Ашынган террористтин жесири өлүм жазасына өкүм кылынды
Ферас Килани, Би-Би-Си араб кызматы

"Ислам мамлекети" жихадчыл тобунун лидери Абу Бакр аль-Багдадинин биринчи аялын Ирактын соту өлүм жазасына өкүм кылды.
Жогорку соттук кеңешинин билдирүүсүнө караганда, Карханын кылмыш соту бул аялды "экстремисттик уюмдар менен кызматташтык кылганы жана езид аялдарын кармалышына күнөөлүү" деп чечти.
Ички иштер министрлигинин кызматкери аны Асма Мохаммед деп тааныды, бирок ал Умм Худайфа деген ысым менен дагы таанымал.
Анын адвокаты эч кандай комментарий берген жок. Бирок Би-Би-Сиге жакында берген маегинде бул аял "ИМ" жасаган мыкаачылык иштерге, адам уурдоого жана езид аялдарынын кулчулукта кармалышына катышы жок экенин айткан эле.
Умм Худайфа Абу Бакр аль-Багдади Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекетин” ырайымсыз башкаруучусу болуп турганда анын биринчи аялы болгон. Азыр ал Ирактагы түрмөдөн соту болордун алдында Би-Би-Си кабарчысына жолуккан болчу.
2014-жылы Умм Худайфа өзүнүн күйөөсү менен ошол учурдагы “ИМдин” тиреги болгон Раккада жашады.
Экстремисттик жихадчыл топтун лидери катары издөөдө жүргөндүктөн Абу Бакр аль-Багдади көп убактысын ар башка жерде өткөрчү. Ошондой учурлардын бирөөндө ал эки кичине баласын алып келүүгө сакчылардын бирин жумшайт. “Ал балдарды сууда сүзүүгө алпарганы жатканын айтты”,-дейт Умм Худайфа.
Үйдө телевизор бар эле, аны Худайфа жашынып көрөр эле. “Мен ал үйдө жокто көрчүмүн”, - дейт ал. Күйөөсү телевизор иштебейт деп ойлочу окшойт. Ал сырт дүйнөдөн бөлүнүп калганын, ал эми күйөөсү 2007-жылдан бери телевизор көрүүгө же башка техника, мисалы мобилдүү телефон пайдаланууга тыюу салып койгонун айтты.
Анын айтымында, сакчы балдарды алып кеткенден бир нече күндөн кийин телевизорду жандырып, “ чоң сюрприз” алат. Ал өзүнүн күйөөсү Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында Ан-Нури чоң мечитинде биринчи жолу жаңы жарыя болгон ислам халифатынын башчысы катары сүйлөп жатканын көрөт.
Анын согушкерлери бул районду басып алганына аз эле күн болгон.

Сүрөттүн булагы, AFP
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Аль-Багдади узун сакалы менен кара кийинип, мусулмандарды ыйык согушка чакырып жаткан кадрлар бүт дүйнөгө тарап, «ИМ» Ирак менен Сириянын бир топ аймагын басып алып жаткан тарыхый учур эле.
Умм Худайфа өзүнүн балдары Ефратта сууда сүзүүгө машыкпай эле атасы менен Мосулда жүргөнүн билип, санаага батат.
Ирактын баш калаасы Багдаддагы түрмөдө киши көп, ызы-чуу. Ар кандай кылмышка айыпталгандар, анын ичинде баңгизат менен жыныстык кылмыштарга шектелгендер түрмөнүн ичинде камерадан камерага которулуп турат, аларга тамакты сырттан жеткиришет.
Биз түрмөдөн тынчыраак жай издеп, китепканага барып, дээрлик эки саат сүйлөштүк. Биздин маегибиз учурунда ал күйөөсүнөн качып кетүүгө аракет кылганын, «ИМдин» кылмыштуу иштерине өзүнүн кандайдыр бир катышы болбогонун айтууда.
Анын сөзү сот материалдарында «ИМ» уурдап кетип зордуктаган езиддердин ал жөнүндө берген көрсөтмөсүнө кайчы келет. Анда аны уурдалган кыздар менен аялдарды жыныстык кулчулукта кармаган деп айыпташкан.
Интервью болуп жатканда ал бир да жолу башын көтөргөн жок. Капкара кийинген, жүзүнүн мурдунун учуна чейинки бир чети гана көрүнөт.
Умм Худайфа 1976-жылы консервативдүү Ирак үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1999-жылы Ибрагим Авад аль-Багдадиге турмушка чыккан, кийин ал Абу Бакр аль-Багдади деген псевдоним менен белгилүү болот.

