Астронавттын тамагы: “Атаганат, космос бекетинде тим эле даамдуу, ысык пицца жегиң келет да!...”

An Astronaut with a Cup of Beer and Hamburger

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Астронавт Никол Стотт айымдын Википедиядагы сүрөтү

2023-жылы 15-мартта НАСА агенттиги 2025-жылы Айга бара турган астронавттар үчүн жасалган жаңы муундагы атайын кийимдин (скафандр) жаңы түрүнүн бет ачаарын өткөрдү.

Ушул окуяга байланыштуу космостук саякаттын катышуучуларынын турмуш тиричиликтик чоо-жайына кызыгуулар ого бетер арткандай болду.

Америкалык космостук саякатчылар кийген скафандр түрү 1981-жылдан бери толугу менен кайра долбоорлоно элек болчу.

Эми жакынкы болочокто сунуш кылынчу скафандрдын алгачкы үлгүсү астронавт айымдар үчүн мурдагыдан алда канча ылайыктуураак деп бааланууда.

Эгерде бул үлгү биротоло кабыл алынса, анда "Артемида III" сапарын жүзөгө ашырып, Айга коно турган астронавттардын жаңы тобу (экипажы) дал ушул скафандрды колдонмокчу. Айтмакчы, АКШнын алгачкы астронавттары Айга конгон учурдан бери жарым кылымдай убакыт өттү.

Ушунчалык кызыктуу маселе - жаңы скафандр кийип, Айга кайра баруу көйгөйлөрү кызуу талкууланып жаткан учурда калайыктын бир бөлүгү космос мейкиндигине жеткен кишилер үчүн тиричилик жагдайлары кандайча уюштурулат жана тамактануу сыяктуу демейдеги иш-аракеттердин мүнөзү кандай болот? деген суроолорго кызыгууда.

Би-Би-Синин азык-түлүк көйгөйлөрүнө арналган англисче "Азык-түлүк чынжыры" ("Food Chain") үналгы берүүсү НАСАнын ардагер астронавты Никол Стотт айым менен ушул өңүттөр жаатында кеңири баарлашты.

"Пиццаны аябай сагынган элем!.."

Nicole Stott talking at an event

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Никол Стотт айым Эл аралык космос станциясында иштеп жаткан учурда пице жегиси келе бергенин айтат

"Мен чындап эле пицца жесем деп ойлоно берчүмүн", - деп ардагер астронавт Никол Стотт айым мойнуна алды.

1962-жылы туулган Стотт айым Эл аралык космос бекетинде эки башка иш сапарда болгон. Ал жалпысынан 102 күндөн ашуун убакыт бою (90 күн жана 11 сааттай: 29.8.2009 - 25.11.2009; 12 күн жана 19 сааттай: 24.2.2011 - 09.3.2011) орбитада болуп, атайын даярдалган астронавттык тамак түрлөрү менен азыктанган.

Астронавт айым эриндерин тамшана жаланып: "Чындыгында эле сагыздай чоюлган, катырак кабыгы бар, сыры эрип жана суюк татымалы тим эле ысып турган пиццанын сонун кесими көңүлгө келбей койбойт тура", - деп сүйүктүү тамагын сүрөттөй кетти.

Космостогу астронавттардын тамак тизими (менюсу) тартылуу күчү таптакыр жок болчу космос чөйрөсүнө ылайыкташтырылышы керек, андыктан, маселен, күкүмдөрдүн космос кемесинде жана космос бекетинде калкып учуп калбашы үчүн бул тизимге нан кошулбайт. Астронавттар салттык нандын ордуна байыркы ацтектерден калган мезоамерикалык азык болгон жана үбөлөнбөгөн калама кебетеленген тортилланы жешет.

"Эртең мененки тамакка аралаштырып туруп куурулган жумуртканы жесеңиз болот. Кааласаңыз, мына мынчалык кичинекей омлетти да жесеңиз болот".

Эл аралык космос бекетиндеги астронавттардын топтору ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн куралган. Стоттун айтымында, астронавттар көбүнчө өздөрү үчүн алып келинген тамак-ашын мектеп окуучулары сыяктуу эле бири-бири менен айырбаштап жей беришет.

"Түшкү тамак үчүн ар кыл түрдөгү шорполор сунушталчу. Кайра эле алиги тортилла каламасына каалаган нерсени ороп алып жесеңиз болот. Кечки тамакка келсек, менин сүйүктүү тамагым - "карри" аттуу суюк татымал кошулган айтылуу "жапон карриси" болду. Ал - аябай даамдуу тамак".

