Жерден тышкаркы жашоону табуу — бул убакыттын гана маселеси

Photograph of Jupiter moon Europe

Сүрөттүн булагы, ESA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Юпитердин муз каптаган жандоочуларынын бири Европа биздин Күн системасындагы Жерден тышкаркы жашоо үчүн эң ылайыктуу.
    • Author, Паллаб Гош
    • Role, Илимий кабарчы

Көптөгөн астрономдор Ааламда, Жерден башка жакта жашоо барбы деген суроону бербей калышкан. Эми алар суроону тагыраак белгилеп: биз ал жашоону качан табабыз дешет.

Ошол эле учурда эң чоң оптимисттер андай ачылыш биздин кылымда, балким, жакынкы жылдарда болот деп эсептешүүдө.

Ал эми Юпитерге кеткен космостук миссиянын башчыларынын бири ошол планетанын муздуу жандоочуларынын биринде кандайдыр бир жашоо табылбаса, абдан таң калам деп билдирди.

Жакында эле НАСАнын "Джеймс Уэбб" космостук телескобу биздин Күн системасынан тышкаркы планетада көптү үмүттөндүргөн жашоонун белгилерин тапты жана азыр башка көптөгөн алыскы ааламдарды тыкыр карап жатат.

Учурулган же учууга даярдалып жаткан көптөгөн миссиялар адамзат тарыхындагы эң ири илимий ачылыш үчүн жаңы космостук жарыш башталганын көрсөтүп турат.

"Биз сан жеткис жылдыздарды жана планеталарды камтыган ааламда жашайбыз. Жалгыз биз гана бүткүл ааламдагы акылдуу жашоо формасы эмес экенибиз көпчүлүккө айкын болуп калды. Бизде учурда "биз космосто жалгызбызбы?" деген суроого жооп бере ала турган технология жана жөндөм бар", -дейт Шотландиянын королдук астроному, профессор Кэтрин Хейманс (королдук астроном наамын 1834-жылы Король Уильям IV Эдинбургдагы Королдук обсерваториянын директору болуп иштеген адамдар үчүн киргизген).

Алтынчач аймагы

Заманбап телескоптор (албетте, Жердин тажрыйбасынын негизинде) жашоонун бар экенин көрсөткөн химиялык кошулмаларды издеп, алыскы жылдыздарды айланып жүргөн планеталардын атмосферасын талдай алат.

Мындай ачылыштын биринчи божомолу сентябрдын башында пайда болгон. Жерден 120 жарык жыл аралыкта жайгашкан К2-18b планетасынын атмосферасында жер шартында кээ бир деңиз организмдери чыгарган газдын ыктымалдуу белгилери табылган.

Бул планета Жашоо зонасында же жашоого жарамдуу деп аталган аймакта жайгашкан (англисче аны алда канча сүйкүмдүү кылып - Алтынчач аймагы деп аташат). Башкача айтканда, ал планета менен анын жылдызынын ортосундагы аралык ага өзгөчө шарт түзгөн. Андыктан, анын бетиндеги температура эгерде анда суу болсо, ошол суунун суюк абалда болуусуна мүмкүндүк берет, жана бул, өз кезегинде, жашоо үчүн ыңгайлуу, зарыл шарт болуп саналат.

K2-18 b orbits the cool dwarf star K2-18 just far enough away from it for the temperature to support life.

Сүрөттүн булагы, NASA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, К2-18б планетасы өзүнүн кызыл эргежел жылдызын айланып жүрөт

Окумуштуулар болжол менен бир жылдан кийин алардын гипотезасы ырасталат же жокко чыгарылат деп күтүшүүдө.

Бул долбоордун жетекчиси, Кембридж университетинин факультеттеринин бири болгон Астрономия институтунун профессору Никку Мадхусудхандын айтымында, эгерде изилдөө ийгиликтүү болсо, ал биздин планетадан тышкаркы жашоону издөө боюнча көз карашыбызды түп-тамырынан өзгөртөт.

"Эгер биз изилдеп жаткан биринчи планетада жашоонун белгилерин тапсак, бул - ааламда жашоо кеңири жайылган деген ыктымалдуулукту жогорулатат", - дейт окумуштуу. Анын болжолунда кийинки беш жылда биздин Ааламдагы жашоо тууралуу түшүнүгүбүздө "эң чоң өзгөрүү" болот.

