Путиндин "хан сарайы": Навальный жаңы иликтөөсүн жарыялады

Сүрөттүн булагы, palace.navalny.com
Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный эки сааттык тасма жарыялап, анда Путиндин ишмердүүлүгүнө кеңири токтолгон. Иликтөөдө Кара деңиздин жээгиндеги имараттын президент Владимир Путинге тиешелүү экени айтылды. Мурда бул жайды көптөгөн басылмалар "Путиндин хан сарайы" катары атап келишкен эле.
Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков хан сарай тууралуу тасманы Кремль көрүп чыга электигин жана "кезектеги калп" болушу мүмкүндүгүн билдирген.
Коррупцияга каршы күрөшүү фонду (Орусияда чет элдик агент катары таанылган) иликтөөнүн негизинде атайын сайт түзүп, материалдарын жарыялады.
Иликтөөнүн борборунда Геленжик курорттук шаарынын жака-белиндеги аянты 17,6 миң чарчы метр хан сарай турат. Навальный муну "Орусиядагы эң чоң жеке менчик турак үй" деп атайт. Бул жерге жакын келгендердин баары бир нече жерге коюлган посттордон текшерүүдөн өтөт. Имаратка камерасы бар телефон алып кирүүгө мүмкүн эмес. Хан сарайдан сырткары бул жайда дагы бир нече имараттар бар. Деңиздин жээгине чыгуу үчүн атайын өтмөк курулганы айтылат иликтөөдө.
Комплекс жалпысы 68 гектар жерди ээлеп, анын айланасындагы 7000 гектар жер ФСБга караштуу деп айтылып, жабык аймак саналат. Би-Би-Синин Орус кызматы жазгандай, бул аймак аңчылык үчүн колдонулуп, аны хан сарайга ээлик кылган "Комплекс" ЖЧКсы ижарага алган. Ошондой эле аталган компания имараттын алдындагы жээкти дагы ижарага алган дейт иликтөөчүлөр. Бул жер үчүн "Импульс" деп аталган воронеждик майыптар уюму соттошуп келүүдө. Коррупцияга каршы күрөшүү фонду ФСБ бул аймакта балык уулоого, учактардын учуп өтүүсүнө дагы тыюу салганын жазды.
Навальный хан сарайдагы кымбат баалуу эмеректердин сүрөттөрүн дагы жарыялады. Алардын ичинен 2 млн рублга бааланган диван жана 4 млн рубль делген стол өзгөчө бөлүнүп турат.

Сүрөттүн булагы, palace.navalny.com
"Проект" басылмасы ырастагандай, Путин Кара деңизге келгенде расмий жолугушууларын Сочидеги резиденциясында өткөрөт. Бирок Геленжикке тез-тез келип, өзүнө жакын кишилер менен жолугат.
Хан сарайга катар эле вино чыгарган бир нече чарбалар жайгашкан жана завод курулууда. Иликтөөдө бул жай Путиндин курсташы Николай Егоровго таандык фирмага караштуу деп көрсөтүлдү.
Коррупцияга каршы күрөш фонду хан сарайдын курулушун каржылоо булактары тууралуу маалыматтарды берди. Анда Путиндин тарапташтарынын ысымдары аталган. "Транснефтинин" башчысы Николай Токарев, "Роснефтинин" башчысы Игорь Сечин, ишкерлер Юрий Ковальчук менен Геннадий Тимченко. Ошондой эле схемада Путиндин жакын таанышы саналган Светлана Кривоногихдин, спортчу Алина Кабаеванын ысымдары аталган. (AbA)









