Instagram барагын подиумга айланткан моделдер
Сюзан Хорник, Бизнес кабарчы, Лос Анжелес

Сүрөттүн булагы, JOY CORRIGAN
Ким супермодель болгусу келет?
Алар көз жоосун алган кийимдер, биринчи класстагы саякат, башка сулуу адамдардын дүйнөсүндө жашагандай жана миллиондогон доллар тапкандай туюлат.
Бирок башка пенделердей эле аларга дагы пандемия катуу таасир эткен.
Коронавирус аба каттамдарын жана чоң иш-чараларды токтотуп, мода жумалыктары менен фото жана видео тартуу иштери өтпөй калды. Ошентип дүйнөнүн алдыңкы моделдери дагы башкалардай эле үйлөрүндө камалып калышты.
Коронавирус башталгандан бери биринчи жолу өткөн аптада Нью Йорк мода жумалыгы адамдардын катышуусу менен өттү. Муну менен мода индустриясы учуп-конуу тилкесине кайтып, бизнес өз калыбына түшө баштады.
Төмөндө төрт алдыңкы модель өткөн 18 айда баштан өткөргөн окуяларын айтып берет. Алар эмне үчүн социалдык желе, айрыкча Instagram болуп көрбөгөндөй чоң мааниге ээ болгонун белгилешти.
Жой Корриган
Victoria's Secret компаниясынын ич кийимдеринин жарнамасында таанылган Корриган Guess, Urban Decay, Jimmy Choo жана Vivienne Westwood сыяктуу бренддерге да модель болуп берген.
Анын айтымында, коронавирус башталганда сүрөткө тартуу иштеринин баары толугу менен токтоп калган. “Убакыттын өтүшү менен кардарлар айрым моделдерден үйлөрүндө эле өздөрүн тартуусун өтүнүшкөн”, - дейт 26 жаштагы модель Корриган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Сүрөткө түшүү үчүн айрым бренддерден мага кийимдерин жөнөтүүсүн өтүндүм. Чоң бөлмөмдө атайын фон даярдап, кийимдерди буу менен түздөдүм. Фотоаппаратымдын таймерин жандырдым да өзүмдү-өзүм сүрөткө тарттым. Андан соң даяр болгон сүрөттөрдү аларга жөнөттүм. Кыйын экен, бирок көнүшүм керек болду. Убакыттын өтүшү менен моделдерди сүрөткө тартуу иштери кайра жандана баштады, бирок чектелүү кишилер менен”.
Бирок, ал пандемия кирешесине дагы катуу таасир эткенин мойнуна алды. “Кээ бир айларда кызмат акыбызды төлөп берүү аябай кечеңдеп кетти”.
Натыйжада туруктуу киреше алып келген өзүнүн Naked Species деп аталган онлайн мода бренди үчүн ыраазы болгонун айтат.
Мода журналдарына азыраак иштеген Корриган Instagram платформасына көбүрөөк көңүл буруп, бренддер менен кызматташа баштаган. Ал өзүнүн барагында кийген кийимдери менен сүрөткө түшүп чыгарып турган.
“Азыр моделдер бренддер менен кызматташып, социалдык желедеги келишимдер менен пайда таап жатканын көрсөңөр болот. Менин көптөгөн модель досторум жана өзүм дагы бренддердин көңүлүн буруу жана бизге жазылган адамдарга таасир берүү үчүн күн сайын жашообуздан сүрөттөр менен видеолорду тынбай чыгарып турабыз. Биздин индустрияда жагдай түп тамырынан өзгөрүп кеткенде бул кошумча акча табуунун сонун жолу”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Корриган кошумчалагандай, адамдардын бир жерге топтолуп өткөргөн иш-чаралары акырындык менен уюштурула баштаган менен шарттар “оор бойдон”. Ал жакында эле Майами мода жумалыгында моделдик кылган болчу.
“Көптөгөн тартуу иштери жергиликтүү деңгээлде болууда. Мурдагыдай клиенттердин моделдерди башка жактардан алып келгенин көрө элекпиз. Бирок индустрия акырындык менен бутка тура баштаганы анык жана баары оң багытты көздөп бараткандай”.
“Бирок этияттануу жана коронавирустан сак болуу милдети турат”.
Мариама Диалло
Түбү батыш Африкадагы Гвинеядан болгон Диалло 10 жашында АКШга үй-бүлөсү менен көчүп келишкен. Азыр ал 27 жашта. Ал моделдик карьерасын 2012-жылы баштаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Диалллонун айтымында, адамдар менен тартуу иштеринен виртуалдык сүрөт тартууга көнүү бир аз кыйынга турган. Ал Savage X Fenty, KKW Beauty, Pretty Little Thing жана Skims бренддерине тартылган.
