Жеңилүү ызаасы, толкуган эл: Армениядагы кырдаал

"Никол чыккынчы! Никол, кетсин!". Армения баш калаасы Еревандын борбордук бөлүгүндө миңдеген кишилер премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылууда.
Карабактагы согушту токтоткон келишим армяндарды катуу ызаа кылды. Нааразылыктар күчөп, оппозиция күн сайын митинг өткөрүүдө. Келишимге кол коюлган түнү эле Ереванда массалык тополоң болуп кетти. Нааразылык билдирип чыккандар өкмөт жана парламент имаратын бүлүндүрүп, спикерди сабап салган.
Оппозиция өкмөт башчыны отставкага кетирүүгө мажбурлайбыз деп ишенет. Тоолуу Карабак боюнча келишим армян күчтөрүн толук жеңилүүдөн сактап калды деген жүйөлөргө ишенбей жатышат. Бийликти алууга мүмкүн эмес, деп эскертти өкмөттүн аппарат башчысы Эдуард Агаджанян. Мындай пикирди башка бир катар саясий аналитиктер да айтууда.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Армяндардын көпчүлүгү өздөрүн аскердик пропаганданын курмандыгы болуп калдык деп эсептейт. Пашинян баштаган жогорку даражадагы аскер жетекчилери жана чиновниктер акыркы күнгө чейин майдан тилкесиндеги кырдаал жаман эмес, армия жеңишке жакын деп ишендирип келген. Пашинянды "элди алдады" деп, катуу сынга алып жатышат.
"Ал чыныгы кырдаалды көрсөткөндө болмок...Бирок пропаганда теңирден тескери иштеп жатты. Баары жакшы, кырдаал көзөмөлдө деп келишти. Мындайча айтканда, эмне болуп жатканын армяндар түшүнгөн жок. Азыр эми Пашинян кандай түшүндүрбөсүн, бул анын күнөөсү жана отставкага кетиши керек",-дейт митингчилердин бири жаш адвокат Альберт.
Көптөр реалдуу абалды эске алгысы келбей эле Пашинянды чыккынчылык үчүн айыптаганга өттү.
"Жеңилүү болгон жок! Согуш токтотулганы бул жеңилүү эмес!",-дейт митингчилердин бири Вагхе Эгоян.

Сүрөттүн булагы, EPA
"Эгерде согуштук аракеттер улана берсе, Азербайжан бир нече күн ичинде аймактын баарын ээлеп алмак",-деген эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабак республикасынын президенти Араик Арутюнянды сөзү дагы көптөрдү ынандырбай турат.
"44 күн бою биз жеңебиз деп, тынбай кулакка куюп келишти. Кечирип койгула, ушундан соң эл жеңилүү дегенди кантип кабыл алмак эле",-деп түшүндүрдү Эгоян.
Пашинян "Фейсбук" аркылуу катар-катар видео кайрылууларды жолдоп, кандай шартта тынчтык келишимине барганын түшүндүрүүдө. Мындай кадамга барбасак, Карабактагы армян күчтөрү толук талкаланмак деди ал.
Армян аналитиктеринин байкоосунда, эки жарым жыл ичинде Никол Пашинян бийликтин жоопкерчилигинин баарын өзүнө алып алган эле. Ошондуктан айыптоолордун баары азыр ага багытталууда. (AbA)












