TikTok’тун кирешеси былтыр эки эсе өскөн

Сүрөттүн булагы, Reuters
TikTok колдонмосуна ээлик кылган кытайдын ByteDance компаниясынын кирешеси былтыр эки эсе өскөн.
Кызматкерлер арасында таратылган билдирүүдө компаниянын кирешеси 2020-ж. $34.3 миллиардга чейин өскөнү айтылган. Компаниянын таза пайдасы $19 миллиардга жеткен. Ошондой эле билдирүүдө былтыркы жылдын декабрында колдонмого 1.9 миллиард колдонуучу киргени белгиленген. ByteDance’тин өкүлү Би-Би-Си бул сандардын аныктыгын тастыктап берген.
Бул сандар TikTok’тун дүйнө жүзүндө популардуулугу өсүп баратканын далилдейт. Бирок бул ByteDance сыяктуу Кытайдын технологиялык гиганттарынын таасиринин өсүшүнөн чочулаган мамлекеттик бийликтер аларга кысымын күчөтүүдө.
TikTok’тун популардуулугу АКШ жана Кытай бийликтерин дагы чочулатат.
Ак үйдүн кысымы
Reuters билдиргендей, президент Джо Байден жакында АКШ базарында калып иштегиси келген кытай компанияларын колдонуучулардын маалыматтарын коргоого мажбурлоочу катаал чаралар каралаган буйрукка кол койгон. Бул буйрук Трамптын АКШда Кытайдын TikTok жана WeChat колдонмолорун бөгөттөө буйругун жокко чыгаргандан кийин жарыяланган.
Бээжиндин добушу
Апрелде Кытай бийлиги 13 онлайн платформаны, ByteDance дагы алардын арасында бар, финансылык иш алып баруусун тыканыраак жүргүзүүгө чакырган. Бул чакырык өлкөдөгү технологиялык гиганттардын таасирин ооздуктоого болгон кадамдардын бири катары бааланат. Бийлик муну базарда монополиялардын пайда болушуна жана “капитализмдин басып алуусуна” бөгөт коюу максаты менен түшүндүргөн.
Буга чейин көптөгөн жылдар бою Бээжин технологиялык индустриянын өсүшүн колдоп келген.
Навальный жана TikTok
Тиктоктун Оруссия саясатына тийгизген таасири оппозиционер Алексей Навальныйдын камалышына байланыштуу окуяларды байкалган. Навальный кармалгандан кийин "ТикТоктун" россиялык сегменти болуп көрбөгөндөй саясатташып кеткен. Окуучулар ТикТок" аркылуу тараткан саясатчыны коргоо жана коррупцияга каршы митингге чакырууларды, каршылык хэштеги бар роликтерди он миллиондогон адамдар көргөн.












