Беларус: "Фашизмге каршы марш", жүздөгөндөр камакка алынды

Сүрөттүн булагы, EPA
Жекшемби күнү Беларустун баш калаасы Минск жана башка шаарларда кайрадан демонстрациялар болду. Минск калаасында эле эки жүзгө чукул киши камакка алынды. Полиция болсо нааразылык акцияга катышкандардын саны кыскарып жатканын айтууда.
Нааразылык акциялар Новополоцк, Брест, Пинск, Боровлян, Заславл жана Гродно сыяктуу бир нече шаарда өттү. Полиция демонстранттарды таратуу үчүн кулак тундурган граната сыяктуу атайын каражаттарды колдонду. Беларустагы адам укуктарын коргогон уюмдар камакка алынгандардын саны эки жүздөн кыйла көп экенин айтышууда.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн булагы, EPA
"Бүтүндөй Беларус диктатордун режимине каршы күрөшүп жатат. Ал өлкөдө чыныгы фашизмди орнотту: башка пикирде болгондорду жазалоо, шаар көчөлөрүндө аскерлешкен топтордун басмырлоосу күчөдү, адам укуктары жана демократиянын принциптери тебеленип, миңдеген саясий туткундар түрмөдө жатат",-деп айтылат оппозициянын маалымат булагына айланган "Нехта" телеграм-каналында.
Өткөн жумада Минск шаарында 31 жаштагы Роман Бондаренко жерге берилди. Ал нааразылык акциялардан символуна айланды. Жергиликтүү басылмалардын жазганына таянсак, Роман Бондаренкону беткап тагынган белгисиз кишилер ур-тепкиге алып, микроавтобус менен алып кетишкен. Tut.by жазгандай милиция бөлүмүнөн Бондаренко оор абалда ооруканага жаткырылып, көп өтпөй алган жаратынан кайтыш болуп калды. Милиция бул окуя териштирилип жатканын билдирүүдө.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Президент Александр Лукашенко каза болгон Бондаренконун жакындарына көңүл айтты. Тергөө комитетине шилтеме берип, ошол күнү Бондаренко мас абалда болушу мүмкүн деп айткан.
Президенттик шайлоодо Александр Лукашенконун негизги атаандашы болуп чыккан Светлана Тихановская болсо Беларустун ОМОН жана Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшкөн бөлүмүн террордук уюм деп таанууга чакырды.

Сүрөттүн булагы, Tut.by
9-августта өткөн президенттик шайлоодон бери Беларуста каршылык жүрүштөрү токтобой жатат. БШК шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Лукашенко добуштардын 80 пайызын алып, жеңишке жетишкенин жарыялаган. Бирок көптөр шайлоо бурмаланганын айтып, президенттик шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылууда.












