"Паспорт көзөмөлүнөн өтпөй туруп": Навальныйдын кармалышы

Навальный паспорт көзөмөлүнөн өтпөй туруп кармалды

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Навальный паспорт көзөмөлүнөн өтпөй туруп кармалды

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жекшембиде Германиядан мекенине кайтып келери менен кармалды. Ал "новичок" түрүнө кирген зат менен ууландырылган деп, беш айдан бери Германияда дарыланып жаткан. Навальный өзүнүн ууланышына байланыштуу орус бийлигин айыптаган. Орус бийлиги муну кескин четке кагууда.

Навальный учуп келген каттам "Шереметьево" аэропортуна жекшембиде кечинде келип конду. Москвага келери менен саясатчыны паспорт көзөмөлүнөн өтүп жаткан жеринен кармап кетишти. Кийин анын полиция бөлүмүндө экени белгилүү болду.

Окуянын мындай өнүгүшү башында эле белгилүү болгон. Анткени Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы оппозиционер саясатчыны "Ив Роше" компаниясынын ишине байланыштуу сот жыйынына чейин эле кармай турганын билдирген эле. Декабрдын соңунда ага федералдык издөө жарыяланган.

Оппозициялык саясатчыны бошотуу талабы менен Европа Биримдигинин жана АКШнын лидерлери, укук коргоочулар орус бийлигине кайрылуу жолдоп, Кремлдин бул кадамын катуу сынга алышты.

Алексей Навальныйдын аэропорттон кармалышы дүйнөлүк алдыңкы басылмалардын баш сабына чыккан негизги окуялардын бирине айланды.

Анын адвокаты Ольга Михайлова учурда Химки шаарындагы полиция бөлүмүндө кармалып турганын ырастады.

Внуково

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Навальныйды тосуп алуу үчүн анын тарапташтары жана журналисттер чогулду. Аларды милициянын атайын күчтөрү таратып, "Внукового" конушу керек болгон учакты "Шереметьевого" кондурушту.

Алексей Навальный и Юлия Навальная

Сүрөттүн булагы, EPA/ALEXEI NAVALNY INSTAGRAM

Навальный Берлинден жубайы Юлия, басма сөз катчысы Кира Ярмыш жана адвокаты Ольга Михайлова менен чогуу учуп келди.

Внуково

"Мен Орусиянын жаранымын жана үйгө кайтып келүүгө толук укугум бар",-деди Навальный журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Навальный өткөн жылдын 20-августунда Сибирден Москваны көздөй учканда өзүн жаман сезип, учак Омск шаарына аргасыз конууга мажбур болгон. Эки күндөн кийин Навальный Германиядагы ооруканага эс-учун билбеген абалда жеткирилген.

Алексей Навальный

Сүрөттүн булагы, Reuters

Германия Навальный "новичок" деген зат менен ууландырылганын айтууда. Ал эми Навальныйдын командасы президент Путин буйрук бергенден кийин саясатчы ууландырылганын билдиришүүдө. Кремль дооматтарды четке кагып келет.

2017-жылы Навальныйга эки жолу химиялык зат чачып кетишип, ал ооруканага түшкөн. Саясатчы коррупцияга каршы активист катары чыгып, 2011-жылы президент Путинге каршы эң ири нааразылык акциясын уюштурган. Ошондой эле 2017-жылы көз боёмочулук боюнча айыпталып, 2018-жылкы президенттик шайлоого катыша албай калган. Навальный өзүнө тагылган айыптарды "ойдон чыгарылган" деп четке каккан эле.

Өткөн жылы дагы саясатчы ооруканага түшкөн. Москванын 64-шаардык ооруканасы Навальный "курч аллергиялык реакция" болгонун билдирген. Бирок саясатчы диагноздон күмөн санап жатканын айткан эле.