Сүрөттүн булагы, IRAQI INTELLIGENCE SERVICE
Ал Багдад университетинде шариатты окуп үйрөнүп чыгып, анын айтымында, ошол убакта «экстремист болгон эмес, диний консервативдүү, бирок ачык адам болгон».
2004-жылы, АКШ Иракка басып киргенден бир жылдан кийин, америкалык күчтөр аль-Багдадини бир жылча бир топ адам менен камакта кармады. Алар кийин Иракта «ИМ» жана башка жихад топторунун ичинде чоң кызматтарга көтөрүлдү.
Анын айтымында, бошоп чыккандан кийинки жылдары ал өзгөрүп баштады: «Ал ачуусу бат келип, кыжыры кайнап кетчү».
Аль-Багдадини билген башкалар аны Буккадагы камаккка чейин эле «Аль-Каида» менен байланышта болгон, бирок ушул учур аны радикалдуу болууга түрткөн бурулуш болгонун айтышат.
«Ал психологиялык проблемалардан жапа чеге баштады», - дейт ал. Аялы эмне болуп жатканын сураганда ал «сен түшүнө албай турган бир күчтүн таасиринде болуп жатам» ,-деп жооп айткан.
Худайфа күйөөсү ачык айтпаса дагы «камакта экенде жыныстык кыйноолорго кабылган» деп эсептейт. Ирактагы америкалык башка түрмө Абу-Грейбде ошол эле жылы камактагыларды жыныстык аракеттерге мажбурланганы, уят позаларга турганы белгилүү болгон эле.
Биз анын арызын АКШнын Коргоо Министрлиги, Пентагонго жибердик, бирок жооп алган жокпуз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал күйөөсү согушкерлердин тобуна кошулуп алган жокпу деп санаа тартып баштаганын айтат. «Мен ал үйгө кайтып келип, чайканып жатканда же уктап калганда кийимдерин тинтип көрдүм».
«Мен анын денесинде көгала же сынган жери барбы деп кармалап текшерип да көрдүм... мен бүдөмүк ойдо элем”,-дейт ал. Бирок эч нерсе тапкан эмес.
«Ошондо мен ага «Сен адаштың» деп айттым. Буга анын кыжыры кайнап чыкты».
Ал бир жерден экинчи жерге көчүп көп жүрүшкөнүн айтып, күйөөсү экинчи аялын алган учурга да токтолду.
Умм Худайфа ажырашкысы келген, бирок күйөөсүнүн балдардан баш тартуу тууралуу шартына макул боло алган эмес. Ошондуктан күйөөсү менен калып жашоого туура келди.
Ирак 2006-2008-жылдары болгон диний кандуу согуштун азабына чырмалганда, ал күйөөсүнүн суннит жихад тобуна таандык экенинен эч күмөнү калбады. 2010-жылы ал “Ирак Ислам мамлекетинин” лидери болуп калды. Ирактагы жихад уюмдарынын бирикмеси 2006-жылы түзүлгөн эле.
«Биз Сириядагы Идлиб деген жерге 2012-жылы январда көчүп бардык. Ошондо мен анын эмир экенин даана билдим”,-дейт Умм Худайфа.
«Ирак Ислам мамлекети» түзүлгөндөн эки жылдан кийин көп жихад уюмдар биригип, шарият менен башкарылган халифатты - «Ислам мамлекетин” жарыялашты.
Ал эми анын эмири Абу Бакр аль-Багдади афганча кийинип, сакалын өстүрүп, жанына пистолет салып жүрө баштады.
Ошол убакта Сириянын түндүк-батышында жарандык согуш ырбап, коопсуздук начарлаганда, алар чыгышка карай Ракка шаарына жылышкан. Бул шаар кийин “ИМ” халифатынын борбору болуп калды. Умм Худайфа күйөөсүн телевизордон көргөн убакта так ушул шаарда жашап жаткан убагы эле.

