"Бул укмуштардын чети эле". НЛОнун "чоң сыры" эмнеге сенсация болбой калды?
Николай Воронин, илимий кабарчы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Отставкадагы үч аскер учкучу Конгресске (ант алдында) Белгисиз Учуучу Объекттер (БУО) жана кандайдыр бир "адамга тийешеси жок биоматериалдар" жөнүндө айтып беришти. Бирок, Америкада эч ким ага таң калган жок."
Ушундай сүйлөм менен башталган макала өткөн бейшемби күнү америкалык Fortune бизнес-басылмасында пайда болду - толугу менен БУОго арналган биринчи расмий парламенттик угуулардын жүрүшүндө кээ бир укмуштуудай сенсациялуу билдирүүлөр жасалган.
Мисалы, америкалык куралдуу күчтөрдүн ардактуу ардагери, элиталык Black Aces аскердик авиация бөлүгүнүн мурдагы командири Дэвид Фэйвор конгрессмендерге 2004-жылы Калифорнияда "учуучу табакты" кантип "коркутуп" жибергенин айтып берди.
Анын айтымында, ал убакта “ак түстөгү, сүйрү (белгисиз учуучу) объект” океандын үстүндө, штаттын түштүк жээгинде дээрлик эки жумадай абада калкып турган.
Акыры, аскер кызматкерлери жакыныраак барууну чечкенде, кыязы, "объект" аныкталып калганын билген соң , бир нече секунданын ичинде, бизге белгилүү болгон физиканын бардык мыйзамдарын бузуп, ойго келбеген ылдамдыкта учуп кетти.
Бирок ага чейин анын кантип абада калкып турганы да такыр түшүнүксүз болчу.
Ал "учуучу объекттин" канаттары болгон эмес - кыймылдаткычтар, винттер же анын тартылуу күчүн кантип компенсациялай аларын түшүндүрө турган башка структуралык элементтери жок эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Базага кайтып келгенден кийин, Фэйвор алгач, көргөндөрү тууралуу айтып берип, курал колдонууга даяр турган кол алдындагыларга жай алууга буйрук берди. Андан кийин ал өз жетекчилерине тезинен билдирүү жазып, расмий териштирүүнү күтө баштады.
"Биздин түшүнүгүбүздөн тышкары"
Ошол бойдон Пентагондон бул тууралуу ал менен эч ким байланышкан эмес, деп ишендирди учкуч. Ошол жылы да, андан кийинки жылы да, акыры ал пенсияга чыгып кеткиче да эч ким байланышка чыккан эмес.
Ошондуктан, Америка жана аны менен бирге дүйнө бул окуянын чоо-жайын азыр гана - дээрлик жыйырма жылдан кийин угуп олтурат.
“Ушундай объектилер биздин улуттук коопсуздугубузга коркунуч келтирет деп ойлойсузбу?” – деп, аягында жыйындын төрагасы Тим Берчетт күбөдөн сурады.
Бир-эки секундага созулган жымжырттык, ардагердин даяр жообу жок экенинен белги берди.
"Ооба," деди ал акыры, “Эмне үчүн экенин мен түшүндүрүп берем. Биз иш жүзүндө көргөн ал технологиялар биздин аскердик мүмкүнчүлүктөрүбүздөн эбегейсиз ашып түшөт.”
“Эгер кимдир бирөө бул технологияларга жетүү, анын иштөө принцибин түшүнүү жана (жер бетинде) көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, анда биз ага таптакыр каршы тура албайбыз."

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Учурда, дүйнөдө кимдир бирөө ушундай объектке ээ болушу мүмкүн экени тууралуу эч нерсе билбейсизби? – деп сурады Берчетт.
— Жок, — ал бир секундага да ойлонбой жооп берди. "Андан тышкары, мен бул технологиялар биздин материя жана табият мыйзамдары тууралуу түшүнүгүбүздөн тышкары экенине ишенем."
Акыл-эс эмне дейт?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок, жогоруда айтылгандардын баарына карабастан "Америка таптакыр таң калган жок" дейт, Fortune журналындагы макаланын автору.
Бул, Пентагондун “бөтөн планеталык келгиндердин иштери боюнча” жашыруун программасы жаңылык эместиги жана он жылдан ашык убакыттан бери коомчулуктун эсинде жашап келе жаткандыгы үчүн гана эмес.
