Карабактагы согушту токтоткон келишим: нааразылык жана сабалган спикер

Сүрөттүн булагы, Reuters
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжан лидери Ильхам Алиев, Орусия президенти Владимир Путин Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча бирдиктүү билдирүүгө кол койду.
Келишимдин текстин ArmInfo агенттиги толугу менен жарыялады. Ага ылайык аймакка орусиялык тынчтык күчтөрү киргизилери белгилүү болду. Армения тарап 20-ноябрга чейин Азербайжанга "Агдам районунун жана армян тарап көзөмөлдөп келген Газах районун кайтарып берет" деп айтылат.
Тоолуу Карабакка орусиялык тынчтык күчтөрү киргизилерин Орусия президенти Владимир Путин дагы тастыктады. Айрым орусиялык басылмалар Орусиянын күчтөрү Карабакты көздөй багыт алганын кабарлап, сүрөттөрдү жарыялады.
"Билдирүүнүн тексти жеке мен үчүн жана биздин эл үчүн абдан оор. Мен аскердик абалды терең анализдеп жана кырдаалды жакшы билген кишилердин баасын угуп, ушундай чечим кабыл алдым",-деп жазды Пашинян "Фейсбуктагы" баракчасына. "Бул жеңиш да эмес, утулуу да эмес" деди ал.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы
Азербайжан президенти Ильхам Алиев дагы элге кайрылуу менен чыкты. Келишим эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына жооп берет деди ал. Ошондой эле тынчтык күчтөрүнүн катарында түркиялык аскерлер дагы боло турганын билдирди. Алиев келишимдин талаптарына токтолуп, Карабак согушунда жеңишке жетиштик деп жарыялады.
Армения 15-ноябрга чейин Келбажар районун, 1-декабрга чейин Лачин районун Азербайжанга кайтарып берет. БУУнун көзөмөлү алдында Тоолуу Карабакка жана ага караштуу райондорго качкындар кайтарылат.
Арменияда демонстранттар өкмөт жана парламент имаратына кирип барды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Тоолуу Карабак тынчтык келишимине кол коюлганы белгилүү болгондон кийин Ерванда массалык түрдө нааразылык акциясы башталып кетти. Келишим шарттарына нааразы болгон миңдеген кишилер чогулуп, өкмөт үйүнө кирип барышты.
Орусиялык маалымат агенттиктери жазгандай, "бир нече киши имараттын эшик-терезелерин талкалап, Пашиняндын кабинетиндеги табличканы жулуп ыргытышкан".
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
"Агрессивдүү маанайдагы кишилер кабинеттердин эшигин талкалап жатат",-деп билдирет ТАСС кабарчысы.
Полиция демонстранттардын аракетине тоскоолдук кылган жок. Интерфакс кабарчылары демонстранттардын бир бөлүгү Пашинян жашаган Еревандагы өкмөттүк дачаларды көздөй жөнөп кеткенин билдирди.

"Ал жерди кайтарып турган укук коргоо органдары премьер-министр үйүндө эмес экенин кабарлашкан. Полиция менен демонстранттар ортосунда кагылышуулар болду",-деп жазды агенттик.
Андан сырткары демонстранттар парламент имаратына дагы кирип барышты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
"Биз Никол Пашиняндын жооп беришин талап кылабыз. Мындайга кол койгонго ким укук берди?",-деген акциянын катышуучуларынын бири.
Демонстранттардын бир бөлүгү парламент спикери Арарат Мирзояндын кызматтык унаасын токтотуп, сабап салышкан. (AbA)













