Орусия постсоветтик мейкиндикте таасирин жоготуп жатабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусиянын президенти Владимир Путин үчүн 2020-жыл оор жыл болду. Буга бир гана коронавирус пандемиясынын таасирин айтууга болбос эле. Соңку айларда Кремль бир катар геосаясий маселелерге туш келди.
Анын ичинде Беларустагы президенттик шайлоодон кийинки басылбай жаткан массалык нааразылыктар жана Түштүк Кавказдагы согуш. Бул окуялар Орусияга кандайча таасирин тийгизет? Би-Би-Синин Москвадагы кабарчысы Стив Розенберг жооп издеди.
Мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдө эбегейсиз өзгөрүүлөр болуп жатат. Беларуста оппозиция Москва колдоп жаткан диктаторго каршы чыгууда. Түштүктө болсо Орусиянын таасириндеги өлкөлөр Армения менен Азербайжан согуша кетти. Албетте, буга октябрдын башындагы Кыргызстандагы окуяны кошобуз. Кыргызстандагы соңку парламенттик шайлоо саясий кризиске алып келип, күтүүсүз жерден бийлик алмашты. Президент отставкага кетип, шайлоо тыянактары жокко чыгарылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Молдовада көбүрөөк Батышка ыктаган саясатчы Майя Сандунун президенттик шайлоону утуп келди. Натыйжада мунун баары Кремль үчүн кадыресе эле баш оору эмеспи.
Владимир Путин постсоветтик өлкөлөрдүн дале болсо Москванын таасириндеги аймак катары карап келет. Бирок ошол таасири азайып баратабы?
Түштүк Кавказда Орусия эки жүз жылдан бери негизги держава болуп келген. Аймакка башка өлкөлөр кийгилишкен эмес. Эми ага Түркия атаандаш болуп чыкты. Тоолуу Карабактагы согушта Азербайжан Түркиянын колдоосу менен Орусиянын салттуу союздашы болуп келген Арменияны жеңди.
"Менин оюмча, Карабакта чыны менен эле ошондой болду. Москванын таасири үчүн чыны менен геосаясий катастрофа болду. Бул Түштүк Кавказда гана эмес, постсоветтик мейкиндиктеги калган өлкөлөрдө да ушундай. Москванын аймактагы таасири барган сайын алсырап баратат",-дейт аналитик Константин Фон Эггерт.

Сүрөттүн булагы, AFP
Би-Би-Си бул жердеги Орусиялык тынчтык орнотуу күчтөрү менен сүйлөштү. Алар Түркиянын улам өсүп жаткан таасирине тынчсызданууда.
"Орусия бул жерде туруктуулукту кепилдикке алат. Ал эми башка өлкөлөр, тактап айтканда Түркия кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылышкан. Биз абалды жакшыртууга аракет кылабыз",-деди алардын бири.
Орусия өзүнүн аймагы катары эсептегендиктен улам негизги оюнчу катары көрүнгүсү келет. Муну бул жерге орус аскерлерин киргизүү менен көрсөтүүдө. Бирок анын империясынын мурунку бөлүгүндө азыр Москванын атаандашы бар. Түркия бул аймакка өз таасирин күчөтүүгө аракет кылып жатат.
Молдовада батышчыл саясатчы Майя Санду орусиячыл талапкерди жеңип, президент болду.

"Биздин максатыбыз - Европа Биримдигине жакындашуу. Бир күнү Европа Биримдигине мүчө болобуз деп үмүттөнөбүз",-деди Майя Санду. Бирок ага журналист:
- Орусия, мындайга жол береби? Орусия сиздин өлкөнү Европа Биримдигине кирүүгө уруксат береби?-деп сурады.
- Бул биздин тандообуз. Биздин өлкөнүн суверендүү, көз карандысыз өлкө катары чечимибиз. Бул Молдова Республикасынын чечими,-деп жооп берди.
Молдова Европадагы эң жакыр өлкөлөрдүн бири десек болот. Кремль Молдованы мурункудай эле Орусиянын орбитасында болушун каалайт. Тарыхы советтик болгону менен Румынияга жакын жайгашкандыгы Молдованы чыгыш менен батыш ортосундагы атаандаштык курчуган жерге айлантаары талашсыз. Жакында эле Орусия бул жерде ыңкылап уюштурган деп Американы айыптаган.
Москванын дагы деле айрым постсоветтик өлкөлөрдөгү өзгөрүүлөрдү басаңдатып, таасир этүү жолдору бар. Бирок Орусия да өзгөрүп жатат. Өзгөрүүлөр империялык дымагын артка таштап, улуттук мамлекеттик башкарууга өтүү жолунда. Супер держава болуп келген өлкө үчүн бул оор өзгөрүү.













