Ар бир үчүнчү видео Путиндин хан-сарайы жөнүндө: "Тик-Токту" каршылык маанай каптады

Сүрөттүн булагы, TIKTOK/GETTY/BBC
- Author, Наталия Зотова
- Role, Би-би-си
Алексей Навальный кармалгандан кийин "Тик-Токтун" россиялык сегменти болуп көрбөгөндөй саясатташып кетти. Окуучулар саясатчыны коргоо үчүн жана коррупцияга каршы ишембиде боло турган митингге келүүгө чакырууда, каршылык хэштеги бар роликтерди он миллиондогон адамдар көрүп жатышат.
"ТикТок" качантан бери протесттик соцтармак болуп калган?
"Эки жыл мурда "Тик-Токто" саясаттын карааны да жок эле",-деди Би-Би-Сиге "Анын аты Тик-Ток" телеграм-каналынын автору Слава Вармоломеев.
"Бир жыл мурда саясий темадагы тикток - бул болуп көрбөгөндөй нерсе эле. Биз тиктоктогу саясаттан өзүбүздүн каналга ыргытып, "Оу-карагыла" дечү элек.
Өспүрүмдөр арасында популярдуу болгон социалдык медиада саясат барган сайын көбөйүүдө, дейт Слава. Мисалы, Саратовдогу областтык думанын коммунист-депутаты Николай Бондаренкого 386 миң адам жазылды. Ал Тик-Токко заводдогу иш таштоо жана парламенттеги эмоционалдык сөздөрүн чыгарууда.
Бирок социалдык медианын соңку аптадагы масштабдуу саясатташканы баарынан ашып түштү - Навальныйдын өлкөгө кайтып келиши, анын камалышы жана президенттин Геленджиктеги хан-сарайы жөнүндө иликтөөлөрдүн чыгышы саясатка болгон кызыгуунун отун жалбырттатып жиберди.
"Мен "Тик-Токко" кирсем, андагы ар бир үчүнчү видео "Путиндин хан сарайы", Навальныйдын кармалышы жана 23-январдагы митинг жөнүндө!-дейт ал. - Кечээ ого бетер күчөдү: он видеонун жетөө ушул темада".
"Каршылык маанай азыр эле пайда болду дешке болбойт,-дейт рекламдык агенттиктин инфлюенс-маркетинг багытынын жетекчиси Любава Зайцева.- Путин жөнүндө, Навальный жөнүндө, ээнбаштык жөнүндө тамаша дайыма болуп келген. Митинг болгон сайын, Навальный ууландырышканда жана качан анын иликтөөлөрү жарыяланганда бул жөнүндө роликтер пайда болчу".

Сүрөттүн булагы, TIKTOK/GETTY/BBC
Tик-Токто ким отурат?
Тик-Токтун балдар жана өспүрүмдөргө арналган социалдык медиа катары репутациясы бар. Бирок бул жаңылыш стереотип. "Тик-Токтун" октябрдагы отчетуна караганда, балдар жана 24 жашка чейинки жаштар Россиядагы керектөөчүлөрдүн 32% түзөт. Тиктокерлердин чейрек бөлүгү - 25тен 34 жашка чейинкилер. Ал эми 20% андан жогорку -35-44 жаштагылар. Бүтүн Россия боюнча 25 миллион керектөөчү кеминде айына бир жолу кирет.










