Синвардын өлүмү ХАМАС үчүн чоң сокку, бирок бул согуштун соңу эмес
Жереми Боуэн, Би-Би-Синин эл аралык редактору

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Яхья Синвардын өлүмү Израилдин ХАМАС тобуна каршы Газа секторундагы согушунун чоң жеңиши болуп калды.
Анын өлүмү уюм үчүн оор жоготуу болду. Синвар согуштук кубаты аркылуу Израил мамлекетин тарыхындагы чоң жеңилүүгө дуушар кылганы менен белгилүү.
Ал атайын даярдыктагы аскерлердин пландалган операциясында эмес, Газанын түштүгүндөгү Рафахта израил аскерлери менен капыстан бет келген кагылышууда өлтүрүлдү.
Окуя болгон жерде тартылган сүрөттөрдө израил танкынын огу тийип кыйраган имараттардын урандыларынын арасында формачан Синвардын сөөгү жатат.
Израил армиясы анын, акыркы мүнөттөргө чейин согушканын көрсөткөн, дрондон тартылган кадрларды жарыялады.
Тасмадан жарадар болгон Синвар бөлмөнүн ичкери жагынан эки граната ыргытып, өлтүрүлөр алдында дронду таяк менен чабууга аракет кылганын көрүүгө болот.
Бул капилет беттешүү болгон. Адегенде алар кимди өлтүргөнүн билген эмес.
Кийин жоокерлер өлгөн адамдын Синварга окшош экенин байкашкан.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жоокерин мактап, бул кандай гана чоң жеңиш болбосун, согуштун соңу эмес экенидигин баса белгиледи.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Бизге ким зыян келтирсе анын аягы эмне болорун бүгүн аларга так түшүндүрдүк. Биз бүгүн дүйнөгө жакшылык жамандыкты жеңе турганын дагы бир жолу көрсөттүк. Бирок согуш дале бүтө элек. Бул бизге оңой эмес жана кымбат",- деди ал.
"Биз дагы чоң сыноолордон өтүшүбүз керек. Бизге чыдамкайлык, биримдик, каармандык жана туруктуулук керек. Биз бир муштум болуп согушабыз жана жараткандын жардамы менен биз жеңебиз",- деп кошумчалады.
Нетаньяху жана Газадагы согушту жактаган израилдик көпчүлүк бул жеңишти күтүп турган.
Биньямин Нетаньяху согуштун башкы максаты – ХАМАС тобун аскердик жана саясий күч катары жок кылуу жана израилдик туткундарды үйлөрүнө кайтаруу экенин көп жолу кайталаган.
42 миңдей палестиналык өлүп, Газанын көп бөлүгү урандыга айланып, согуш бир жылдан ашуун убакытка созулганына карабай, Изираилдин биринчи максаты дагы, экинчи максаты дагы орундалган жок.
Согушкерлердин колунда калган туткундар али бошой элек, а ХАМАС кармашын улантып ал тургай кээде Израил аскерлерин да жок кылууда.
Синвардын өлүмү Израил каалаган жеңиш болду. Бирок азырынча Нетаньяху согушта койгон башка максаттар орундалды деп айта албайт.
Яхья Синвар ким болгон?
Яхья Синвар 1962-жылы Газанын Хан-Юнистеги лагеринде төрөлгөн. Алты күндүк согушта Израил ал шаарда ээлеп алганда Синвар беш жашта эле.
1948-жылы согуш учурунда Израил өз аскерлери менен 700 миң палестиндикти өз үйлөрүнөн кууп чыгып же качууга аргасыз кылып, эгемендигин алган кезде Синвардын үй-бүлөсү ошол качкындардын арасында болгон.
Анын үй-бүлөсү Газа секторунун түндүк чек арасынан алыс эмес жайгашкан азыркы Ашкелон деп белгилүү болгон шаардан Хан-Юниске жер которгон.
Синвар 20 жашында палестиналык төрт тыңчыны өлтүргөн деп Израил бийлиги тарабынан күнөлүү деп табылган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
22 жыл ал түрмөдө жатып ивритти өздөштүрүп, өз душмандарын ийне жибине чейин билип, аларга каршы кандай күрөшүү керектигин түшүнгөн.
Израилдин Коопсуздук кызматтарында анын ДНКсы жана тиштери тууралуу анализдер болгон.
Синвар 2011-жылы израилдик аскер Гилада Шалитага алмашылган камактагы миңден ашык палестиналык менен чогуу бошоп чыккан.
