөкөй, анча-мынча иштетилип-урулган алгачкы компьютер кеңсебизге жеткирилгенде, кубанычыбыз койнубузга батпай калган. Бирок ошол шаттык менен бирге жаңы доордун тири укмуш жабдуусу бизге жаңы көйгөй-түйшүк да алып келди. Кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде чыккан Би-Би-Си радиосунун уктуруулары үчүн кабарларыбызды бир кеңседе эле эмес, жападан-жалгыз компьютерде даярдачу элек. Ошондуктан биз үчөөбүз турна катар тизмектелип, кезекке туруп алып, ошол компьютерди талашып иштечүбүз. Адаттагыдай, мага Кубат менен Султандан кийин гана кезек тийчү. Себеби мен кыргыз тилиндеги уктуруудан кийин, өзбек жана орус тилдеринде да кабарларымды жиберет элем.
Мен Би-Би-Синин Орус кызматы, ошондой эле Борбор Азия жана Кавказ кызматынын орус тилиндеги уктуруулары үчүн жаңылыктарды даярдап жүргөнүмдө, ошол жылдар дагы сүйлөмдөгү ар бир сөздү кантип кынаптап кураштыруу, болгондо да анын өтмө маанилери бир да инсанга, бир да саясий же коомдук уюмга терс таасир этип, тийип кетпешине маани берүү мектеби болду десем жаңылышпасмын. Ошол кезде биз тыгыз кызматташкан Роза Кудабаева, Марк Григорян кесиптештеримден ушул жаатта кайталангыс сабактарды алгам жана аларга абдан ыраазымын!
Ал эми өзбек тилин билгениме байланыштуу, Борбор Азия жана Кавказ кызматынын жетекчиси Хамид Исмаилов мага Өзбек кызматы үчүн да кабарларды даярдоону сунуш кылды. Ошентип, мен Би-Би-Синин Өзбекстан борбору Ташкент шаарындагы кеңсесине барып иштеп калдым. Адам баласы өмүр бою бир нерседен сабак алып, үйрөнүп турат эмеспи. Ошондуктан мен да ал жерден эң мурда өтө оор шартта, ачык да, тымызын да басым астында иштеп жаткан кесиптештеримдин кадырына жеттим. Сөз эркиндигин ооздуктоого тынымсыз аракет кылып жаткан бийликтин укуругу узун болсо да, кесиптештерим ошондой оор шартта кылы кыйшайбаган стандарт талаптарына жооп берген уктурууларды даярдап жатканына ушунчалык тан бердим.
Бир күнү Лондондон кайсы бир саясий маселе боюнча карапайым калктын ой-пикирин иликтеп, сурап-билүү жүргүзүңүз деген тапшырма алдым. Ташкендеги Комсомол проспектин бойлоп жөнөдүм. Жыйырма-отуз кишиге кайрылып, бир тирүү жан менин катаал суроолорума жооп бермек турсун, деги эле үн чыгарбай жатканын көрүп, шайым ооп калды. Жалдыраган бойдон кең көчөдө баратып, бул тапшырманы аткарышыма көзүм жетпейт. Бийликтин иш-аракеттерине абдан ыраазы болгондугун билдирген кишилердин ой-пикирлерин жазып алуу чоң маселе эмес. Бирок ошого тең салмактуу болгон бир да пикир айтылбай жатты. Бир маалда оропарамдан жапыс бойлуу, чүкөдөй чыпыйган, чачы кыска алынган ак көйнөкчөн бир карыя чыгып калды. Баягы эле суроону узатсам, ал күтүүсүз жерден токтоп калды. Анан Ислам Каримовдун бийлигине өтө сынчыл баа берип, "бул элдин мүдөөсүнө төп келе турган бийлик деп айтууга эч болбойт" деп жооп берди. Мен Ташкендин көчөсүндө турганыма да, ал киши мага ошентип жооп берип жатканына да, деги эле уккан кулагыма ишенбей жаттым.
"Өзүңүздү тааныштырып коёсузбу? Бирок бул эми шарт эмес, атыңызды айтпай койсоңуз да болот",-дедим.
Ал карыя аппак көйнөгүнүн төш чөнтөгүнөн кызыл күбөлүк катын чыгарып, мага көрсөттү. Эң кызыгы, ошол чыныгы баатыр киши КГБнын отставкадагы полковниги болуп чыкпадыбы!
Кесиптештеримдин бир тобу менен дал ошондо, Би-Би-Си радиосунун Ташкентдеги кеңсесинде иштеп калганымда тааныштым. Айрымдары менен ушул күнгө чейин дидарлашып көрүшө элекпиз. Анткени мен Лондонго барган эмесмин, алар болсо Бишкекке келген эмес. Ошентип, телефон аркылуу сүйлөшүп, радио уктурууларда үндөрүн угуп, сүрөттөрүн көрүп гана өздөрүн элестете берем.
