Навальныйдын коңгуроосу ФСБнын абийирин ачтыбы?

Алексей Навальный

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Алексей Навальный аны ууландырууга катышкан делген ФСБ агенти Константин Кудрявцев менен сүйлөшкөнү эң чуулгандуу эл аралык жаңылыктардын бири болду. Орус бийлигин өтө ыңгайсыз абалга кептеди.

Дүйшөмбүдө орусиялык оппозиционер өзүнүн "Ютуб" каналына ФСБ агенти делген киши менен 45 мүнөткөн созулган телефон баарлашуусун жарыялады. Федералдык коопсуздук кызматы телефон баарлашууну жасалма деп четке какты.

Навальный кантип атайын кызматтын агентинен жооп алды? Телефон баарлашууда оппозициячыл саясатчы ич кийими тууралуу улам сурап жатты, эмнеге? Би-Би-Си негизги суроолорго жооп берет.

Эмнеге Навальный ич кийими тууралуу улам сурады?

20-августта Навальный ууландырылганда "новичок" заты кантип оппозициячыл саясатчыга жетти деген суроо берилген. Навальныйдын командасы саясатчы ууландырылды деген жаңылыкты угар замат, Томск шаарындагы оппозициячыл саясатчы жаткан мейманканага барып, бөлмөдөн үч бош бөтөлкө жана башка буюмдарды алып чыгышкан. Аларды немис дарыгерлерге өткөрүп беришкен. Германиянын адистери дал ушул буюмдардан "новичок" затынын калдыктарын табышкан.

Навальный ФСБ агенти менен сүйлөшүп жатып, уулуу зат кайсыл кийимге куюлганын сурады. ФСБ агенти болсо кийимди "чылаганы" барганын айткан. Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш, дал ушул жооп ууландыруунун механизмин түшүндүргөнүн Би-Би-Сиге айтты. Сентябрь айында эле уулуу зат саясатчынын ички кийимине куюлушу мүмкүн деген теориялар айтылган. Муну "новичокту" ойлоп тапкан окумуштуулардын бири Владимир Углев дагы айткан эле. Углев зат Навальныйдын кан, зара, тери жана бөтөлкөдө табылды дегенди угуп, "новичок" ич кийимге куюлган деген теориясын айткан. Себеби кийимди кийген Навальный, колу менен көз жана мурдун кармап, уулуу затты организмге өзү киргизген. Заттын көлөмү аз болгондуктан, анын айланасындагы кишилер эч жабыркаган эмес.

Still from Navalny video in which he phoned one of his alleged would-be assassins

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйшөмбүдө орусиялык оппозиционер өзүнүн "Ютуб" каналына ФСБ агенти делген киши менен 45 мүнөткөн созулган телефон баарлашуусун жарыялады

ФСБ агенти кантип эле телефон аркылуу жашыруун маалыматты айтып салсын?

Навальный алгач операцияга катышкан башка агенттер менен дагы байланышкан. Бирок алар дароо телефонду өчүрүп салган. Балким, алар дароо жетекчилиги менен байланышкандыр. Эгерде Навальный менен чынында Кудрявцев баарлашкан болсо, ал төмөнкү себептерден ишениши ыктымал:

Навальный 14-декабрда эрте менен чалган. Ал учурда ФСБ кызматкерлери тууралуу маалымат жарыялана элек болчу. Кудрявцев өзү жана кесиптештеринин аты-жөнү ачыкталып калганын биле элек болчу.

Атайын программа менен телефон байланыш ФСБ агенттери мурда колдонгон номур менен чалынган. Бул телефон номурун Bellingcat уюму журналисттик изилдөө аркылуу аныктаган.

Навальный ФСБнын мурдагы башчысы, коопсуздук кеңешинин өкүлү Николай Патрушевдин атынан, анын жардамчысы катары чалып жатканын улам айткан.

Кудрявцев оперативдүү кызматкер болсо, жогоруда айтылган фактыларга ишенмек эмес. Себеби алар ички көрсөтмөлөргө так көңүл бурат жана эмнени айтса болот же болбойт так билет.

Bellingcat уюмунун изилдөөсү, Кудрявцев техникалык кызматкер экенин аныктаган.

"Ал эмне себептен кайырмакка түшүп калганы белгилүү. Мындай операцияларда техникалык кызматкерлер буйруктарды гана аткарат. Ал эми оперативдүү кызматкерлер чечим кабыл алат. Мындай кишилер [оперативдүү эмес кызматкерлер] ички системада кайнап жүрө берет. Алар ФСБ системасынан тышкары кишилер менен эч байланышка чыкпайт. Ошондуктан ага башка бирөө чалып жатканы оюна дагы келбейт",-дейт атайын кызматтарынын тарыхын изилдеген Андрей Солдатов.

Ага карабастан мындан дагы бир суроо туулат: Эмнеге башка кызматкерлер телефон аркылуу ушундай телефон чалуулар болуп жатканын эскерткен эмес жана Навальныйды аңдып жүргөн ФСБ кызматкери кантип Навальныйды үнүнөн тааныган жок?

Навальный

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Навальный ууландырылгандан кийин Германиядагы ооруканага жеткирилген

Навальныйдын басма сөз катчысы Ярмыштын айтымында, Кудрявцев оппозициячыл саясатчыны аңдыган топко киргенин, бирок четте турган. Ага карабастан "үнүн кантип тааныбай калганын билбейм" деп жооп берди.

Навальный эмне болгон программа аркылуу телефон чалган?

Навальный "эң жөнөкөй программаны" колдонгонун айткан. Чынында мындай программаларды бекер эле жүктөп алса болот. Көптөгөн пранкерлер дал ушундай программаларды колдонуп, өзүн "банктын кызматкери" экенин көрсөтүп чалышат. Айрым шылуундар дагы ушундай программаларды колдонуп келгени белгилүү.

"Лекусус" кайманы аты менен белгилүү болгон пранкер Алексей Столяров мындай программаны колдонуу үчүн атайын даярдыктын деле кереги жок дейт:

"Бир гана компьютер же ноутбук керек. Биз колдонгон жабдыктар барында эле бар. Көп учурда "Скайп" программасын колдонобуз. Бирок башка программаларды деле колдонсо болот".

Эмнеге Навальный телефон баарлашуусун бир жумадан кийин гана жарыялады?

Кира Ярмыш Би-Би-Сиге Коррупцияга каршы фонду Орусия бийлигинин реакциясын күткөнүн айтты. Навальный Кудрявцев менен президент Владимир Путиндин жылдык басма сөз жыйынына үч күн калганда байланышкан.

Басма сөз жыйында президент Путин оппозициячыл саясатчыны Орусиянын атайын кызматы ууландырды деген дооматты "америкалык атайын кызматтарынын материалдарын мыйзамдаштыруу" деп атаган. Орусиянын атайын кызматы америкалык кесиптештери "геолокация аркылуу орус агенттер каякта экенин билишет, ошондуктан алар телефон баарлашуу учурунда өздөрүн жашырбайт" деп белгилеген эле Путин.

Башкача айтканда президент жана анын басма сөз катчысы Песков атайын кызмат Навальныйды аңдып жүргөнүн мойнуна алышты, бирок ууландырууга катышкандыгын четке какты.

Песков: "Орусиянын чалгын кызматы башка мамлекеттердин атайын кызматтары менен байланышта болгон кишилерге байкоо салып келет. Ошондой эле бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сөз кылгандарга дагы көз салып келет",- деп айткан.

Би-Би-Си бул макала боюнча президент Путиндин басма сөз катчысы Песковко дагы суроолорун жолдоду.