Абада калкып учуп жүргөн тамак

Astronaut Loren Shriver, pursues several floating chocolate candies on the flight deck of the Space Shuttle Atlantis in 1992

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гравитация жок жерде тамак жеш өзүнчө эле кызык

Баса, эл аралык космос бекетинде эч кандай жайпак табактар жана чуңкур аяктар жок, ошондуктан баары жоктун баары калкып учуп жүрөт.

Астронавттар жеген тамак-аш жогорку деңгээлде иштеп чыгарылат. Азыктын салмагын азайтуу үчүн тамак-аш азыктарынан суу сордурулуп алынат. Бекеттеги ысык жана муздак суу сунушталчу жабдууларды (диспенсерлерди) колдонуп, астронавттар тамак ичээр алдында тиешелүү азыкты кайра жибитип алышат (муну "регидрациялоо" деп аташат).

Желе турган азыктар атайын таңгактарда келет, ошондуктан астронавттар тиешелүү таңгакты табак жана атайын кашык иретинде колдонушат.

"Ушундай узун кашык менен күрүчүңүздү сузуп алып, анан аны карриге малууга аракет кыласыз. Күрүчтү карриге жаап алсаңыз, анан сиз ушундай кичинекей калкып турма азыкка ыракаттанасыз", - деп Стотт айым түшүндүрдү.

Калкып учуп жүрүүчү тамакты жеш абдан кыйын болсо керек? Деги Стотт айым андай тамакты кантип кабыл алды болду экен?

"Бул калкыма тамактын баары чындап эле Сиз эрмектей турган көрүнүш. Демек, тамакты бири-бирине калкыта жылдыруу же жөн эле аны калкып турган маалында жеп көрүү - тим эле оюн-зооктой учур болчу".

Кайра тазаланып колдонулчу суу

Food tray with different items for the astronauts

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Космостук бекетке жибериле турган тамактардан суу чыгарылып, салмагы азайтылат

Космосто денеңиздеги суунун көлөмүн ырааттуу сактооңуз өтө маанилүү. Бирок сууну улам-улам каяктан табууга туура келет?

Албетте, суунун бир бөлүгү космос бекетине жаңыдан келген астронавттар менен бирге Жерден алынат, ал эми суунун калганы бекеттеги колдонулган (булганыч) сууну кайра иштетүүдөн өндүрүлөт.

Космостук кеменин күйүүчү отунунун курамынан чыккан саркынды суулар, бекеттеги нымдуулук жана ал тургай киши заарасы - бекетте кайра иштетиле турган суунун булактарынын тизмесиндеги булганыч делген суулардан болушат.

Бул сөз алгач уккан кишиге жийиркеничтүү кабыл алынышы ажеп эмес, бирок НАСА агенттиги бул саркындылардан кайра тазаланган суу биздин көпчүлүгүбүздүн Жер бетинде ичкен суубузга салыштырмалуу алда канча таза деп ырастайт.

Дени сак бойдон калуу көйгөйлөрү

NASA astronaut Scott Kelly gathers the supply of fresh fruit in space

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эл аралык космост бекетинде астронвавттар жашылча-жемишти бир гана жолу запастарды толуктоо убагында алышат

Албетте, астронавттын азыкты аш кылуусунун олуттуу жагы бар жана бул - тамактануу. Космосто тең салмактуу тамактануу космосто учуу абалынын кишинин саламаттыгына тийгизчү кесепеттерин жеңип чыгууга өбөлгө жаратат.

НАСАнын башкы диетологу, илим доктору Скотт Смит мырза салмак жана сөөктүн азайышы сыяктуу ден соолук маселелерин козгоп жатып: "Биздин денебиз космосто жүргөн чагыбызда тездетилген картаюу жүрүмүнө кабылат", - деп түшүндүрдү.

"Биз кишилер космосто учуу кезеңинде арыктап, салмагын азайтып калаарын билебиз. Ичкен тамак ашказаныңызга Жерде жүргөнүңүздөгүдөй эле оңой-олтоң сиңирилип калбайт окшойт, деп шектенип жатабыз. Ашказаныңыз, чындыгында, ачка болсоңуз деле мээңизге "кардыңыз ток экенин айтып" турат экен, ошондуктан биз ар бир астронавтка тамакты качан ичүүсү керектигин эскертүү үчүн iPad колдонмосун тапшырабыз".

Башка саламаттык көйгөйлөрүнүн бири - сөөктүн жукарышы болсо керек.

"Космосто учуп жүргөн учурдагы сөөктүн жукарышы - аялдарда айыз күндөрү токтоп калгандагы сөөктүн жукарышына караганда болжол менен 10 эсе тезирээк жүрөт", - дейт Смит мырза.