Астрономдор K2-18bде жашоону таппаган күндө дагы, алардын тизмесинде дагы ондогон Алтынчач зонасынын планеталары бар жана бул тизме андан ары да кеңейиши мүмкүн.

Ал тургай, жашоо жок экени анык болгон күндө да, ал "мындай планеталарда жашоо болсо кандай болмок деген маанилүү түшүнүктү берет".

Профессор жетектеп жаткан долбоор - ишке ашырылып жаткан же жакынкы жылдарга пландаштырылган көптөгөн долбоорлордун бири. Кээ бир долбоорлор биздин Күн системасынын планеталарында жашоону издөөгө багытталган, ал эми башкалары космоско тереңирээк үңүлөт.

башка планетадаг жашоону издөө

Бирок, "Джеймс Уэбб" телескобу канчалык күчтүү болбосун, анын да чектөөлөрү бар. Ал Жер сыяктуу кичинекей планетаны (K2-18b Жерден 8 эсе чоң) өз жылдызына жакын жайгашкандыктан жана ошол жылдыздын жарыгынан улам байкабай калмак (ошентип ал жашоосу мол планетаны көз жаздымда калтырышы мүмкүн).

Андыктан, NASA 2030-жылдарга карай Жашоого ыңгайлуу Ааламдардын Обсерваториясы (HWO) деп аталган телескоптун жаңы түрүн жасоону пландаштырууда. Ага жогорку технологиядагы күн нурунан тоскон калканчы коюлат, ал биздин Жерге окшош планеталарга жылдыздардан тийген жарыкты азайтып көрсөтөт. Дал ошондо HWO, андагы жашоону издөө үчүн планеталардын атмосферасын карап, изилдей алат.

Ал эми ушул он жылдыктын аягында өтө чоң телескоптун (ELT) ишке кириши күтүлүүдө. Ал телескоп космоско учпайт, бирок абасы өзгөчө тунук Чили чөлүнүн тереңинен космосту изилдейт. Бул телескоптун күзгүсү рекорддук 39 метр диаметрге ээ болот, ал алыскы планеталардын атмосферасын болуп көрбөгөндөй тактык менен изилдөөгө мүмкүндүк берет.

Анын үстүнө үч телескоп тең заттардын химиялык курамын аныктоодо көптөн бери колдонулуп келген спектрдик анализ технологиясын колдонушат.

Бул телескоптордун баары ушунчалык күчтүү болгондуктан, алар бизден жүздөгөн жарык жыл алыстыкта жайгашкан, изилденип жаткан планеталардын атмосферасы бөлүп чыгарган жарык нурдан эле жыйынтык чыгара алат.

Планета жарык

... Жаныныбыздагы планеталарчы?

Кээ бирөөлөр алыскы планеталардан жашоонун изин издеп жүрүшсө, башкалары, мындайча айтканда, өз короосу менен гана чектелди.

Биздин Күн системабыздагы Жерден тышкаркы жашоонун эң ыктымалдуу варианты Юпитердин муздуу жандоочуларынын бири Европа болуп саналат. Бул кооз дүйнө, анын бетинен жаракалар кетип, жолборстун чаар терисин элестетет. Европанын муздуу бетинин астында мезгил-мезгили менен космоско суунун бууларын бүркүп турган океан жатат.

2030-жылдардын башында НАСАнын Europa Clipper орбиталык жана конуучу аппараты жана Европа космостук агенттигинин (ESA) Jupiter Icy Moons Explorer (JUICE) робот-планеталар аралык станциясы Европага жөнөйт.

Tiger stripes in brown and green on surface of Europa

Сүрөттүн булагы, NASA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Европанын "жолборс сызыктары" - жандоочунун муз катмарындагы жаракалары

НАСА ошондой эле Сатурндун жандоочуларынын бири болгон Титанга Dragonfly ("Ийнелик") аттуу конуучу аппаратын жөнөтүүдө. Бул ошондой эле этан, метан жана азот көлдөрү жана булуттары бар абдан экзотикалык дүйнө, бүт планета кызгылт сары түскө ээ.

