Навальныйдын өмүрүн сактаган эки саат

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Би-Би-Си Орус кызматы
- Role, Москва
Берлин шаарында дарыланып жаткан орусиялык саясатчы Алексей Навальный комадан чыгарылганы кабарланды. Германия Орусиянын белгилүү оппозициячыл саясатчысы Навальный "новичок" заты менен ууландырылганын айтууда. Москва айыптарды четке кагып келет.
Навальный Сибирден Москваны көздөй учакка түшөөр алдында чай ичип, кийин өзүн жаман сезген. Учак Омск шаарына аргасыз конууга мажбур болду. Эки күндөн кийин Навальный Германиядагы ооруканага эс-учун билбеген абалда жеткирилген.
Би-Би-Си учак экипаж өкүлдөрү Навальныйдын өмүрүн кантип сактаганын баяндайт.
Окуя чечмеленгенде
20-августта Алексей Навальный Томск шаарынан S7 аба жолдору менен Москвага бет алган. Ал эртең менен тамактанууга жетишкен эмес, бир гана Томск шаарындагы аба майданда чай ичкен. Бул маалыматты Навальный басма сөз катчысы Кира Ярмыш тастыктады.

Сүрөттүн булагы, Ilya Ageev
Учакка отурган жүргүнчү Илья Агеев дагы учактын абага көтөрүлүшүнө бир саат калганда Навальныйды чай ичип жатканын көргөн. Орус бийлигин сындап келген саясатчы башка жарандар менен тамашалашып, жылмайып турган.
Томск убактысы боюнча 08:01
Учак абага көтөрүлгөндөн кийин Навальный өзүн жаман сезе баштаган. Учак экипажы жүргүнчүлөргө суу тараткан, бирок Навальный андан баш тарткан. Саясатчы ордунан туруп, дааратканага барганы дагы байкалган.
Томск убактысы боюнча 08:30
Учак жүргүнчүлөрдүн бири дааратканага барайын деп, ичиндеги Навальныйды жыйырма мүнөт күткөнүн айткан. Даараткананын алдында узак кезек жаралган.
Томск убактысы боюнча 08:50
Учак экипажы жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезип жатканына кабардар болгон.
Томск убактысы боюнча 09:00
Экипаж мүчөлөрү учакта дарыгер барбы деген суроо менен кайрылган. Жүргүнчүлөр абал курч экенин түшүнгөн. Экипаж мүчөлөрү учак капитанына абал тууралуу билдирип, Навальныйга медициналык жардам көрсөтүүгө аракеттенишкен.
Учак жүргүнчүлөрүнүн арасынан медайым болуп иштеген аял Навальныйга жардам сунуштаган. Ал өзүнүн ысымын жарыялабоону суранды.
Медайым жана учак экипажы Навальныйды бир саат бою эс-учун жоготпогудай кылып кармап турууга аракеттеништи. Капитан болсо учакты жакын жайгашкан аба майданга кондурууга киришти.
"Ал сүйлөгөн жок, кыйкырып жатты"
Адвокат болуп иштеген Сергей Неженец учактын артында, Навальныйга жардам көрсөтүлүп жаткан жерге жакын отурган.
"Учак экипажы жүргүнчүлөр арасында дарыгер барбы деп сураганда эмне болуп жатканына көңүл бура баштадым. Бир нече мүнөттөн кийин учак капитаны жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезим жатканы үчүн Омск шаарына конууга мажбур экенин айтты. Учак конгондон кийин гана телефонду карап, Навальный тууралуу сөз болуп жатканын түшүндүм. Дарыгерди издеп башташкандан кийин Алексей кыйкырып жатканы угулду. Ал учурда ким кыйкырып жатканын эч ким билген эмес. Анын бир жери катуу оруп жатты. Аны экипаж мүчөлөрү отурган жерге алып кетишкен эле. Ал сүйлөгөн жок, кыйкырып эле жатты",-деп айтып берди Неженец Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн булагы, Ilya Ageev
Ошол учурда медайым жардам сунуштап, учактын артына келген.
"Алар эмне кылышканын билбейм. Бир гана "Алексей суу ич, ич...Алексей дем ал, дем ал" деп сүйлөп жаткандарын уктум. Анын кыйналып жатканын угуп, жүргүнчүлөр дагы эле тирүү деп өзүбүздү тынчытып жаттык. Кайрадан белгилеп кетким келет, ал учурда өзүн жаман сезип жаткан жүргүнчү Навальный экенин билген эмеспиз",-дейт Неженец.
Навальныйдын жардамчылары жакын турушкан эле.
"Медайым эмне болду деп сурагана, алардын бири билбейм, балким ууланды",-деп жооп берди.
Омск убактысы боюнча 08:20
Экипаж өкүлдөрү Омск шаарына конууга уруксат алууга шашты. Жүргүнчүлөргө Омскто конууга мажбур экенин жарыялагандан кийин учак отуз мүнөттө гана аба майданга конду.
Экипаж мүчөлөрү "улам терезени карап, булуттар көп болгону үчүн капитан тез коно албай жатканын сөз кылышты",-дейт Неженец.

