Facebook компаниясынын базар наркы $1 триллиндон ашты

Facebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марк Цукерберг, Facebook компаниясынын негиздөөчүсү

АКШнын соту Facebook компаниясына каршы антимонополдук эки доону четке какты.

Сот Жеймс Боасберг Федералдык Соода Комиссиясынын (FTC) социалдык желеге каршы антимонополдук доолору өтө бүдөмүк деп тапкан.

Социалдык желеге каршы 45 штаттын биргелешкен антимонопулдук доосунда көрсөтүлгөн бузуулардын мөөнөтү өтүп кеткендигин үчүн четке кагылган.

Доолордун четке кагылышы Facebook компаниясынын акцияларынын 4.2% кымбатташына алып келип, алардын баасы $355.64 жеткен.

Натыйжада социалдык желенин базар наркы $1 триллиндон ашып кетти.

Эске сала кетсек, Facebook компаниясы Instagram жана WhatsApp колдонмолоруна дагы ээлик кылат. Facebook базар наркы $1 триллиндон ашкан бешинчи америкалык компания болуп калды жана Amazon, Alphabet, Apple жана Microsoft катарын толуктады. (ChS)