Тоолуу Карабак: Орусия менен Түркиянын кызыкчылыгындагы келишим болдубу?

Сүрөттүн булагы, KAREN MINASYAN/AFP
Армения менен Азербайжандын ортосундагы согушту токтоткон Тоолуу Карабак боюнча келишимде бул өлкөлөрдүн эмес, Түркия менен Орусиянын кызыкчылыгы эске алынды. Мындай пикирин "Кара бак" деген китептин автору, Тоолуу Карабак маселеси боюнча Батыштагы эң белгилүү эксперт Том Де Ваал New York Times басылмасына жазып чыкты.
Албетте, жыйынтыгында Армения утулду. Азербайжан утту. Аны менен бирге эле Түркия дагы Каспий деңизине транспорттук коридор алып, утушка ээ болду.
"Бул келишимди ойлоп тапкан Орусия дагы жеңишке жетти. Мурдагы Советтер Союзунун аймагындагы чыр-чатактуу жерлерден айырмаланып, ал Тоолуу Карабакта таасирлүү боло албай келген эле. Эми тынчтык күчтөрүн жайгаштырууга жол ачылды. Мунун өзү Орусияга мурда таасирин жоготкон региондогу аскердик кийлигишүүсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет",-деп эсептейт автор.
Эгерде келишим бузулуп, Тоолуу Карабакта калган армяндар өздөрүн кооптуу сезсе, мунун өзү жаңы чыр-чатакка алып келет. Мындайга жол бербеш үчүн бардык тараптардан олуттуу иш-аракеттер талап кылынат. Ал эми Москва менен Анкарадагы саясатчылардын бул маселе боюнча эксперттик түшүнүгү да, кызыкчылыгы да жок деп жазат Том Де Ваал.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
Армениялыктар Тоолуу Карабак үчүн кармашта жеңилип калганын кабыл алууга аргасыз болууда. Өкмөт Азербайжан менен тынчтык келишимин түзүп, жарыялагандан кийин нааразылык жүрүштөрү башталды. Өлкө жарандары көчөгө чыгып, премьер-министр Никол Пашинянга ачууланып жатышат. Айрымдар анын жумуштан кетишин талап кылууда.
Еревандагы парламент имаратынын алдына чогулган демонстранттар өкмөттү чыккынчылык үчүн айыптады. Көпчүлүк тургундар акыркы 30 жыл бою этникалык армяндардын башкаруусунда болуп келген анклавда жеңиш алыс эмес деп эсептешкен.
Азербайжан армиясынын Тоолуу Карабактагы аскердик операциясы 44 күнгө созулду. Башында аскер эксперттери тараптардын күчүн бирдей баалап келишкен. Азербайжан күчтөрү Шуша шаарын ээлеп алышы согуштун бурулуш учуру болуп калды. Бул шаар Тоолуу Карабактын борбору Степанакерттен бир нече чакырым аралыктагы бийик жерде жайгашкан. Шуша аркылуу Карабакты Армения менен байланыштырган жол өтөт.
Шушаны армян журналисттери "Карабактын жүрөгү жана ачкычы" деп мүнөздөп жатышты. Стратегиялык маанидеги шаардын алынышы Арменияны келишимге кол коюуга мажбур кылды.
Башында кырдаал курчуп, согушка айланып кеткенде көпчүлүк эксперттер Азербайжан ээлесе, айрым стратегиялык бийиктиктерди алат жана бир нече чарчы километр аймакка кирип барышы мүмкүн деп болжогон эле. (AbA)












