Нобелдин адабият сыйлыгынын чуусу: Петер Хандке генийби же желмогузбу?

Сүрөттүн булагы, ALAIN JOCARD/AFP via Getty Images
2019-жылдагы Нобелдин адабият боюнча сыйлыгы чоң нааразылыктарды жаратып, чуусу басылбай жатат.
Австриялык жазуучу Петер Хандкени тарыхты бурмалап жазып, Слободан Милошевичти актаган деп сындашып, ага сыйлык берилишине каршы жүрүштөр болду.
Нобель комитети өзүнүн тандоосун коргоп, Хандке адабий жетишкендиктери үчүн сыйлыкка татыктуу болду деп айтты. Бул жазуучу тууралуу эмнеге тескери пикирлер көп айтылууда?
Хандке 1942-жылы Австрияда туулган.
Ал өзүнүн радикалдуу билдирүүлөрү менен белгилүү. Айталы, Хандке учурунда Томас Манндын жана Франц Кафканын китептерин "ыпыр-сыпыр" жана эксперимент деп атаган.
Жазуучу роман, эссе жана драматургиядан сырткары кино жаатындагы эмгектери менен дагы белгилүү. Кинорежиссёр Вим Вендерс менен кызматташып келет. "Берлиндин асманы" тасмасына сценарий жазган. Аталган тасма Канн кинофестивалынын сыйлыгын алган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сербия жана Милошевич үчүн
Саясий жаңжал 1996-жылдагы немис басылмасына берген Югославияга саякат тууралуу кыска баяндарынан кийин башталган.
Анда жазуучу Балкандагы этникалык жаңжалда жалкоо журналисттер биригип алып сербдерди агрессор көргөзүп жатышканын жазат. Муну менен 1995-жылы жайында Сребреница аймагындагы серб отряддарынын сегиз миңдей босниялык мусулмандарды атып салган окуясына күмөнсүнгөн ойду жаратат. Буга дароо эле реакциялар болгон. Алдыңкы немис басылмалары жазуучуну катуу сындашкан. Француз философу Ален Финкелькраут аны "идеологиялык желмогуз" атаган эле. Америкалык жазуучу аял Сьюзен Сонтаг "Нью-Йоркто Хандке үчүн баары бүттү" деген.
Бирок Хандке көз карашын өзгөрткөн эмес. Үч жылдан кийин НАТО Югославияны бомбалаган маалда жазуучу серб телеканалына интервью берип, бир учурда Косово үчүн салгылашкан серб православ монахы болгусу келгенин айткан. Анда Салман Рушди жазуучуну "жылдын көк мээси" деп атоону сунуштаган.
Жазуучу 2006-жылы Гааганын абагында каза тапкан Сербиянын мурунку президенти Милошевичти акыркы сапарга узатуу зыйнатында жалындуу сөз сүйлөгөн.
"Мен угуп, сезип турам. Мен дайыма эстейм. Мына ошондуктан Югославия менен бирге, Сербия менен бирге, Слободан Милошевич менен бирге ушул жердемин", -деген жазуучу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Милошевич Югославия мамлекети урагандан кийинки согушта "аскер кылмышын жасаган", "геноцид кылган" деген айыптар менен камакка алынган. Бирок соттун өкүмүнө чейин эле абакта каза табат.
Жазуучуга сыйлык берилишин босниялык, хорват, косоволук (Швеция Косовонун көз карандысыздыгын тааныйт) албан жана түркиялык дипломаттар бойкот кылышты.
Косово менен босниялык Сараево кантону Хандкени "персона нон-грата" жарыялашты.
Босниядагы согушту чагылдырган кабарчылар #BosniaWarJournalists хэштеги менен "Твиттер" аркылуу пикирин билдиришти.
Лондон университетинин тарых илимдери боюнча профессору Орландо Файжес аны "Слободан Милошевичтин кандуу режиминин белгилүү апологети" атаган.
"Сыйлыкты аскер кылмышын коргоп чыккан киши алды",-деген словениялык философ Славой Жижектин сөзүн келтирип жазды Guardian басылмасы.
"Реакцияга реакция"
Швед академиясынын мүчөлөрү Эрик Рунессон жана анын катчысы Матс Мальм айтылган сындарга швед басылмасындагы (Dagens Nyheter) макала аркылуу жооп берди.
Алар Хандкенин айрым билдирүүлөрү чагымчыл мүнөздө жана акылга сыйгыс болгону ырас экенин, бирок жазуучунун чыгармачылыгынан аскер кылмышын же геноцидди актаган учурларды табышпаганын айткан. (AbA)