Бейшемби күнкү угууларга ылайык, 2004-жылдан 2021-жылга чейин бийликтер БУОнун 150гө жакын адамга көрүнгөн учуру тууралуу маалымат алышкан. 18 эпизоддо кыймылдаткычтары жана канаттары көрүнбөгөн бир объект абада абдан катуу ылдамдыкта учуп жүргөн.
Ошол эле учурда эч кандай күмөндүүү же түшүнүп болгус сыныктар табылган эмес. Анткени мындай унаалардын кырсыкка учураганы же армия тарабынан атып түшүрүлгөнү тууралуу маалымат жок.
Кандайдыр бир заттык далилдер барбы?
"Мен (биздин көрсөтмөлөр) башталышы гана экенине ишенем", - деди дагы бир аскер учкучу, үчүнчү күбө Марк Грейвс отурумда. "Бул далилдер (БУО менен контакт) тууралуу кабар берүү коопсуз болгондон кийин бир топ күчөйт."
"Мен өзүмдү БУО жөнүндө теориялардын жактоочусумун деп айта албайм", - деп ишендирди Фавор, конгрессмендердин 2004-жылы, дээрлик 20 жылдан кийин көргөндөрүңүз жөнүндө эмне деп ойлойсуз деген суроосуна жооп берип жатып. “Бирок мен силерге муну айтайын: биз (топтун башка мүчөлөрү менен), төрт адам, беш мүнөт ичинде көргөн нерсебиз ... бизде технология жагынан азырынча ага окшогон эч нерсе жок”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кандай далилдериңиз бар?
“Окумуштуу катары мен бул окуяларга скептикалык, сын көз караш менен караймын. Мен БУО делген көрүнүштөрүнүн көпчүлүгүнө табигый түшүндүрмөлөр бар экенин билем”, - деп жазат америкалык астроном жана илим популяризатору Крис Импей.
“Маалымат канчалык көп болсо, толук болсо, ошончолук жакшы,— дейт профессор Импей,— бирок буюмдук далилдер илимде алтын стандарт болуп эсептелет. Эми, эгерде Граштын БУОнун кыйраган жерлери тууралуу айткандары келечекте тастыкталса, анда болуп өткөн угуулар чындап эле өтө олуттуу натыйжаларга алып келиши мүмкүн.”
Манчестер университетинин Физика жана астрономия мектебинин профессору Брайан Кокс да ушул эле маанайда сүйлөдү. Анын айтымында, соңку күндөрү ага Конгресстеги америкалык аскерлердин сенсациялуу билдирүүлөрү тууралуу эмне деп ойлойсуз деген суроо көп берилүүдө.
"Мен (болжолдуу түрдө БУО делген) бир нече видеолорду көрдүм жана бир нерсеге ишенип, сенсациялуу билдирүүлөрдү айтып, бирок ал билдирүүлөрду ошондой эле сенсациялуу далилдер менен бекемдей албаган адамдарды көрдүм" деп жазган ал.
Профессор Кокс америкалык астроном Карл Сагандын “өзгөчө билдирүүлөр өзгөчө далилдерди талап кылат” деген атактуу цитатасына шилтеме кылып жатат.
"Андыктан, менде айта турган башка сөз жок. Бирок, бул айтылгандар чын болуп чыкса жакшы болмок", - деп улантты Брайан Кокс. "Бул, биздин цивилизация аркылуу ааламды түшунүү жалгыз жол эмес экенин билдирмек, ошондо биз бир аз жеңилдеп калабыз."
"Тилекке каршы, бүгүнкү күндө андай болгон жок", - деп жыйынтыктайт профессор. "Ошондуктан, мен, бизди өзүбүздүн аракеттерибизден куткарыш үчүн бөтөн жактан учуп келе тургандарды издегендин ордуна, өз дүйнөбүздү канткенде бузуп албайбыз дегенге көңүл бургум келет."
Ошентип, мындан ары эмне болот?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жолугушуунун жыйынтыгында конгрессмендер БУОлорду (же азыр аларды “белгисиз атмосфералык кубулуштар” - БАК деп аташат) жерден тышкары пайда болгон объекттер катары таануу үчүн жетиштүү негиздер жок деген чечимге келишти, азырынча.
Ошентсе да, комитетти жабуу планда жок, андыктан ал ишин уланта берет.
Бирок, бул кайсы бир жакынкы убакта бизге жер планетасынан тышкаркы цивилизациялар менен байланыштар жөнүндө салтанаттуу түрдө жарыяланат, же келгиндердин космостук кемелери кылдаттык менен сакталган Пентагондун жашыруун базалары көрсөтүлөт дегенди түшүндурбөйт. (DO)