Мындай аралашма жашоого ылайыктуу көрүнбөгөнү менен жана ал жандоочунун бетиндеги температура -180°С тегерегинде болсо да, окумуштуулардын айтымында Титанды, өнүгүүнүн алгачкы баскычтарындагы Жер менен салыштырууга болот. Андагы жер астындагы суунун булактарында жалгыз клеткалуу жандыктар болушу мүмкүн. Демек андагы жашоону жокко чыгарууга болбойт.

Titan plumes

Сүрөттүн булагы, ESA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ESAнын Гюйгенс конуучу аппаратынан тартылган Титандын бетинин көрүнүшү

Марс бүгүнкү күндө тирүү организмдер үчүн эң ынгайлуу жер болбосо да, астробиологдор анда мурда океандар, жыш атмосфера жана жашоо болгон болушу мүмкүн деп эсептешет.

НАСАнын "Персеверанс" марс-көлүгү учурда байыркы дарыянын нугу болгон кратерден топурак үлгүлөрүн чогултууда. Андан кийин, 2030-жылдарга пландаштырылган өзүнчө миссияда бул үлгүлөр Жерге кайтарылат. Ал үлгүлөр Марста мурда жашоо бар же жок болгонун тастыктаганга мүмкүндүк берчү ташка айланган микроорганизмдерге кылдат изилденет.

Башка планеталыктар байланыш түзүүгө аракет кылып жатабы?

Көптөгөн илимпоздор бул илимий фантастика чөйрөсүнөн келип чыккан суроо деп эсептешет, бирок Жерден тышкаркы цивилизациялардын радиосигналдарын издөө Американын Жерден тышкаркы чалгындоо институту SETI тарабынан ондогон жылдардан бери уланып келет.

Максаттуу издөө жургүзүүгө космос өтө чоң, андыктан ушул убакка чейин SETI мындай издөө өз багытын максатсыз эле тандап алган. Бирок, "Джеймс Уэбб" сыяктуу заманбап телескоптордун акылдуу цивилизациялардын эң ыктымалдуу аймактарын аныктоо жөндөмү аркылуу, SETI эми максаттуу багытта издөө жүргүзө алат.

SETIнин бир бөлүгү болгон Карл Саган атындагы Борбордун директору Натали Кэбролдун айтымында, жаңы мүмкүнчүлүктөр изилдөөчүлөрдү ааламда жашоону издөөгө кайрадан шыктандырды.

Институт өзүнүн телескопторун жаңыртты жана азыр алыскы планеталардан келип чыккан кубаттуу лазердик импульстардан Жерден тышкаркы цивилизациялардын билдирүүлөрүн издөө үчүн атайын жабдууларды колдонот.

Астробиолог Натали Кэброл кээ бир илимпоздор SETIнин издөөлөрүнө эмне үчүн ишенбей жатканын түшүнөрүн айтат.

Бирок, ошол эле учурда, анын айтымында, алыскы планеталардын атмосфераларынын химиялык "издери" жана ал тургай Марста табылышы мүмкүн болгон ташка айланган микроорганизмдер ар кандай жолдор менен чечмелениши мүмкүн.

Ооба, сигналды издөө "жашоону издөөнүн мүмкүн болгон бардык ыкмаларынын ичинен эң жасалмадай сезилиши мүмкүн, бирок ал эң түз жол жана каалаган убакта натыйжаны бериши ыктымал".

"Биз түшүнө ала турган сигналды алдык деп элестетип көрүңүз!" дейт Натали Кэброл.

Чындыгында, 30 жыл мурун бизде Ааламда биздин Жерге окшоп эле жылдыздарды айланган планеталар бар экенине так далилдер болгон эмес. Ал эми бүгүнкү күндө биз астрономдор жана астробиологдор укмуштуудай майда-чүйдөсүнө чейин изилдей ала турган 5 миңден ашык планетаны билебиз.

Ошондуктан, Кардифф университетинин K2-18b'ны изилдөө командасынын мүчөсү Субхажит Саркердин айтымында, эң мыкты илимий ачылыштан да укмуштуу ачылыштардын болушуна өбөлгөлөр бар.

"Эгерде биз башка планеталардан жашоонун белгилерин тапсак, бул илимде революция болуп, адамзаттын өзүнө жана ааламдагы ордуна болгон көз карашын түп тамырынан өзгөртөт".

Паллаб Гоштун англис тилиндеги толук текстин бул жерден бул жерден окуй аласыз. (ДО)