Былтыр 7-октябрда Синвар жана анын тобу Израилге карай өтө кылдат паландалган чабуулдардын сериясын уюштуруп, Израилди өз тарыхындагы чоң жеңилүүгө жана азыркыга чейин залалдары сезилген коомдук көйгөйгө кириптер кылган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1200дөй израилдиктин өлтүрүлүшү, эки жүздөн ашык адамдын барымтага алынышы жана бул окуяларды душман делгендердин майрамдоосу көптөгөн израилдиктерге Холокостту эске салды.
Синвардын туткундарды алмашууну өз башынан өткөргөн өтмүшү ага адамдарды барымтада кармоо экинчи тарап менен эсептешүүдө олуттуу рычаг болуп берет деп ынанса керек.
ХАМАС тобунун барымтасында жаткан израилдиктердин жакындары бир жылдан бери Тель-Авивде митинг өткөрүп, Израил өкмөтүнөн туугандарын үйүнө кайтаруу үчүн ХАМАС менен сүйлөшүүгө барууну талап кылып келишет.
101 адам дале барымтада, бирок Израил бийлиги алардын жарымы өлгөн болушу мүмкүн деп божомолдойт.
Матан аттуу барымтага алынгандардын биринин апасы Эйнав Зангаукер Израилдин премьер-министрине кайрылып: "Нетаньяху, барымтадагыларды тирүүлөй көмбө. Тезинен ортомчуларга жана коомчулукка кайрылып, Израилдин жаңы демилгесин сунушта", – деген.
"Менин Матаным жана Газа туннелдериндеги башка барымтачылар үчүн убакыт бүттү. Жеңишиңердин сүрөттөрү барбы? Жок болсо келешимге баргыла!"
"Эгерде Нетаньяху согушту токтотуунун тараза ташы анын колунда турганына карабай, учурдан пайдаланып Израилдин жаңы демилгесин көтөрбөсө – бул анын бийлигин бекемдөө үчүн барымтадагылардан баш тартып, согушту атайлап созгонун билдирет. Баары аман кайтып келмейинче багынбайбыз".
Көптөгөн израилдиктер Нетаньяху согушту атайын созуп жатат дешет. Мунун артында Яхья Синвар жана анын согушкерлеринин Израилге чабуул коюусуна жол берген коопсуздук жаатындагы катачылыктар жана коррупциялык иштер үчүн жооп берүү маселеси турушу мүмкүн.
Нетаньяху ушундай жол менен Газадагы согушту созуп, өзүнө тагыла турган олуттуу айыптар боюнча сот процессинин башталышын белгисиз мөөнөткө жылдырууда деп болжошот.
Нетаньяху болсо айыптоолорду четке кагып, ХАМАС тобун "толук жеңүү" гана Израилдин коопсуздугун калыбына келтирет деп ишендирүүдө.
Башка маалымат каражаттары сыяктуу эле Би-Би-Сиге дагы сейрек учурларды жана аскердик тыкыр көзөмөлдөгү сапарларды эске албаганда, Газа тилкесинин чек арасынан өтүүгө уруксат берилбейт.
Синвардын мекени болгон Хан Юнустеги урандыларынын арасында жүргөн жергиликтүү кабарчылар палестиналыктардын пикирин укту. Алар салкын кандуулук менен бул согуш дагы да улана берет деп кесе жооп беришти.
"Бул согуш Синвардан да, Ханиядан да, Машалдан да – кайсы бир жетекчи же чиновниктен көз каранды эмес", – дейт доктор Рамадан Фарис.
"Бул согуштун максаты Палестина элин кырып жок кылуу. Муну баарыбыз билебиз жана түшүнөбүз. Маселе Синвардан же башка бирөөдөн алда канча терең".
"Алар бизге эле [Палестин аймагы] эмес, бүткүл Жакынкы Чыгышка ээ болууну каалашат. Алар Ливанда, Сирияда жана Йеменде согушуп жатышат. Бул 1919-жылдан бери, 100 жылдан ашуун убакытка созулган биз менен жөөттөрдүн ортосундагы согуш", - дейт Аднан Ашур.
Газада согуш уланууда. Анклавдын түндүгүнө урулган соккудан кечээ эле 25 палестиналыктын набыт болгону кабарланды.
Израил ХАМАСтын командалык борборуна сокку урдук деп ишендирүүдө. Жергиликтүү оорукананын дарыгерлери алар дарылаган жарадарлардын арасында жөн жай тургундар көп экенин билдиришти.
АКШ Израилден Газага көбүрөөк азык-түлүк жана гумжардам киришине уруксат берилиши керек, болбосо аскердик колдоону токтотобуз деп коркуткандан кийин Газага гумжардам жеткириле баштады. (AK/SA)