Сүрөттүн булагы, Reuters
"ИМге” бириккен жихадчылардын ырайымсыздыгы белгилүү болуп калган, бирок 2014-2015-жылдары алардын мыкаачылыгы күчөп, үрөй учура баштады.
БУУнун тергөө топтору «ИМ» Ирактагы езид азчылыгына каршы геноцид кылганын, адамдарды өлтүрүп, уурдап, кыйноого алып, кулчулукка салып, адамзатка каршы кылмыштарды жасаганын билдирген.
«ИМ» өзүнүн ырайымсыз жазалоосун күчөтүп, анын ичинде туткундардын башын алган, йордан учкучун өрттөгөн учурларын жалпы элге дүң кылып көргөзүп турган эле. Дагы бир башка кайгылуу окуяда алар Багдаддын түндүгүндөгү Спайчер аскер базасынан өзүнүн шаарына кайтып бараткан, жалаң шииттерден турган 1700 ирак аскерин кырып салганы белгилүү.
«Ислам мамлекетине» барып жашап калган кээ бир аялдар кандай балээге башын байлаганын билген эместигин азыр айтууда. Ошондуктан мен Умм Худайфадан анын ошол убактагы оюн, көз карашын сураганымда, ал “үрөй учурган, жапайы” мыкаачылык болгонун, “кан төгүү адамзаттык чектен ашып” кеткенин айтты.
Умм Худайфанын айтымында, ал өзүнүн күйөөсүнө «бейкүнөө адамдардын каны анын мойнунда экенин, “ислам мыйзамдары боюнча аларды тобо кылдырган башка да эрежелер бар деп" айтып нааразы болгон.
Ал күйөөсүнүн “ИМдин” башка лидерлери менен өзүнүн ноутбугунан сүйлөшкөнүн сүрөттөп айтып берди.
Абу Бакр аль-Багдади компьютерин портфелде жабык алып жүрчү экен. «Мен аны ачып кирип, эмне болуп жатканын билейин деп аракет кылдым»,-дейт Хадйфа. «Бирок мен техниканын тилин билбейт элем, а компьютер дайыма пароль сурачу».

Ал качып кетүүгө аракет кылганын айтат, бирок блокпостто турган куралчан адамдар аны тосуп, кайра үйгө жеткирип турушкан.
Ал эми согуш аракеттерине келсек, Худайфа өзүнүн күйөөсү «эч кандай согушка же салгылашууларга катышпаганын» айтат.
Аль-Багдади өзүнүн 12 жаштагы кызы Умайманы досу Мансурга күйөөгө берип, ага үй-бүлөнүн иштерин алып барууну тапшырган. Умм Худайфа буга каршы болуп токтотуп калууга аракет кылганын, бирок ага кулак салышпаганын айтат.
Ирактын коопсуздук кызматындагы булактардан биз Умайма сегиз жашында эле «ИМдин» бир өкүлүнө күйөөгө берилгенин билдик. Бирок биринчи никенин шарты боюнча алардын мамилеси жыныстык мүнөздө болгон эмес, бирок аль-Багдади жок учурда күйөө баласынын анын үйүнө кирүүгө жолу ачык болгон.
2014-жылы августта Умм Худайфа дагы бир кызы Насибаны төрөгөн, анын төрөлгөндөн жүрөк оорусу бар эле. Бул Мансурдун үйгө тогуз езит кыз-келиндерин алып келген учурга туура келди. Алардын жашы болжол менен 30 жашка чейин эле. Алар «ИМ» кулга айланткан, өлтүргөн миңдеген езид аялдары менен балдарынын бир ууч өкүлү эле.
Умм Худайфа ошол кылмыштардан «үрөйү учуп, уятынан бети чымыраганын» айтат.
Бул топто эки жаш кыз бар эле, алардын чыныгы аты - Самар менен Зена. Умм Худайфа алар анын Раккадагы үйүнө бир нече күн болуп, анан башка жакка кеткен дейт. Бирок кийин Худайфа Мосулга көчкөндө Самар алардын үйүнө кайтып, дагы эки айча болгон экен.

Мен Самардын атасы Хамидди издеп таптым. Ал кызын уурдап кеткен учурду ыйлап айтып берди. Көрсө, анын эки аялы, 26 баласы, эки бир тууганы жана алардын үйбүлөсү баары Синжардагы Хансур шаарынан уурдалып кеткен экен. Ал эми Хамид өзү жакын турган тоолорго жашынып калган.
Анын алты баласы, анын ичинде кызы Самар, азыркыга чейин дайын дареги жок. Кээ бир балдарын акча төлөп мурдарак кайтарган, башкалары жихадчылар кеткенден кийин келишти.

Дагы бир кыз, Зена, анын жээни, Сириянын түндүгүндө калып калган дейт.
Зенанын бир тууганы Соад Умм Худайфа менен жолуккан эмес, бирок ал дагы зордукталып, кулчулукка жети жолу сатылган.
Хамид менен Соад Умм Худайфага каршы жарандык доо арыз беришкен. Алар анын күнөөм жок деген сөзүнө ишенишпей, өлүм жазасын талап кылышууда.
«Ал баарына жооп бериш керек. Ал билген эмне кылып жатканын, күйөөсүнө кызмат кылган… Менин эжем ошол шордуу кыздардын бири болчу»,-дейт Соад.
«Ал кылмышкер Абу Бакр аль-Багдадинин аялы, күйөөсү кандай болсо, ал дагы ошондой кылмышкер». (МА)