Сүрөттүн булагы, Ilya Ageev
Омск аба майданынын башкы дарыгери Василий Сидорус бул маалыматты такстыктаган же четке каккан дагы жок. Ал бир гана "баардык аракетти көрдүк" деп айтты.
Эгерде Навальный коркунучтуу зат менен ууландырылып, ал кускан болсо, ага жардам берип жаткандарга дагы коркунуч жаралмак. Жала калса кусундуну тазалагандар дагы ууланып калышы мүмкүн эле.
Омск убактысы боюнча 09:01
Саат 09:01 учак Омск шаарына конду.
Омск убактысы боюнча 09:03
Омск аба майданынын медицина кызматкерлер учак конгонуна эки мүнөт болгондо эле учактын ичине кирип келишкен. Алар Навальныйды карап туруп, аны кайра жандандыруу бөлүмүнө тез арада алып кетүү керек экенин айтышкан.
"Дарыгерлердин бири тез жардам кызматын чакырды. Бейтаптын абалы абдан оор экенин айтты",-деди Неженец.

Сүрөттүн булагы, Sibir.Realii
Дарыгер учактын түсүн сүрөттөп, тез жардамды түз эле тепкич тарапка келүүгө үндөгөн.
Василий Сидорус өзү Навальныйды көрбөгөнүн, бирок кесиптештери колунан келгенин жасаганын маалымдады.
Омск убактысы боюнча 09:37
Навальный учактан түшүрүлүп, "Тез жардам" унаасы менен Омск шаарынын No 1 ооруканасына алып кетишкен.

Сүрөттүн булагы, DJPavlin
Учакка мунай куюлуп, жарым сааттын ичинде ал Москваны көздөй кайрадан абага көтөрүлгөн.
"Москвага жеткенде учакка форма кийбеген полиция кызматкерлери кирип келди. Алар Навальный отурган жерге жакын отургандарды артта калууну суранды. Башка жүргүнчүлөр учактан түштү. Алексей учактын ортосунда отурган, онунчу же он биринчи катарда. Полициянын кирип келгенине таң калдым. Алгач бул кылмыш иши катары караларын түшүнгөн эмесмин, бирок коопсуздук кызматкерлери териштирүү иштерин баштагандай сезилди",-дейт Неженец.
"Новичок" заты менен ууландырылды
Омск ооруканасы эки күн бою Навальныйды уулангандарга жардам берген бөлүмдө дарылашты. Алгач анын абалы туруксуз деген жүйөө кармап, саясатчынын Германияга учуп кетүүсүнө уруксат берген жок. Бирок 22-августта Навальный Берлиндеги ооруканага жеткирилген.
Омсктун дарыгерлери, анын ичинде No 1 оорукананын башкы дарыгери Навальныйдын ууландырылганы боюнча далил жок деп айтышууда. Алар зат алмашуунун бузулушу деген диагноз коюшкан.
Би-Би-Си Омск шаарындагы саламаттыкты сактоо расмийлерине кайрылып, Навальныйга жардам көрсөтүлгөнү боюнча толук маалымат берүүнү суранды. Бирок расмийлер жооп берген жок.
Макаланы Анна Пушкарская, Елена Бердникова, Тимур Сазанов, Андрей Сошников жана Ксенья Чурманова даярдады.