Ушунча жылдар бою журналисттик кесипте биргелешип эмгектенгенибиз үчүн кадырлуу кесиптештерим Дилором Ибрахимова, Луиза Худайкулова жана Гулсевар Ризаева, Райхон Матякубова (азыр Деметри) жана Мустахкам Тангриёрова, Хамид Исмаилов, Бахтиёр Имомов, Пахлавон Тургунов жана Рустам Кобилов, Сирожиддин Толибов, Хайрулло Убайдуллаев, Оринбой Осмон, Ибрат Жумабоев жана Шодиёр Эшаевге, Алматыда бирге иштеген урматтуу кесиптешим Данабек Бименовго абдан ыраазымын.
Алыстагы Лондондо болсо да, көп жылдар бою жакындан жардамы менен кеп-кеңештерин үзбөгөн, Кыргызстанга жана жалпы эле Борбор Азияга келгенде биз таанышып калган кесиптештерим Йоханнес Делл, Фирдевс Робинсон, Моника Уитлок жана Кэтрин Дэвис дайыма эсимде. Сиздерге албан-албан ийгилик каалаймын, дайыма аман-эсен болгула, азиз кесиптештерим!
Мен Өзбекстанда, кийинчерек Казакстанда иштеп, бир нече жолу Би-Би-Си өзүнүн кабарчылары үчүн өткөргөн окуу-трениңдерге барганымда, дүйнөнүн канчалык кең жана түрдүү экендигине ого бетер ынандым. Себеби башка жерде жана башка учурларда мүнөзү, диний жана саясий көз караштары, илим-билими, ал турсун кийген кийими жана үрп-адаттары ушунчалык түркүн кишилер топтолушун элестетүү өтө кыйын...
Саясат демекчи, Кыргызстанда эки жолу - 2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде - бийлик алмашканы өзгөчө жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын айрыкча жаш журналисттери үчүн зор сыноо болду көрүнөт. Анткени бир басылма ошондогу тигил же бул окуяны "төңкөрүш" деп сыпаттаса, экинчиси "революция, ыңкылап" деп мүнөздөйт. Айрым журналисттер гана эмес, бүтүндөй басылмалардын да саясий багыты, "кожоюндары" ким экендиги оркоюп көрүнүп калат эмеспи. Албетте, мындай кыйчалыш мезгилдерде калыстыктан тайбайм деген ар бир кабарчыга Би-Би-Синин кебелбес стандарттары - ишенимдүү тирек. Мага өзгөчө ошондой учурларда жаш кесиптештер кайрылып, "Агай, айтыңызчы, чыныгы элдик революция деп 24-мартты айтабызбы же 7-апрелдиби?"- деген суроо берип калышчу. А чынында, бул маселенин үстүндө дал ушул өңүттөн баш катыруунун кажети жок. Себеби, ошол эки окуяны тең бир таразага салуу кажет. Кайсынысын алба, анын ар бирин "төңкөрүш" десең, ошол төңкөрүлгөн бийликтин тарапкери, жеңишке жеткен бийликтин душманы болдуң да, калдың. Тескерисинче, "революция" деп мүнөздөсөң, анда кеткен бийликтин душманысың да, жаңы бийликтин тарапкерисиң. Ошондуктан, мындай учурларда андай карама-каршы окуяларга эч кандай мүнөздөмө бербестен, тек гана «бийлик алмашуу» деп бейтарап сөздөрдү колдонуу керек. Кесиптик тажрыйбасы али ашып-ташып кете элек журналисттерге да мына дал ушундай таризде кеңеш берип калам.
Аргасыздан бир насааттуу ыкая эске түшөт. Кытайдын Франциядагы бир дипломаты Бастилияны кулатуу тарыхый күнү болгон 14-июл күнү ырасмий Париждин өкүлдөрү менен учурашып калат да, алардын бири кытайлык дипломаттан: "Сиздин бул окуяга болгон мамилеңиз кандай?" - деп сураптыр. Анда Кытайдын өкүлү: "Азырынча баа берүү кыйын, ал окуядан болгону эки жүз жыл өтпөдүбү", - деп жооп берген экен.
Журналисттик кесипте мен дээрлик 30 жыл эмгектенсем, 18 жыл Би-Би-Си радиосунун өзүндө гана иштедим. Тарых үчүн бул бир гана көз ирмем, ал эми жеке адамдын өмүрүндө кайталангыс доор, айтып бүтпөс тагдыр.
"Туз насип кылып, тагдыр буюрду" дегендей, ушул кесиптик жолумда Кубат Чекиров менен Султан Жумагулов, Гүлнара Касмамбетова, Акчолпон Койчиева менен Арслан Койчиев, Тынчтыкбек Чоротегин, Надыр Момунов жана Жыпарбек Абдразаков, Ибраим Нуракун уулу, Айбек Абдылдаев, Чолпон Бекболотова жана Назгүл Коңурбаева, Сагын Алаева, Айнара Касмамбетова жана Айзатбек Бешов, Чынара Касмамбетова жана Венера Койчиева - айрымдары узак жылдар бою, башкалары кыска мөөнөт мага сапарлаш, катарлаш болушту.
Азыркы учурда Би-Би-Сиге соңку муун өкүлдөрү келип, Азиза Марат кызы, Сапаргүл Абдинабиева, Руфат Эргешов жана Абдыбек Казиевдин үндөрүн ободон угуп жүрөбүз. Кесиптеги сапарыңар байсалдуу болушун чын ыкластан тилеймин!