Ошондуктан астронавттын тулкусундагы микроэлементтердин, көмүр-суутектин, протеиндердин, витаминдердин жана минералдардын азык аркылуу тең салмактуу сиңирилишин камсыздоо дененин сактыгы үчүн абдан маанилүү. Ал эми Смит мырзанын кошумча түшүндүргөнүнө караганда, мындай тең салмактуу азык астронавттын психикалык абалын да жакшыртат.

"Жүк ташыгыч унаа космос бекетине жүк жеткирип барган сайын биз жаңы жемиштерден, жашылчалардан, апелсин, алма, калемпир жана токой мөмөлөрүнөн турган чакан кутуну жөнөтөбүз. Бул мөмө-жемиш жана жашылчалар узак убакытка чыдабайт, бирок алар жеткирилгенде бекеттеги астронавттарга психологиялык жактан жагымдуулук тартуулап, зор таасир этет".

Шоколад, коон жана... шарап

Russian cosmonaut Alexey Ovchinin, holding a watermelon

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россиялык космонавт Алексей Овчининди 2016-жылы Жерге кайтып келгенде дароо дарбыз менен сыйлашты

Жалпысынан алганда, Смит мырза космостук тамак-аш ал жакка барбаган кишилер ойлогондон алда канча жакшыраак деп айтты жана анын тыянагын Стотт айым да колдоого алды.

"Тамактан тажаган учурум эч эсимде жок", - дейт Стотт айым.

Космостук бекетте иштеп аткан топтун өкүлдөрүнүн үй-бүлө мүчөлөрү бекетке жаңы жүктү жеткирүү учурунда айрым азык-түлүк түрлөрүн кошо жөнөтүп коюуну жактырышчу.

Никол Стоттун күйөөсү бир жолу Лондондон ага кара шоколад менен капталган момпосуй жөнөткөн. Ал эми Стотт айымга шериктеш кээ бир астронавттарга шарап менен лосось балыгынын сүрсүгөн эти жөнөтүлгөн. Албетте, буларды космостук бекеттегилер өз ара үлөшүп ооз тийишкен.

Албетте, космосто жүргөндө киши өтө сагынган, бирок жете албай жүргөн азык-түлүк түрлөрү деле болот. Астронавт андай тамакты Жерге кайтаар замат жегиси келет. Мисалы, 1971-жылы туулган орусиялык космонавт Алексей Овчинин 2016-жылы космостон Жерге кайтып түшөөр замат аны дарбыз менен тосуп алышкан.

(2015-жылдын күзүндө Алексей Овчинин космонавт Олег Скрипочка менен бирге Эл аралык космос бекетинде иштеп жаткан астронавттар үчүн арналган түрдүү тамактардын даамын татып көрүүгө катышкан. Бул иш-чара Юрий Гагагин атындагы космонавттарды даярдоо борборунда уюштурулган. Сегиз күндүн ичинде бул эки космонавт тамактын 160 түрүнүн даамын татып көрүшкөн. https://ru.wikipedia.org/wiki /Овчинин,_Алексей_Николаевич

Айтмакчы, өткөн кылымда советтик космонавттардын азыктарын жана дары-дармегин даярдоого кыргызстандык окумуштуу, профессор Арстанбек Алыбаевич Алтымышев да салым кошкон. Кийинчерээк ал С.П.Королёв атындагы медал менен сыйланган. - Ред.)

http://nlkr.gov.kg/v-natsionalnoj-biblioteke-kyrgyzskoj-respubliki-sostoitsya-otkrytie-knizhno-illyustrativnoj-vystavki-na-temu-b-tk-l-adamzatty-ajyktyruunu-kyyaldangan-uluu-daryger-i-vecher-pamyati-posvyashhennoj-90/

АКШнын НАСА агенттиги Канаданын космостук агенттиги (CSA) менен бирдикте "Космостун түпкүрүнө карай сапардагы азык-түлүк түзүү милдети" (Deep Space Food Challenge) деп аталган биргелешкен ишкананы негиздешти. Азыркы тапта ал биргелешкен ишканада болочоктогу узак мөөнөттүк космостук сапарлар маалында колдонууга жарамдуу азык-түлүк системаларын түзүү долбоорлору жүзөгө ашырылууда.

"Менин оюмча, жаркын келечекте дагы далай саамалыктар бизди күтүп жатат", - дейт Стотт айым.

61 жаштагы ардагер астронавт Никол Стотт айым болочоктогу космостук азыктар буурчак бүдүрүндөй чоңдукта болушу ыктымал, же ичине ным киргизүүгө даяр көп көзөнөктүү кургак зат түрүндө болуп, бир аз суу кошсоңуз эле барсайып, жегенге жарамдуу болуп калышы ажеп эмес, деп кыялдана кетти. (TT)