"Биз аппак жана үлпүлдөкпүз": Путиндин басма сөз жыйынындагы урунттуу учурлар

Сүрөттүн булагы, Kremlin.ru
Орусиянын президенти Владимир Путин жыл жыйынтыктаган басма сөз жыйынын өткөрдү. Ал төрт саатка созулду. Биз айрым урунттуу учурларга токтолобуз.
Пандемиядан улам быйылкы басма сөз жыйыны башка форматта өттү. Путин Москванын четиндеги Ново-Огареводогу резиденциясынан туруп, видео байланыш аркылуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Навальный жана башка иликтөөлөр
Путин биринчи жолу бизнесмен Кирилл Шамалов тууралуу журналисттик иликтөө боюнча жана оппозиционер Алексей Навальный боюнча пикирин билдирди. Буга чейин Шамалов тууралуу иликтөө чыгып, анда Катерина Тихоновага үйлөнгөндөн кийин байып кеткени айтылган. Орусиялык басылмалар Катеринаны орус президенти Путиндин кичүү кызы деп жазып жүрөт.
Шамалов тууралуу иликтөөнү Путин "окуганга мүмкүн эмес" деп атады. Иликтөөдө "күйөө баласы" деп жазып, аягында болсо "мурдагы күйөө баласы" деп кеткенине көңүл бурду. "Важные истории" басылмасы жүргүзгөн иликтөөгө АКШнын мамдепартаменти менен атайын кызматы өч алуу жана Орусиянын ичики саясатына таасир этүү максатында буюртма берген деп эсептейт Путин.
Ал эми Навальныйды ууландырууга ФСБнын катыштыгы болгону тууралуу журналисттик иликтөөнү дагы Путин "америкалык атайын кызматтардын материалдарын легалдаштыруу" деп атады.
Орусиянын ФСБ аралашканы тууралуу маалыматты четке кагып, Навальныйды Германияда дарылоого уруксат бергенин айтты. "Ал кимге керек? Эгер кааласа, бул ишти аягына чыгарып коюшмак",-деди Путин.
"Биз аппак жана үлпүлдөкпүз"

Сүрөттүн булагы, TASS
Би-Би-Си кабарчысы Стив Розенберг суроо жолдоп, "акыркы жылдары Орусия менен Батыштын мамилеси начаралар кеткенине жоопкерчиликти сезесизби" деп сурады.
Журналист акыркы жылдардагы Орусиянын аракеттерин - "Крымдын аннексияланышынан тарта, Британия аймагында Солсбери шаарында колдонулган химилиялык куралды" мисалга тартты.
"Мен Орусияда болуп жаткан окуяларга жана анын элинин алдында гана жоопкерчиликти сезем" деген Путин: "Силер менен салыштырганда, ооба! Биз аппак жана үлпүлдөкпүз",-дейт.
Ал АКШ Ракетага каршы коргонуу системасын чектөө келишиминен, Орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарга тыюу салган макулдашуудан жана Ачык асман келишиминен чыгып кеткенин эскертти.
Орусия аскер чыгымдары боюнча дүйнөдө алтынчы орунда турганын айтып, "агрессор өлкө" деп атаганга болбойт деди.
"Мага окшогондорго вакцина жете элек"
Суроолордун көбү коронавирус боюнча кырдаалга карата берилди. Путин дүйнөдө бир дагы өлкө пандемия масштабына даяр эмес эле деп айтты. Бирок анын пикиринде Орусиянын даярдыгы көбүнөн жакшы болду.
"Биз оперативдүү даярдыкты баштоо үчүн убакыттан уттук",-деди Путин. Орусия биринчилерден болуп вакцинаны каттоодон өткөргөнүнө дагы токтолду.
Анын жаш курагын эске алып (68 жаш), "сиз эмдөөдөн өтө алдыңызбы" деген суроого:
"Адистер бизге билдиргендей, жарандарга бериле турган вакцина кайсыл бир жаш курактагылар үчүн каралган. Мен сыяктууларга вакцина али жете элек. Мен дагы бир жолу кайталайм, мыйзамды урматтаган жаран катары биздин адистердин сунуштарын угам. Ошондуктан эмдөөдөн өтө элекмин. Мүмкүнчүлүк болору менен сөзсүз эмдөөдөн өтөм",-деп жооп берди.
Кыргызстан тууралуу
Путинге Беларустагы, Кыргызстандагы, Молдовадагы саясий кырдаал тууралуу дагы суроо берилип, өнөктөштөрүн жоготуп алуу коркунучу жокпу деген пикирин сурашты. Кыргызстан тууралуу орус президентинин пикири мындай болду:
"Биринчи жолу болуп жатабы? Ал жерде дайыма эле башаламандык болуп келген. Менимче, бул өлкө дайыма эле ички саясий турмушун Батыш өлкөлөрүнүн үлгүсүнө ылайыктоо аракети менен алдыга чуркайт. Ал эми саясий аң-сезимдин деңгээли, институттардын өнүгүүсүнүн деңгээли, мисалы Франциянын деңгээлине жете элек. Франция же Германия Федеративдик республикасында саясий система ондогон жылдарда калыптанган, балким жүздөгөн жылдарда. Парламенттик башкаруу түрү жүздөгөн жылдарда калыптанганы талашсыз. Салттуу саясий партиялардын туруктуу платформасы жана шайлоочуларына түшүнүктүү болгон саясаты бар. Пост советтик мейкиндикте андай жагдай барбы? Ошондуктан бул бүгүнкү күнү жыйынтык бере салган жагдай эмес. Бул, эми өнөктөш мамлекеттердин баарына сый-урмат көрсөтүш керек да, өз жолун табуу аракетинин жыйынтыгы",-деди.











