Айга жетип кулаган америкалык аппараттын иши токтогон жок

Сүрөттүн булагы, INTUITIVE MACHINES
Тарыхта биринчи жолу америкалык жеке менчик “Одиссей” космостук модулунун айга конгону технологиялык зор окуя болуп калды. Аппарат айга жакшы жетти деген менен божомолго караганда ал "чалынып", капталынан кулап калган өңдүү.
Ээси Техастагы Intuitive Machines компаниясынын айтымында, аппарат жакшы абалда. Ал “Одиссейде” энергиянын жетиштүү запасы бар жана Жер менен байланышта экенин айтты.
Бул миссияны техникалык жактан бир калыпта өттү деп айтууга болбойт.
Кеме Айдын бетине жакындай баштаганга чейин көзөмөлдөөчүлөр кеменин бийиктигин жана ылдамдыгын эсептей турган аралыкты аныктоочу лазерлери туура иштебей жатканын аныкташкан.
Бирок бортко резервдик эксперименталдык НАСАнын лазерлери орнотулуп, инженерлер аларды навигациялык компьютерлерге туташтыра алышкан.
“Одиссей” 22-февраль, бейшемби күнү Гринвич убактысы боюнча саат 23:23тө Айдын бетине конду. Бир топ убакытка чейин андан эч кандай сигнал болгон жок.
Андан кийин бошлор-болбос сигнал келген, муну менен роботтун туура эмес конгонун түшүнүүгө болот эле.
Болжол менен эки сааттан кийин Instuitive Machines кеме түз конгонун жана ал алгачкы маалыматтарды, анын ичинде сүрөттөрдү жөнөткөнүн билдирген. Бирок белгилүү болгондой, “Одиссейдин” вертикалдууу түрдө тургандыгы тууралуу маалымат берүүдө шашышкан.

Сүрөттүн булагы, NASA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Instuitive Machines компаниясынын башкы директору Стив Алтемус, азырынча так эмне болгону белгисиз дейт. Бирок маалыматтарга караганда, конуу маалында “Одиссейдин” тирөөч буту жерге тийип, бир нерсеге кептелип, капталга жылып жатканда кулап түшкөн. Жөнөкөй сөз менен айтканда, робот чалынган.
Жапон космостук модулу SLIM жакында эле ушундай кыйынчылыктарды башынан өткөрдү: 19-январда ал Айга конуп, бирок маңдайы менен кулап, натыйжада анын күн батареялары бир канча убакыт иштебей калган. Андан кийин бардык модулдук системалардын иштеши калыбына келтирилди.
Конуу учурунда тирөөчтөрдүн бирине америкалык учак зыян келтирген деген да ыктымалдуулуктар бар. Тигил же бул инерциялык сенсорлор “Одиссейдин” корпусу горизонталдуу абалда экенин көрсөтүп турат.
Бирок, илимпоздор сүйүнгөн: “Одиссей” эмне себептен кулап түшпөсүн, анын иштөө приборлору жабыркаган эмес. Анын антенналары Жерге багытталган, ал эми күн панелдери андан ары иштөө жана батареяларды заряддоо үчүн энергия алууну улантууда.
Мындан тышкары, аппараттын иштеши үчүн зарыл болгон бардык илимий приборлор, горизанталдуу абалда жаткан кеменин өйдө каратылган жагында. Бул белгилүү бир өлчөмдө байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
"Биз сүрөттөрдү алып, структураны жана бардык тышкы жабдууларды карап чыгабыз деп үмүттөнөбүз" деди Алтемус журналисттерге. "Азырынча аппарат оодарылып кеткенине карабастан, бизде бир топ натыйжалуу мүмкүнчүлүктөр бар. "Бул абдан кубандырат, биз операцияны үстүртөн улантып жатабыз”.
АКШнын космос агенттигинин Lunar Reconnaissance Orbiter спутниги “Одиссейдин” жайгашкан жерин тастыктоо үчүн ушул дем алыш күндөрү издөөгө чыгат.
Муз издеп…
Конгон жер беш километр бийиктиктеги Малаперт тоо кыркасынын жанындагы кратердик аймак болгон.
Бул учактар конгон Айдын эң түштүк чекити.
НАСА өзүнүн “Артемида” программасынын алкагында 5-6 жылдын ичинде бул жерге экипажын кондуруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.
Күн нуру эч качан жетпеген аймакта бир нече терең кратерлер бар, окумуштуулар аларда тоңгон суу болушу мүмкүн деп эсептешет.
Одиссей өткөн шаршемби күнү Айдын орбитасына ийгиликтүү кирди
"Муз чынында эле маанилүү, эгерде биз аны Айдын бетинен таап, андан пайдалана алсак, учуп баратканда өзүбүз менен азыраак материал алып барышыбыз керек болот", - деп түшүндүрөт НАСАнын планета илиминин башчысы Лори Глейз.
Окумуштуулардын пикири боюнча, муз ичүүчү суу маселесин гана чечпестен, андан күйүүчү май жана космонавттардын дем алуу аппараттары үчүн кычкылтек менен суутекти бөлүп алууга мүмкүн болмок.
Зыяндуу чаң
"Одиссей" НАСАнын аспаптары менен жабдылган, алар адистердин айтымында, алдыңкы технология менен илимди айкалыштырат.
Бул миссиянын негизги изилдөөсү – Ай чаңын изилдөө болот. Айга барган “Аполлон” астронавттарынын айтымында, чаң дайыма миссияларга негизги тоскоолдук болуп келген – ал жабдууларды чийип, бүтөп коёт.
Окумуштуулар чаңдын түшүү динамикасын жакшыраак түшүнүүгө аракет кылышат.
Айга космостук аппараттарын ийгиликтүү кондурууга саналуу гана өлкөлөр жетишти. Муну АКШдан тышкары мурдагы СССР, Кытай, Индия жана Япония жасаган (NO).







