БУУ Израилден Батыш жээктеги аскердик операцияларды токтотууну талап кылды

Израилдин Батыш жээктеги аскердик операциялары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш Израилди Иордан дарыясынын Батыш жээгинде жүргүзүп жаткан аскердик операцияларын тезинен токтотууну талап кылды.

Гутерреш Жакынкы Чыгыштагы ансыз да чыңалуунун күчөп жатканына токтолуп, Израилдин операциясы аймактагы абалды ого бетер курчутуп жатканын айтты.

Кабарларга караганда, израилдик аскерлер Тубастын жанындагы аль-Фара качкындар лагеринде Палестинанын Кызыл Жарым Ай коомуна таандык медициналык борборго кирип, кызматкерлерге катаал мамиле жасаган.

Медициналык борбордун айтымында, израил аскерлерлери мекеменин директорун сабап, имараттын ичинде ок чыгарышкан.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсеси Израилдин аракеттерин кескин айыптап, алар эл аралык мыйзамдарды бузуу менен операция жүргүзүп жатканын билдирди.

Израилдин чабуулунан качкан палестиналык аялдар балдары менен Кызыл Жарым Айдын кызматкерлерине корголоп турат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдин чабуулунан качкан палестиналык аялдар балдары менен Кызыл Жарым Айдын кызматкерлерине корголоп турат

Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Катц өлкөнүн армиясы "Женин жана Тулкарм качкындар лагерлеринде орун алган террордук инфраструктураны жок кылуу үчүн бар күчүн жумшап жатканын" маалымдады.

"Бул согуш жана биз аны жеңишибиз керек", – деди Катц

Израилдин X социалдык тармагындагы фарсча аккаунту Нур аш-Шамс тобунун башчысы Мохаммад Жабер Абу Шужа Тулькарм шаарындагы мечиттердин биринде өлтүрүлгөнүн жарыялады.

Палестина бийлигинин басма сөз катчысы Набил Абу Радина Израилдин Батыш жээктеги аракеттерин "элибизге, өлкөбүзгө жана ыйык жерлерибизге каршы ар тараптуу согуштун уландысы" деп билдирди.

Ал Палестинага каршы согушту улантууда Израилге жардам берип жатат деп АКШны айыптап, бул өлкөнү "зомбулуктун күчөшүнө жооптуу" экенин айтты.

Израил аскерлери Батыш жээкке бульдозер жана атайын техникалар менен кирип келип, көптөгөн инфраструктура жана имараттарды талкалап салды. Бир нече жай тургундун көчөдө токтоп турган унаалары талкаланган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израил аскерлери Батыш жээкке бульдозер жана атайын техникалар менен кирип келип, көптөгөн инфраструктура жана имараттарды талкалап салды. Бир нече жай тургундун көчөдө токтоп турган унаалары талкаланган

Палестина буга чейин жөөт аскерлеринин Батыш жээктеги ири аскердик операциясынан кеминде 11 адам набыт болгонун кабарлаган. Кийин башка сандар жарыяланды.

Израил армиясы Палестинанын төрт шаарын – Женин, Тулкарм, Наблус жана Тубас бир эле убакта бутага алган.

Израил ошондой эле Иранды Батыш жээкте экинчи фронт ачууну көздөп жатат деп айыптап, аскердик операциянын максаты "терроризмге каршы күрөшүү" экенин айткан.

Израилдин бул операциясынан кийин Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббас Сауд Арабияга сапарын токтотту.

Израил 1967-жылы Чыгыш Иерусалим, Батыш жээк, Газа жана Голан дөңсөөлөрүн оккупациялап алган. 1980-жылы Израиль Чыгыш Иерусалимди, 1981-жылы Голан дөңсөөлөрүн аннексия кылган. Бирок дүйнөнүн көп өлкөлөрү азыркыга чейин бул жерлерди Израилдин аймагы катары тааныбайт (SA)