Минск: демонстранттарга ырайымсыз мамиле

Минскидеги митинг

Сүрөттүн булагы, AFP/getty

Беларустагы жекшембиде өткөн оппозициянын каршылык акциясы маалында беш жүздөй киши кармалды. Минскиде бул жолу күч түзүмдөрү көздөн жаш агызган газды көп колдонду.

Акцияга келгендер 12-августта митинг маалында каза тапкан Александр Тарайковскийди эскерүүгө чогулган. Андан кийин 12-ноябрда ур-токмоктон кийин каза тапкан Роман Бондаренконун элесине арнап жөө жүрүш кылышкан.

Минск

Сүрөттүн булагы, Reuters

Оппозициялык ЖМКлар бир нече видео жарыялады. Анда жарылуудан кийин акцияга чогулгандар туш тарапка качып жөнөгөнүн көрүүгө болот. Бир нече киши жаракат алган. Күч түзүмдөрү акция өтүп жаткан жерге суу аткычтарды дагы алып келишти. Ырайымсыз аракеттер менен митинг таратылып, аянт заматта эле бош калды. Көп өтпөй автобус менен жумушчуларды алып келип, аянтты тазалатышты.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 1

Акциялар Новогруд, Витебск, Светлогорск, Гомел, Гродно, Бобруйск сыяктуу бир нече шаарда өттү.

Президенттик шайлоодо Александр Лукашенконун негизги атаандашы болуп чыккан Светлана Тихановская видео кайрылуу менен чыгып, эл аралык коомчулукту беларус элинин укугун коргоого көмөк көрсөтүүгө чакырды.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 2

Тихановская келечегинде Александр Лукашенкону жана анын режимин коргогон тарапташтарын жоопко тарта турган элдик трибунал түзүлгөнүн жарыялады.

12-ноябрда Минскидеги ооруканалардын биринде 31 жаштагы Роман Бондаренко көз жумду. Жергиликтүү басылмалардын жазганына таянсак, аны беткап тагынган белгисиз кишилер ур-тепкиге алып, микроавтобус менен алып кетишкен. Tut.by жазгандай милиция бөлүмүнөн Бондаренко оор абалда ооруканага жаткырылып, көп өтпөй алган жаратынан кайтыш болуп калды. Милиция бул окуя териштирилип жатканын билдирүүдө.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 3
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 3

Президент Александр Лукашенко каза болгон Бондаренконун жакындарына көңүл айтты. Тергөө комитетине шилтеме берип, ошол күнү Бондаренко мас абалда болушу мүмкүн деди ал.

Александр Тайраковский 10-августтагы митинг маалында каза тапты. ИИМ Александрдын колундагы жардыргыч иштеп, ошондон каза тапканын айткан.

Euroradio телеграм-каналы жана Ассошиэйтед пресс агенттиги анын өлүмү маалындагы видеону жарыялаган. Андагы кадрларда Тарайковский эки колун көтөруп, милициянын атайын күчтөрүн көздөй басып келе жатканын көрүүгө болот. Анын колунда эч кандай буюм же зат болгону көрүнбөйт. Ал жакындап калганда милициянын атайын күчтөрү турган тараптан жарык чыгып, активист кулап түшкөнү көрүнөт.

Conflict Intelligence Team изилдөөчүлөрү Тарайковскийди гранатомет же ок атуучу куралдан КГБ же ИИМ кызматкери аткан деп эсептейт. (AbA)