Нобель сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты аныкталды

Кадзуо Исигурого

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бул жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгы британдык жазуучу, теги жапондук Кадзуо Исигурого ыйгарылды. Исигуро азырынча Нобель комитети байланышка чыга электигин айтты.

Жазуучу муну жаңылыктардан көргөндө алгач тамашага салып жатышат го деп ойлогом дейт.

"Бул укмуштуудай сыймык. Анткени мен улуу авторлордун изи менен баратам. Ошондуктан бул мага укмуштуудай зор мактоо болду»,-деди ал.

Исигуро сегиз китептин автору. Анын китептери 40 тан ашуун тилге которулган. Жазуучунун эң белгилүү чыгармасы "Күндүн калган бөлүгү" жана «Мени койо бербе» чыгармалары. Соңку чыгармасы боюнча 2010-жылы кино дагы тартылган.

"Күндүн калган бөлүгү" монолог сыяктуу жазылып, улгайган англиялык кишинин артта калган өмүрүн эскерéүсү менен берилген.

Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын номинанттарынын ачык тизмеси жок. Бул жылы фаворит катары кениялык жазуучу Нгуги Ва Тхионго, жапониялык Харуки Мураками аталып жаткан. Ошондой эле сыйлыкты алышы мүмкүн деп Маргарет Этвуд дагы айтылып жаткан.

Адабият жаатындагы Нобель сыйлыгы 1901-жылдан бери тапшырылат. Өткөн жылы сыйлык америкалык акын жана музыкант Боб Диланга ыйгарылган. Андан мурунку жылы сыйлыкты беларус жазуучусу Светлана Алексиевич алды. 2014-жылы француз жазуучусу Патрик Модиано бул сыйлыкка татыктуу болгон. (AbA)