Тоолуу Карабак: Шуша шаарын Азербайжан күчтөрү ээледиби?

сынган терезе

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Би-Би-Сиге берген интервьюсунда Тоолуу Карабак боюнча компромисс табууга мүмкүндүк азайып баратканын айтты. Анткени "биз аймактарыбызды күч менен артка кайтаруудабыз" деди ал.

"Алар убактысын коротууда. Менимче азыркы Армения премьер-министринин учурунда биздин тынчтыкка жетүүгө мүмкүндүгүбүз дээрлик жокко эсе",-деген азербайжан лидери.

Алиев эгерде Армения Тоолуу Карабактан аскер күчтөрүн чыгарып кетүүгө макул болсо, Азербайжан аскердик аракеттерин токтотот деп айтты. Ушундан кийин гана азербайжандык качкындарды Тоолуу Карабак аймагына кайтаруу жөнүндө сөз кылса болот.

Шуша шаары, 1988-жылдын 1-августундагы сүрөт

Сүрөттүн булагы, Джафаров Б.,Шарифов М./TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шуша шаары, 1988-жылдын 1-августундагы сүрөт

Жекшембиде Азербайжан тарап стратегиялык жаткан маанилүү эсептелип, Тоолуу Карабактын маданий борбору саналаган Шуша шаарын көзөмөлүнө алганын жарыялады.

Армения муну тастыктай элек. Бирок Шушанын жака-белинде айгышыкан кармаш болуп жатканын ырастады. Азербайжандын Коргоо министрлиги "шаарды толугу менен көзөмөлдөп жатканын" айтып, армян тараптын билдирүүсүн бурмаланган маалымат атады.

Шуша шаары - Карабактын символу жана өтө маанилүү стратегиялык пункт. Азербайжан Шушаны ээлеп ала турган болсо, автоном аймактын борбору саналган Степанакерт чоң коркунучта калат дейт эксперттер. 1992-жылы дагы Шушанын алынышы согуштун бурулуш учуру болуп калган. Анда армян күчтөрү шаарды ээлеп алып, Карабактагы жеңишти камсыздаган эле.

Азербайжан президенти коомдук сайттагы баракчасына Шушадагы жеңишти атасы Гейдар Алиевге арнаганын жазды. Эске сала кетсек, азырынча армян тарап шаар үчүн кармаш уланып жатканын айтууда.

майдан тилкесиндеги аскерлер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ал ортодо Бакуга Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жана коргоо министри Хулуси Акаром баштаган делегация келди. Алар президент Ильхам Алиев менен жолукту.

Ушул жылдын 27-сентябрында Карабакта кайрадан кырдаал курчуп, согушка айланды.

Карабак жаңжалы 1988-жылы башталган. Анда Тоолуу Карабак автоном облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарылган. Кийин 1992-1994-жылдардагы эки өлкөнүн ортосундагы аскердик тирештин жүрүшүндө Азербайжан Тоолуу Карабакка көзөмөлүн жоготту. Жаңжалды жайгаруу боюнча 1992-жылы ЕККУнун Минск тобу түзүлөт. Аймактын кимге таандык экени тууралуу талаштар согушка чейин жетип, 1994-жылы жарашуу келишими кабыл алынган.

Азыркы маалда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабак республикасын армян күчтөрү көзөмөлдөйт. Баку аймак оккупацияланган деп санайт.

1994-жылы аяктаган согуштан кийин Азербайжан бир гана Тоолуу Карабак эмес, аны курчап турган жети районуна көзөмөлүн жоготкон. 25 жылдан бери ЕККУнун Минск тобу тарабынан жүргүзүлүп келе жаткан дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн негизи дагы ушул аймактардын тагдыры болуп келген эле. (AbA)