Economist: Демократияны жерге көмүүгө ашыкпагыла

митингчилер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Советтер Союзунун ыдырашы анын курамынан чыккан өлкөлөрдүн айрымдарында демократияга жол ачты. Бирок азыр бул жараян артка кетип жаткандай, деп жазат Economist басылмасы.

Мурда демократиянын негизги коркунучу аскер төңкөрүштөрү болуп келген. Азыр эми бир топ татаалдашты. Ооба, демократиялык өлкөлөрдөгү көптөгөн жарандар өзүнүн өкмөтүнө, бийликтегилерге нааразы. Айрым лидерлер болсо мунун өз кызыкчылыгына пайдаланып кетүүдө. Маселен, Орусиянын президенти Владимир Путин элдин мындай нааразы жана каршы маанайын өз кызыкчылыгына пайдаланып келүүдө.

Үмүттү өчүрбөй турууга дагы себептер бар. Демократиянын күчү дайыма тынчытык жолу менен өзгөрүүлөрдү алып келет. Азырынча чыныгы шайлоолор өтүп жатканда, бийликтен кимдин бирөөнү кетирүүгө дайыма мүмкүнчүлүк бар. Шайлоочулар, карапайым кишилер демократияны каалаганын унутпоо зарыл. Алар темирдей катуу колду каалабайт. Кишилер кимдин башкарышын өздөрү тандаганды каалайт деп жазды басылма.

9-августта өткөн президенттик шайлоодон бери Беларуста каршылык жүрүштөрү токтобой жатат. БШК шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Лукашенко добуштардын 80 пайызын алып, жеңишке жетишкенин жарыялаган. Бирок көптөр шайлоо бурмаланганын айтып, президенттик шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылууда. Нааразылык акциялары маалындагы бийлик тарабынан күч колдонуу жана зомбулуктун болушу эл аралык коомчулуктун катуу сынына кабылды.

митингчилер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Октябрдын башында мурдагы союздук өлкөлөрдүн бири Кыргызстанда дагы саясий курч окулар болуп, дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурду

Октябрдын башында мурдагы союздук өлкөлөрдүн бири Кыргызстанда дагы саясий курч окуялар болуп, дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурду. Өткөн апталарда Financial Times басылмасы Кыргызстандагы саясий окуялар боюнча макаласын жарыялаган.

Басылма "соңку жыйырма жылдагы бийлик алмашуулардан улам Кыргызстанды - диктаторлор узак бийлик жүргүзүп келген Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен жападан жалгыз демократиялык өлкө деп аташарын" жазды.

Financial Times басылмасы алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор өлкөнүн демократиялуу деген статусун аныктайт деп белгиледи.

"Шайлоо таза өтүп, легитимдүү деп кабыл алынса, Кыргызстан демократиялуу мамлекет деген имиджин бекемдей алат. Албетте, кайра эле добуш сатып алуу, административдик ресурстарды колдонуу сыяктуу мыйзам бузуулар катталып, кайрадан башаламандык орношу дагы ыктымал",-деген басылмага берген маегинде саясий талдоочу Эрика Марат. (AbA)