Жакырчылыктын дарысы - Нобелдин экономика сыйлыгы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнө жакырчылык менен күрөшкө миллиарддаган каражаттарды сарптайт. Индиядагы дааратканалар үчүн, Африкадагы суу түтүктөрү үчүн, Латын Америкадагы мектептер үчүн деп каражаттар чогулат. Мунун баары канчалык натыйжалуу иштейт? Жакырчылык менен күрөштө натыйжалуу жолду кантип тапса болот?
Кеп бул жерде акча жөнүндө болуп жаткандан кийин, бул суроо эми экономисттерге жолдонот. Дал мына ушул суроого көөшөрүп жооп издеген үч окумуштуу Нобелдин экономика сыйлыгын жеңип алды.
Швед академиясынын экономика илими боюнча сыйлыгы дүйнөдөгү жакырчылыкка каршы күрөшкө салым кошкону үчүн америкалык окумуштуулар Абхиджит Банержи, Майкл Кремер жана Францияда төрөлүп, бирок учурда АКШда эмгектенген экономист Эстер Дюфлого ыйгарылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөнүн ар бир онунчу жашоочусу жакырчылыкты жон териси менен сезип жашайт. Жетишпеген өп-чап жашоо ден соолукту, калктын ишке жарамдуу жана илимий потенциалын бузуп, саясаттагы олку-солку кырдаалды жаратат.
Көйгөй белгилүү, андан чыгууга жардам берем дегендер деле аз эмес. Өнүккөн өлкөлөрдүн, Дүйнөлүк банктын берген насыялары, миллиардер-филантроптордун кайрымдуулук үчүн берген каражаттары канчалык натыжайлуу? Болгону ушуга илимий жооп жок.
Мурда чечимди филантроптор же жардам берген өлкөнүн саясатчылары, жардам алган тарап өздөрү кабыл алчу. Көп учурда алар саясий максаттардан чыкпай эле аракеттенишкен.
Майкл Кремер мындай каражаттардын сарпталышы канчалык натыйжалуу дегенди эксперименталдык жол менен сынап көрдү. Ал Кенияга барып, бир долларлык жардам кандай болгондо эң көп натыйжа берет дегенди аныктады. Дюфло менен Банержи ал баштаган ишти андан ары өнүктүрдү.
"Экономика илими ХХI кылымда өткөн ХХ кылымдагы медицина басып өткөн жолду кайталашы керек. Бул адашуу жана изилдөө, дискуссия жана эксперименттер", - деди Дюфло.
"Медицина илими бардык ооруларга даба болчу дарыны берген жок. Бирок акырындап олтуруп, азыр эми дарыгерлер жыл сайын миллиондогон кишинин өмүрүн сактап калууда. Биз экономисттер дагы ушуга жетишибиз керек".
Жакырчылыктын дабасын издеген Дюфло менен Банерджи "жакырчылыкка каршы күрөшүүнүн лабораториясын" - Poverty Action Lab түзүп, бүт дүйнөдөгү окумуштууларды ушул экспериментке тартууга аракет кылды.
Алар тажрыйба аркылуу гана кандай экономикалык жана социалдык чаралар жакырчылыкты кыскартып, анын кесепеттерин жоюуда натыйжалуу болорун түшүнсө болот дейт. Ошондуктан саясий жана академиялык бийиктиктерден жерге түшүп, иш бөлмөдөгү жагымдуу шарттарды таштап, индиялык жакыр кыштакка бет алган туура. Андан кийин африкалык айылдарга сапар улаңыз.
Анткени эксперименттер күтүүсүз жыйынтыктарды берди. Маселен, жакыр өлкөлөрдөгү билим берүү тармагына берилген жардамдар - кошумча мугалимдер, бекер тамак, мектеп формасы жана стипендияга чыгымдалганы аныкталган.
Ошол эле маалда билимдин артыкчылыгы тууралуу маалыматтык өнөктүк жүргүзгөндө, сарпталган ар бир доллар 15 эсе натыйжалуу болуп чыкты.
Эгерде ушул эле каражатты балдардын митенин натыйжасындагы ичеги-карын ооруларына салса, он эсе натыйжа берген. Анткени бул илдет билим берүү тармагын дагы аксатып, экономикалык дагы зыян алып келет.
Буга чейин билим берүүгө акча сарпталганда негизги артыкчылык балдардын митенин натыйжасындагы ичеги-карын оорулары болушу керек деген эч кимдин оюна дагы келген эмес.
Анын жыйынтыктары тууралуу Давосто өткөн жылдык жыйында айтылгандан кийин мектеп жашындагы 26 өлкөдөн 20 млн. баланы дарылоого бир жыл ичинде акча табылды.
Нобелдин комитети мына ушундай жыйынтыктарды эске алуу менен сыйлыкты ыйгарган. (AbA)







