Алексей Навальный Орусияга кайтып келет

Сүрөттүн булагы, @navalny
Ууландырылды деп айтылган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Орусияга кайтып барууну каалайт. Бул тууралуу саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш билдирди.
"Журналисттер тынымсыз жазып жатат, "Навальный чын эле Орусияга кайтып келеби" деген суроо жолдошууда. Мен кайрадан тактап кетейин: башка варианттар эч каралган эмес",-деп жазды Ярмыш "Твиттер" баракчасына.
Навальный болсо "Инстаграм" баракчасына сүрөт жарыялап, өз алдынча дем алып жатканын билдирди.
"Силерди сагындым. Азыр көп нерсени жасай албайм, бирок өз алдынча деп алып калдым. Эч кандай жардам беришкен жок, түтүктөр колдонулган жок. Өз алдынча дем алуу керемет экен, аны көптөр баалабайт. Силерге дагы өз алдынча дем алууну сунуштайм!",-деп жазган Навальный.
Учурда Навальный дарыланып жаткан "Шарите" ооруканасынын алдында аз сандагы куралчан коопсуздук кызматкерлери турат. Тастыктала элек маалыматтарга ылайык, куралчан полиция Навальный жаткан бөлмөнүн алдында дагы турат.
Ал ортодо Кремль президент Путин оппозициячыл саясатчы Навальный менен жолугат деген имиштерди четке какты.
"Биз андай жолугушуунун кажети жок деп эсептейбиз. Ошондуктан андай сүйлөшүүлөр болбойт",-деп билдирди Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Навальный 20-августта Сибирден Москваны көздөй учакка түшөөр алдында чай ичип, кийин өзүн жаман сезген. Учак Омск шаарына аргасыз конууга мажбур болду. Эки күндөн кийин Навальный Германиядагы ооруканага эс-учун билбеген абалда жеткирилген.
Германия Навальный "новичок" деген зат менен ууландырылганын айтууда. Ал эми Навальныйдын командасы президент Путин буйрук бергенден кийин саясатчы ууландырылганын билдиришүүдө. Кремль дооматтарды четке кагып келет.
2017-жылы Навальныйга эки жолу химиялык зат чачып кетишип, ал ооруканага түшкөн. Саясатчы коррупцияга каршы активист катары чыгып, 2011-жылы президент Путинге каршы эң ири нааразылык акциясын уюштурган. Ошондой эле 2017-жылы көз боёмочулук боюнча айыпталып, 2018-жылкы президенттик шайлоого катыша албай калган. Навальный өзүнө тагылган айыптарды "ойдон чыгарылган" деп четке каккан эле.
Өткөн жылы дагы саясатчы ооруканага түшкөн. Москванын 64-шаардык ооруканасы Навальный "курч аллергиялык реакция" болгонун билдирген. Бирок саясатчы диагноздон күмөн санап жатканын айткан эле.
"Новичок" деген эмне болгон уулу зат?
- "Новичок" деп аталган затты СССР 1970-80-жылдары жашыруун аскердик жайларда чыгарган. Аны "жаңы муундагы" уулуу заттардын катарына кошсо болот.
- "Новичок" камтыган A-230 химиялык заты Литвиненкону өлтүргөн VX затынан сегиз эсе күчтүү. VX затын ичип алган адам бир нече мүнөттүн ичинде каза табат.
- "Новичок" затынын суюк жана катуу түрлөрү бар. Ошондой эле "Новичоктогу" химиялык заттар өз алдынча кармалат, алар аралашканда гана өтө күчтүү уулуу затка айланат.
- Айрым маалыматтарга ылайык, "Новичок" затын Орусиянын армиясы химиялык курал катары каттаган.
- Орусиядан башка тарапка өтүп кеткен мурдагы чалгынчылар "Новичок" тууралуу биринчилерден болуп айтып беришкен. Ага чейин уулу зат тууралуу дүйнөлүк коомчулуктун кабары жок болчу.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ууланган кишинин жүрөгү, ичеги-карыны, табарсыгы жакшы иштебей калат. Ошондой эле уулуу зат мээге дагы түз таасир этет.
"Бул факторлордун комбинациясы биринчи кезекте мээнин иштешин бузуп, дем алууну кыйындатат. Ошондон киши эстен танат. Эгерде чукул арада жардам көрсөтпөсө, сактап калуу кыйын болот",-дейт токсикология боюнча адис, профессор Алистер Хэй.
Эксперттер Навальныйдын дарылануусу канчага созулаары тууралуу айтуудан карманууда. Бул бир нече факторлордон көз каранды. Анын ичинде уунун дозасы, алгачкы жардамдын көрсөтүлүшү, ууланган маалдагы саясатчынын саламаттыгы чоң мааниге ээ.













