Израил Газанын түндүгүн тозокко айландырды
Жереми Боуэн, Би-Би-Синин эл аралык редактору

Сүрөттүн булагы, AFP
Израил Газанын түндүгүндө аскердик операциясын күчөттү. Жабалиядгы азык-түлүк тараткан борборго Израил абадан сокку уруп, кеминде он адам каза тапты, ондогондор жарадар болду. Буга чейин Газанын түндүгүндөгү Ал-Акса ооруканасы бомбаланган болчу. Жер которгон палестиндер чатырлардан күн кечирүүдө. Израил Газанын түндүгүндөгү бардык жашоочуларды мажбурлап чыгарууну баштаганы айтылууда.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Бул Эрез өткөрмө бекети. Ал Газага өтчү негизги чек ара бекети болчу.
Бекет былтыр 7-октябрда Хамас кол салган учурда талкаланган бойдон жатат жана Израил сыяктуу ал да жылган жок.
Израил армиясы Газага басып кирип, чабуулга өттү. Алар "Хамасты" жок кылып, барымтадагыларды бошотобуз деген максатына дагы деле жете элек.
Израил журналистерди Газага киргизбейт. Кээде гана армиянын коштоосунда гана уруксат бериши мүмкүн. Биз дубалдын бери жагынан туруп кырдаалды көрүүгө бардык. Жада калса аскердик аймакка баруу да кыйын.
Агенттиктердин айтымында, Израил Газанын түндүгүн "жашоого жараксыз" кылууда.
Конфликт башталгандан бир жыл өттү, Израилде нааразылык болууда. Ал эми туңгуюктан чыгуу боюнча жаңы идеялар талкууланып жатат. Алардын бири - Газанын түндүгүндө аскердик кысымды кескин күчөтүү. Ал жерде "Хамастын" согушкерлери гана эмес, төрт жүз миңдей тургун жашап жатканын БУУ билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Газанын ичинде, мен турган жерден бир нече чакырым алыстыкта, Израил армиясынын буйругунан улам палестиналыктар Жабалия лагеринен качып чыгууга аргасыз болушууда.
Ал "Генералдардын планын" ишке ашырып жаткандай көрүндү. Ага ылайык, биринчи баскычта, урандылар арасында жашап жаткан жарандар мажбурлап чыгарылат.
"Бизге Фалужа мектебинен кетүүгө беш мүнөт убакыт беришти. Кайда барабыз? Газанын түштүгүндө өлтүрүүлөр болууда, батышында болсо алар адамдарга ок чыгарууда. Кайда барабыз? Оо Кудай! Жалгыз үмүтүбүз Кудай",-дейт палестин качкындарынын бири.
Израилде ошол планды ойлоп тапкан пенсиядагы бир генерал "эгер армия планды толук аткарса, кетпейм деген жай тургундардын баары өлтүрүлөт" дейт.
"Биз төмөнкү кадамдарга барабыз. Газанын түндүгүндө жашап жаткан үч жүз миң тургунга аймактан кетүү тууралуу буйрук берип, аларга он күн убакыт беребиз. Ал үчүн Израил армиясы коопсуз корридор түзүп берет. Андан кийин, ошол аймактын баары аскердик аймакка айланат. Ал жерде калган бардык Хамастын адамдары, мейли алардын кээ бирлери согушкерлер же жөн жай тургундар болобу, алардын эки жолу бар; колго түшүшү керек же ачкадан өлөт",-деди Гиора Эйланд, Израилдин армиясынын отставкадагы генералы.
Кээ бирлерин жолдо баратканда атышкан. Бул видео тартылгандан бери Израил Жабалия лагерин жаап, миңдеген адамдар азык-түлүксүз жана башка каражаттары жок курчоодо калганын гумжардам агенттиктери кабарлашты.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Жабалияда ооруканалар бомбаланып, генераторлордун күйүүчү майы түгөнүп баратканын дарыгерлер айтууда.
Дана учурда Газанын түштүгүндөгү ооруканада апасы Ум Амар менен коопсуз.
"Балдарды бомбалоо качанга чейин созулат? Араб өлкөлөрү кайда? Сауд Арабиясы кайда? Эмне үчүн эч ким бизди колдобойт? Күнөөбүз эмне? Бизди кеткиле дешти, бирок эч ким балдарыбызды коргобойт",-дейт Дананын апасы.
Анын жалгыз жообу - ок атышууну токтотуу. Бирок ага жетүү мүмкүн эместей.
Израилден туруп, мен Газанын ичиндеги БУУнун өкүлү менен байланыштым.
"Арадан бир жыл өтүп, дүйнөдөгү кээ бир адамдар Газада болуп жаткан окуяларды нормалдуу көрүнүштөй карап калыштыбы?
"Кийин журналистер келип, кыйроонун масштабын көргөндөн кийин ал үчүн кандайдыр бир деңгээлде өкүнөбүз. Анткени абал чынында жүрөк оорутат... аябай үрөйүңүз учат",-дейт Сем Роуз, БУУнун Жакынкы чыгыштагы палестиндик качкындарга жардам көрсөтүү агенттигинин өкүлү.
Газанын чек арасынын жанында 1948-жылкы Израилдин көз карандысыздык үчүн согушуна арналган эстеликтер бар. Ошондо аймактан 700 миңден ашуун палестин качып чыгууга аргасыз болгон эле.
Израилдин өкмөтүндөгү радикал улутчулдар Газанын түндүгүндөгү палестиналыктардын ордуна жөөттөрдү көчүрүп келүүнү көздөп жатышат. (КC)