“Мен мурда модел эле болсом, эми моделдиктен тышкары стилистке, визажистке жана сүрөтчүгө айландым. Ал кыйын болсо да мен көп нерсеге үйрөндүм. Ал менин өсүүмө жардам берип, өзүмдүн Sincerely Ria аттуу кийим брендимди чыгаруума өбөлгө түздү”, - дейт ал.
Диалло пандемия учурунда Instagram жана башка социалдык желелердин мода индустриясы үчүн мааниси мурдагыга караганда өтө бекемделди деп макул болду.
“Социалдык желе жарнамалоонун алдыңкы формаларынын бирине айланды. Мындан улам өзүңдү кандай бренд кылганың карьераңда чоң роль ойнойт”.
Ал мода индустриясы кайра толугу менен жолго түшөт деп үмүттөнөт. “Мен бир жарым жылдай убакыт бар деп ойлойм, бирок ким билет”.
Ошондой эле, Диалло актердукка багыт алган. Жакында эле ал HBO компаниясынын “Лос Анжелес Лейкерс” сериалында 90-жылдардагы супермодель Имандын образын жаратат.
Тайра Бэнкс
Бэнкс карьерасын 15 жашында баштаган жана алгачкы түстүү аял моделдерден болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал GQ жана Sports Illustrated журналдарынын мукабасына чыккан алгачкы афро-америкалык аял.
Бэнкс теле алып баруучу, жазуучу, ишкер болгон. Ал болжолдуу $90 млн турган телесериалдар менен кинолорго продюсерлик кылган.
Анын айтымында, социалдык желе перспективдүү моделдер үчүн маанилүү. “Бүгүнкү күндө моделдер өзгөрүү керек экенин түшүнүшөт жана социалдык желеден ыкчам ой-пикирлерди алышат. Бул аларга бир аз артыкчылык берет”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Модель индустриясы спортчулардыкына окшош эле”, - деп кошумчалайт Бэнкс.
“Ал сенин денеңден көз каранды. Эгерде ийгиликке жетишсең, маркетинг боюнча колдоого ээ болосуң. Бирок бул карьераңдын аягы дегенди билдирбейт. Апам дайыма “башталыштын бүтүшү үчүн план түз, ал түбөлүккө уланбайт” деп айтчу”.
Бэнкс учурда өзүнүн Smize аттуу балмуздак компаниясына жана АКШдагы популярдуу “Жылдыздар менен бийле” аттуу шоуго көңүл буруп жатат. Ал аталган телеберүүнүн алып баруучусу жана аткаруучу продюсери.
Тайсон Бекфорд
Бекфорд 1992-жылдан бери моделдик кылып келет жана Ralph Lauren компаниясына тартылган сүрөттөрү менен белгилүү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Визажисттер менен чачтарачтар моделдин жүзүн карап, мода индустриясында адамдар бири-бирине жакын болгондуктан Бэкфорд моделдер ден соолугун биринчи орунга коюшу керек деп эсептейт.
“Учурда моделдер туш болгон эң чоң кыйынчылык - пандемиянын коопсуздук чараларын кармануу жана эмделбеген адамдарга жакындабоо. Анткени, алар тартылуу учурунда беткап тагышпайт”.
Жашы 50дөгү Бекфорд көпкө созулган карьерага ээ болгусу келген жаш моделдерге мындай кеңеш берет. Алар өздөрүн бренд катары көрүшү жана өзгөчөлөнүүнүн жолдорун табышы керек.
“Бүтүндөй карьерамда компаниялар менен иштештим. Соңку жылдары гана өзүмдүн бренд болушум канчалык маанилүү экенин көрдүм. Бул сага узакка созулган нерсе берет жана убакыттын өтүшү менен карьералык мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт”, - дейт ал.
Коронавирус пандемиясы маалында Бэкфорд териге кам көрүү каражаттарын жана күндөн коргоочу көз айнектерди чыгаруунун үстүнөн иштеген. Ошондой эле, ал “Throttle” аттуу сериалды даярдап, мемуар жазуу, моделдик боюнча эки даректүү тасмада продюсер жана баяндоочу болгон.
Ал Бэнкстин ою менен макул. Моделдик карьера түбөлүккө уланбайт жана моделдер келечекте бул индустриянын сыртында башка нерселер жөнүндө ойлонушу кажет.
“Көптөгөн моделдер ысырап кылып жашашат. Бирок телефондоруна эч ким чалбай калганда баары бүткөн болот. Моделдиктен кийин дагы жашоо бар. Силер акчаңарды топтоп, аны жөн эле сапырып жаткан жоксуңар деп үмүт кылам”. (EA)











