Орусиянын мурдагы чалгынчысын ууландырып кетиштиби?

Скрипаль

Сүрөттүн булагы, Moscow District Military Court/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Скрипаль 2006-жылы соттолуп, 13 жылга абакка кесилген

Орусияда чыккынчылык боюнча соттолгон мамлекеттин чалгын агенттигинин мурдагы офицери Сергей Скрипалды Англияда ууландырып кетишти деген жоромолдор болуп жатат.

Соода борборунда өзүн жаман сезгени үчүн 66 жаштагы эркек менен жаш кыз ооруканага жеткирилген.

Соода борбору жабылып, ага жакын жайгашкан райондордо коопсуздук кызматкерлер иликтөө иштерин баштады. Химиялык затка каршы костюмдарды кийген адистер соода борборунда дезинфекция иштерин дагы жүргүздү.

Скрипаль 2006-жылы чыккынчылык үчүн соттолуп, 2010-жылы эки орусиялык менен бирге мунапыс алган. Андан соң Москва айтылган чалгынчыларды АКШда кармалган орус агенттери менен алмашкан. Скрипаль Улуу Британияда жашап жаткан.

Decontamination work at Salisbury Hospital
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Химиялык затка каршы костюмдарды кийген адистер соода борборунда дезинфекция иштерин дагы жүргүздү

Скприпалдын кошуналары мурдагы чалгынчыны жакшы адам деп мүнөздөштү. Бир нече жыл мурун жубайынын көзү өтүп кеткенин айтып беришти.

Окуяга күбө болгондордүн Би-Би-Сиге айтымында, алар түштөн кийин саат төрттө дүкөндүн алдында эки адам отурганын байкашкан.

"Эркек киши эсин жоготуп койгондой эле сезилди. Мен убакытты карап, саат 16:10до эле мас болуп калдыбы деп таң калып койгом", -деди Солсбери аймагынын тургуну Фрейа Черч.

Дарыгерлер эки күндөн бери Скрипалдын жана анын жанында жүргөн жаш кыздын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп жатат.

Литвиненконун окуясына окшоштуктар бар

Британиянын расмийлери бул тууралуу үн ката элек. Би-Би-Синин коопсуздук боюнча кабарчысы Гордон Кореранын айтымында, Британияда уу заттар тууралуу сөз болгондо 2006-жылы болгон Александр Литвиненконун окуясы эске келет.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 1

ФСБнын мурдагы офицери Александр Литвиненко 2006-жылы 23-ноябрында Лондондун ооруканасында 43 жашында каза тапкан. Ага чейин Литвиненко Британиядан баш паанек сураган. Кийин тергөөчүлөр ал баш паанек сураганы үчүн өлтүрүлгөн деген тыянак чыгарышты.

Ошондой эле, 2016-жылы Литвиненконун ууландырылышы боюнча коомдук тергөө аны өлтүрүүнү президент Путин жактаган болушу мүмкүн деген тыянагын жарыялаган.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 2

Сергей Скрипаль деген ким?

Сергей Скрипаль 1951-жылы туулган. Көп жылдар бою Орусиянын чалгын агенттигинде кызмат кылып, полковник наамына чейин жеткен.

Орусиянын ММКларында Скрипаль тууралуу маалымат абдан аз. Бирок Би-Би-Синин Британиянын атайын кызматтарына жакын булагы Скрипаль десанттык күчтөрдө өзүн мыкты көрсөткөнүн айтты. Андан соң Скрипалды чалгындоо агенттиги ишке алган.

1990-жылдары Скрипаль Орусиянын чалгын агенттигинде чоң кызматты аркалап, атайын кызматка жаңы кадрларды тандоо жагында иштеген.

дом скрипаля в солсбери
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Скрипаль Улуу Британияда жашап жаткан

Орусиянын атайын кызматтары Скрипаль Британия тарапка 1995-жылы өткөн деген пикирде.

2004-жылы ФСБ Скрипалды Британиянын чалгынчылары менен кызматташканы үчүн камакка алып, ага чыккынчылык боюнча айып тагылган.

Орусиянын бийлиги Скрипаль пенсияга чыкса дагы, мурдагы кесиптештеринин жардамы менен жашыруун маалыматтарды алып, Британияга өткөрүп турган деген пикирде болуп жатат.

2006-жылы Скрипаль күнөөнү мойнуна алып, Москванын аскердик соту аны 13 жылга эркинен ажыраткан. Ал аскердик наамынан дагы айрылган.

Бирок 2010-жылы Скрипалды окумуштуу Игорь Сутягин менен жана дагы эки орусиялыкты кошо АКШда кармалган орус агенттери менен алмашуу чечими кабыл алынган.

Кошмо Штаттарында кармалган агенттердин катарында тышкы чалгындоо кызматынын генерал-майору Михаил Васенков жана Анна Чапман бар болчу.

Скрипалга мунапыс берүү боюнча документке мурдагы президент Дмитрий Медведев кол койгон. Орусиянын президенти мунапыс алуу үчүн Скрипаль жана үч орусиялык өздөрү кайрылганы айтылат.

АКШ Чапман менен башка орусиялык тыңчыларды тышкы чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги Александр Потеевдин маалыматына таянып кармашкан. Потеев мурда Орусиянын АКШдагы мыйзамсыз чалгындоо иштеринин башчысы болчу.

2010-жылы ал АКШга орусиялык тыңчылар тууралуу маалымат берип, өзү дагы Кошмо Штаттар тарапка өтүп кеткен. 2011-жылы мурдагы полковникти Орусиянын соту 25 жылга соттогон.

2016-жылы ММКалар Потеев АКШда каза тапканын маалымдашкан.

Кремлдин реакциясы

Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Скрипалдын өлүмү боюнча тергөө иштеринде чогуу кызматташалы деген сунуш менен Британия тарап кайрылган жок деп маалымдады.

"Каргашалуу окуя болду, бирок бизге эч кандай маалымат түшкөн жок, бизде анын себептери тууралуу информация жок, бул адам кандай иштерге аралашып жатканын билбейбиз", -деди Дмитрий Песков.

Бирок Песков Москва кызматташууга даяр экенин билдирди.