Нобель сыйлыгынын лауреаттары, Facebook үзгүлтүккө учурады
Нобель сыйлыгынын физиология жана медицина боюнча жаңы лауреаттары

Сүрөттүн булагы, EPA / REUTERS
Нобель сыйлыгы физиология жана медицина тармагы боюнча америкалык молекулярдык биологдор Дэвид Жулиус менен Адем Патапутянга ыйгарылды.
Стокгольмдогу Каролин институнун Нобель комитети дүйшөмбүдө тараткан маалымат боюнча, аталган окумуштуулар сезүү жана терморецепторлорду изилдөөдөгү ачылыштары үчүн лауреат болуп калышты.
Комитеттин чечиминде Нобель сыйлыгынын жаңы лауреаттары температура менен басымды сезүүгө мүмкүндүк берген нервдик импульстарды жандантуу механизмдерин табышканы айтылат. Бул процесстер адамдын айлана чөйрө менен болгон мамилесинин негизинде жатат жана жашоо үчүн алар абдан зарыл.
"Бул жаңы ачылыштар нервдин жылуулукка, суукка жана механикалык таасирге кандай реакция берерин түшүнүүнү ыкчам кеңейтип, интенсивдүү изилдөө ишмердигинин башталышы болуп калды. Лауреаттар биздин сезимдер менен айлана чөйрөнүн ортосундагы өз ара татаал кыймыл аракеттин түшүнүүдө жетишпей келаткан жагын табышты", - деп баса белгилейт комитет.
Facebook, Whatsapp жана Instagram кайра иштеп калды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Facebook компаниясынан айтышкандай, Facebook, Whatsapp жана Instagram социалдык тармактарынын иши дээрлик алты саатка созулган үзгүлтүккө учурагандан кийин кайра иштей баштады.
Компаниянын билдиришинче, туура эмес жөндөөлөр үзгүлтүккө себеп болгон.
Аталган үч тармактын баарына Facebook ээлик кылат жана алардын баары веб сайт аркылуу да, телефон колдонмосу аркылуу да иштебей калган.
Иштебей калган учурларга көз салган Downdetector сайтынан маалымдашкандай, бул алар күбө болгон эң ири бузулуу. Дүйнө жүзү боюнча 10,6 млн жолу көйгөй жаралганы билдирилген.
Социалдык тармактардын иши Бишкек убактысы боюнча 4-октябрь күнү кечки саат 9дан тарта үзгүлтүккө учурап, алты сааттан кийин кайра калыбына келе баштаган.
“Сайттар иштебей калган учурда бир дагы колдонуучунун маалыматы ачыкка чыкпаганын” Facebook шейшемби күнкү билдирүүсүндө айтты.
Дүйшөмбү күнү кызматтар иштебей калганы үчүн Facebook кечирим сурап Twitter барагында жазып чыкты.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Мындай чоң масштабда жана узак убакытка сайттардын иштебей калган учурлары сейрек кездешет. 2019-жылы Facebook жана анын башка колдонмолору дүйнө жүзү боюнча 14 сааттан ашуук убакытка чейин иштебей калган эле.
Социалдык тармактардын иштебей калышы Facebook компаниясынын мурдагы кызматкеринин интервьюсунан кийин болууда.
Аталган компаниянын мурдагы кызматкери Франсес Хауген CBS телеканалына жекшемби күнү билдиргендей, Facebook “коопсуздукка караганда өнүгүүгө” артыкчылык берет.
Шейшемби күнү Хауген АКШ Сенатынын алдындагы “Балдарды интернетте коргоо” деп аталган комитетте көрсөтмө берет. Уктуруу компанияга таандык Instagram сайтынын жаш колдонуучулардын менталдык саламаттыгына тийгизген таасири жөнүндө болмокчу. (EA)
АКШ Сенаты Facebook угууларын баштады
Facebook компаниясынын ички маалыматын ачыктаган Френсиз Хауген АКШнын Коммерция комитетининин Керектөөчүлөрдү коргоо, Өнүмдүн сакталышы жана Берилиштер коопсуздугу субкомитетинде көрсөтмө берүүдө. Угуулардын аталышы – Балдарды онлайнда коргоо. Ал Facebook’тун мурдагы продакт менежери. Жекшембиде CBS’ке берген маегинде компания бир нече ирет “өсүүгө коопсуздуктан маанилүү” артыкчылык бергенин айткан. (CS)

Сүрөттүн булагы, Official
Бишкекте түнкүсүн жарык өчүрүлбөйт
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бишкекте түнкүсүн жарыктандыруу өчүрүлбөй турган болду. Бул тууралуу “Улуттук энергохолдинг” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Кыргызстанда өткөн жумадан тарта электр энергиясын үнөмдөөнүн жаңы тажрыйбасы ишке ашырылып жаткан. Тактап айтканда, кечки саат 7ден 00:00гө чейин кафе-ресторан, мончо, парктагы жарнама жана көчөдөгү жарыктарды өчүрүү рейддери жүргөн болчу.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрдан баштап орточо суткалык үнөмдөө күнүнө 400-500 миң кВт саатты түздү.
Бишкектеги коомдук жайларда, көчөлөрдө түндөсү жарыкты өчүрүп, караңгы бойдон калтыруу коомчулукта кылмыштуулукка алып келбейби деген чочуулоолорду жаратып жаткан. Мындай талаш-талкуулар коомдук сайттарда да кызуу талкууланып жаткан.
Кыргызстанда быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,295 млрд кубометрди түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 2,9 млрд кубометрге аз болууда.
Эгер суунун көлөмү кышында 6 млрд кубометрге түшсө, ГЭС иштебей калат. Андыктан кыргыз өкмөтү энергияны үнөмдөө чараларына өтө баштады. EK











