Financial Times: "Алдыдагы шайлоолор Кыргызстандын демократиялуу деген статусун аныктайт"

Сүрөттүн булагы, AFP
Financial Times басылмасы Кыргызстандагы саясий окуялар боюнча макаласын жарыялады.
Басылма "соңку жыйырма жылдагы бийлик алмашуулардан улам Кыргызстанды - диктаторлор узак бийлик жүргүзүп келген Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен жападан жалгыз демократиялык өлкө деп аташарын" жазды.
"Эки жарым апта мурун эле Садыр Жапаров 11 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп, абакта жаткан эле. Элдик толкундоолор жана сотторго болгон кысымдын арты менен абактан мамлекет башчылыкка келди. Муну менен өлкөдө соңку он беш жылда үчүнчү жолу шайланып келген лидер алмашты. Башаламандык бул кокустук эмес, бул өлкөнүн саясий системасына мүнөздүү көрүнүшкө айланды" деп жазды басылма.
"Саясий партиялар системасы урап жатат. Чыныгы партия жок. Бул кишилер өз кызыкчылыктарын коргоого умутулууда. Тургундар саясий максаттарды ишке ашырууда массаны топтоп, атайын зомбулукту уюштурушканына көнүп деле калган",-деп басылма кыргызстандык саясат тануучу Азамат Темиркуловдун пикирин келтирген.
Кыязы, Жапаровдун бийликке келиши - Кыргызстандын саясий, экономикалык, аскердик өнөктөшү Орусия тарабанын көмүскө түрдө макулдашылган болушу мүмкүн. Бирок Москва Кыргызстанда түзүлгөн саясий кризиске ачык аралашуудан карманды. Ошентсе дагы Жапаровдун режими аларга ыңгайлуу экенин түшүнүүгө ишарат кылды, деп белгилейт басылма.
- Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун Би-Би-Сиге берген эксклюзивдүү маегин бул жерден окуңуз.
"Өлкөдө оор кылдаар түзүлгөн учурда Орусия колдоп жатканына ыраазычылык билдиргим келет",-деп айткан эле Жапаров Орусиянын Кыргызстандагы эличиси менен жолугушууда. Андан тышкары орус маалымат булактары С.Жапаров Кыргызстанга жөнөтүлгөн орус мугалимдеринин санын көбөйтүүнү суранганын жазышкан.
Financial Times басылмасы алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор өлкөнүн демократиялуу деген статусун аныктайт деп белгиледи.
"Шайлоо таза өтүп, легитимдүү деп кабыл алынса, Кыргызстан демократиялуу мамлекет деген имиджин бекемдей алат. Албетте, кайра эле добуш сатып алуу, административдик ресурстарды колдонуу сыяктуу мыйзам бузуулар катталып, кайрадан башаламандык орношу дагы ыктымал",-деди саясий талдоочу Эрика Марат. (AbA)












