Алеппону басып алган сириялык козголоңчулар дагы бир шаарга кирип барышты

Хама Сириядагы эң маанилүү шаарлардын бири

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хама Сириядагы эң маанилүү шаарлардын бири

Сириялык козголоңчулар 5-декабрь күнү Хама шаарына кирип барышканын жар салышты. Аскерлер үстөккө-босток кагылышуулардан кийин аталган маанилүү шаардан чегинишкенин билдиришти. Өткөн аптада козголоңчулар Алеппо шаарын ээлеп алышкан эле. Бул 2016-жылдан бери биринчи ирет болуп жатат.

Хама Алепподон борбор калаа Дамаскка чейинки багытта жайгашкан. Жарандык согуш башталгандан бери карай шаар өкмөттүк күчтөрдүн колунда болуп келген.

Козголоңчулардын командири Хасан Абдул Гани 5-декабрдын таңында козголоңчулар Хама шаарына тереңдеп кирип, бир нече багыт боюнча шаардын борборун көздөй бара жатышканын коомдук сайттардагы баракчалары аркылуу жарыялады.

Көп өтпөй эле Хани X (мурдагы Twitter) баракчасы аркылуу Хаманын борбордук түрмөсүнөн жүздөгөн киши бошотулганын жарыялаганын Reuters агенттиги билдирди.

Al Jazeera телеканалы козголоңчулар чоң жолдун кесилишинде жайкын тургундар менен жолугуп жатканы тартылган кадрларды көрсөттү. Башка бир кадрларда козголоңчулар аскердик унаалар жана мопеддер менен Хаманы кыдырып жүргөнү көрсөтүлдү.

Сирия армиясы адегенде козголоңчулар Хама шаарынын кайсы бир аймагына кирди деген билдирүүлөрдү чындыкка дал келбейт деп жатышкан. Алар тараткан билдирүүдө аскерлер шаардын четинде "былк этпей турган" коргоо линияларын түзүп турушат деп билдирилген.

Деген менен андан көп өтпөй армия шаар козголоңчулардын колуна өткөндүгүн моюнга алышты. Жаңы билдирүүдө болсо аёосуз кармаштардан кийин аскердик бөлүктөр "жайкын тургундардын өмүрүн сактап, шаардагы салгылашууларды токтотуу үчүн" Хаманын чегинде орун алмаштырууга аргасыз болушту деп жазылган.

bbc

Козголоңчулар өткөн аптада өлкөнүн эң ири шаары саналган Алеппону ээлеп алышкан. Ошондон бери Идлиб провинциясындагы өздөрүнүн анклавынан түштүк багытта борбор калаа Дамаскты көздөй жылып бара жатышат. Ошентип өткөн шейшембиде Хаманын түндүгүндөгү стратегиялык мааниге ээ болгон адырлуу тилкени ээлешти.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2011-жылы президент Башар Асадга каршы нааразылык акциялары менен башталган жарандык согуштан бери карай Хама толугу менен өкмөттүк күчтөрдүн карамагында болуп келген эле. Reuters агенттиги бул шаардын алынышы Дамасктагыларды жана алардын орусиялык, ирандык өнөктөштөрүн нес кылды деп белгиледи.

Хама Алепподон борбор калаа Дамаскка чейинки жолдо жайгашкан. Аны ээлеп алуу дагы бир ири шаар болуп саналган Хомска жол ачып берет. Бул шаар болсо Сириянын эң калктуу аймактарын туташтыра турган тогуз жолдун томунда жайшкан.

1982-жылы исламчыл көтөрүлүштүн очогу болуп, Асаддын бийлиги тарабынан басылган Хама шаарында шаршемби күнү интернет өчүрүлүп, көчөлөр бош калды. Маалыматты Reuters агенттигинин шаарда үй-бүлөсү калган булагы билдирди.

Козголоңчулардын ийгилигин орусиялык согушту жактаган блогерлер да тааныды.

"Хамада баары чынында абдан оор абалда, жада калса көтөрүлүшчүлөрдүн айткандарын эки-үч эсеге бөлүп карасак да. Сириянын расмий эмес булактары да көтөрүлүшчүлөрдүн чыгыш тарабында илгерилеп кеткенин тастыктап жатышат, ал эми батыш жакта абал мындан да оор", – деп жазды 1,3 млн катталуучусу бар "Рыбарь" аттуу Telegram каналы.

Көп жылдык тыныгуудан кийин Сирияда толук кандуу жарандык согуштун кайра тутанышы Жакынкы Чыгышты дагы да туруксуз абалга кептеши мүмкүн.

Сириядагы эң күчтүү көтөрүлүшчүл сунниттик исламчыл топ "Хайят Тахрир аш-Шам" уюму. Ал "Аль-Каиданын" бир бөлүгү же өнөктөшү болгон (бул эки уюмдун ишмердигине дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы тыюу саланган).

ХТШ уюмунун лидери Абу Мухаммад аль-Голани Сириядагы диний азчылыктарды коргоого убада берип, элди Асадга каршы чыгууга үндөдү. Бирок көптөр дале болсо козголоңчулардан кооптонуп жатканын Reuters жазды.

Шаршемби күнү Голани Алеппонун тарыхый сепилине барды. Бул көтөрүлүшчүлөр үчүн символикалуу учур, анткени 2016-жылы армия бул жерди бир нече ай курчап алып, катуу салгылашуулардан кийин көтөрүлүшчүлөр шаардан сүрүлгөн. Бул алардын жарандык согуштагы эң чоң жеңилүүсү болгон.

Алеппонун тургундары азык-түлүк жана күйүүчү майдын тартыштыгына дуушар болуп жатканын, байланыш кызматтары өзгүлтүккө учураганын билдиришүүдө.

Хамага чабуул жасап жаткан көтөрүлүшчүлөрдүн курамында Түркия колдогон Сириянын улуттук армиясы кыймылы бар экени айтылууда.

Бул күчтөр Түркия менен Сириянын чек арасын бойлой жайгашкан тилкени көзөмөлдөйт. Анкара өткөн аптада Алеппону капыстан басып алган көтөрүлүшчүлөргө катышы жоктугун билдирген.

2015-2020-жылдары Асаддын Сирииянын шаарларын кайтарып алгандагы ийгилигине Орусия менен Ирандын салымы өтө зор болгон. Алар азыр дагы кайрадан көмөк көрсөтө турушканын убада кылышууда.

"Кырдаалды таразалап көргөндөн кийин согушкерлерди тизгиндеп жана бул коркунчту жок кылуу үчүн Сирия бийлигине кандай жардам беришибиз керектиги аныкталат",- деди 5-декабрь күнү Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Анын сөзүнө караганда, Москва Сирияда болуп жаткан окуяларга "үңүлүп карап" турган чагы. АКШ козголоңулардын капилет басып киришине эч кандай тиешеси жоктугун буга чейин билдирген.

Ак үйдүн жүйөөсүнө караганда, Асад өкмөтүнүн "саясий жараяндарга катышуудан" баш тартуусу козголоңчулардын жарып чыгышына шарт түзүп берди.

Соңку аптада өкмөттүк күчтөрдүн Сириянын түндүгүндөгү кыйроосу Сирия, Орусия жана Иран альясынын көйгөйлөрүн ашкерелеп койду.

Орусия 2022-жылдын февралынан тарта Украинадагы согуш менен алпурушууда, Сирия конфликтинде кубаттуу күч менен таасир этип келген ливандык "Хезболла" болсо Израил менен согушунда оор жоготууга кириптер болду.