Брекситке бир жыл: Британия Евробиримдиктен чыгып кетип утулдубу же уттубу?
Алексей Калмыков, Би-Би-Си
Британия Евробиримдиктен чыгып, өз алдынча жашоого өткөнүнө туура бир жыл толду. Брекситтин идеологдору улут эркиндикке ээ болуп, өз алдынча өсүп-өнүгүүсүн убадалашкан эле. Ал эми ага каршы чыккандар өлкөнү кризис басып, дүйнөдө кадыр-баркы түшөт дешкен. Ошондо кимисиники туура чыкты?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2016-жылы июнда британдыктардын 52% брексит үчүн добуш берип, 48% ага каршы чыгышкан. Бирок андан кийин алар Брексит катаал болушу керекпи же жумшак, а балким жарым-жартылай жумшак ишке ашышы керекпи узак мөөнөт талаш-талкуулар өткөрүп келишти. Бул убакыт аралыгында эки премьер, эки парламент алмашты. 2020-жылы январда Борис Жонсон 45 жыл чогуу болуп келген Британиянын ЕБден чыгуусу тууралуу макулдашууга кол койду.
Андан кийин дээрлик бир жыл өткөөл мезгил орун алды, ал былтыр жаңы жыл алдында аяктады. Бирок анда деле соңку бүтүм болбой, жарым-жартылай айрым маселелер калган. Эми быйыл соодадагы оолуттуу чектөөлөр күчүнө кирмекчи.
Евробиримдиктен буга чейин бир да мамлекет чыгып көргөн эмес. Бул жолу тарыхый эксперимент ишке толук ашышы үчүн ковид эпидемиясы, андан келип чыккан локдаун жана коронакризис тоскоолдук жаратты. Брексит толук ишке ашышы үчүн көп деле убакыт өткөн жок, болгону бир жыл өттү.
Бирок ошол бир жылдын ичинде Брексит британдыктардын жашоосуна кандай таасирин берди, киреше, эркиндиктеринде кандай өзгөрүүлөр болду бүтүм чыгарса болот.
Британияда дефицит орун алды
Брекситтен кийин Британия айрым нерселердин дефицитине кабылды. Супермаркеттерден күтүүсүз минералдык суу, салат же сыр жок болуп жатты. Айрым курулуш материалдары же жабдыктар тартыш болуп, эмгек рыногунда да өзгөрүүлөр байкалды. Повар, официанттар эле эмес, талааларда кара күч да азайды.
Бирок таң калып кереги деле жок, Британия бирдиктүү Европа рыногунан 2021-жылдын 1-январынан тарта чыгып кеткен да. Андыктан товар, кызмат көрсөтүү жана жумушчу күчү мурда болуп көрбөгөн тоскоолдуктарга кабылды. Брекситке чейин Британия булардын баарын эч тоскоолу жок импорттоп келген эле да.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мисалы, Британиядагы азык-түлүктүн жарымын импорт түзөт. Брекситке чейин бардык импорттун 60% Европадан ташылып келинчү. Евробиримдик менен «ажырашууга» чейин Европа Британиянын негизги соода өнөктөшү болуп, импорттун 53%, экспорттун 44% Евробиримдикке туура келчү.
Мына бир эле мисал: күйүүчү май кризиси. Былтыр күзүндө Британиядагы май куюучу жайларда узун кезектер орун алды. Андан кийин бензин, күйүүчү майлар такыр эле жок болуп кетти. Ал арада айдоочулар да азайды, Брексит айынан европалыктар жумушка болгон укугунан айрылып, мекенине кайтууга мажбур болушту.
Британдыктар жакыр боло баштады
Брексит британ экономикасын нокдаунга жөнөттү. Буга ал түгүл расмий аналиктер деле ынап жатышат.
Ал тапта Европа континенталында эч кандай дефицит байкалбады. Ошол эле Түндүк Ирландияда бензин түгөнүп калбады, Түндүк Ирландия Британиянын бир бөлүгү катары ЕБден чыкса деле, бажы жагынан Борис Жонсондун макулдугу менен Европада кала берди.
YouGov уюштурган сурамжылоого ылайык, соңку жумаларда супермаркеттердеги тамак-аш жетишсиздигине 6-6% гана италиялык, испандык, дат жарандары кабылган. Ал эми британдыктар арасында бул көрсөткүч 56% түзгөн.
Office for Budget Responsibility өкмөттүк эксперттердин баамында орто мөөнөттөгү перспективада Британияда экономикалык өсүш 4% азаят. Ал эми бейөкмөт уюмдардын прогнозу мындан да түңүлүңкү – 6-7%.
Соодадагы брексит-бөгөттөр Британияга 13 миллиард фунт чыгым алып келди, бул мурунку соода алмашуунун 16%, дейт CER изилдөө институту.
Дивиденддин ордуна салыктын өсүшү
Экономикалык чыгымдар чоң болуп жатканы менен бул брекситке каршы чыгып жаткандардын акыр заман болот дегенинче эмес. Бирок алар Евробиримдиги менен азыр бардык байланыштар дагы деле болсо үзүлө элек, башкы соода барьерлери 2022-жылы күчүнө кирет деп жатышат.
Бирок Евробиримдигинен чыгууда экономика башкы аргумент болгон да эмес. Бориса Жонсондун кампаниясы саясий жана каржыылк суверенитеттүүлүк урааны алдында өткөн жана анын эн башкы жүйөөсү – ЕБга мүчөлүк төлөмдөрдөн баш тартуу эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Үнөмдөлгөн акчаларды аракеттер премьер NHS улуттук саламаттыкты сактоо системасын каржылоого салам деп убадалаган. Бирок анын министри бул үчүн жарандар жана бизнес акча чыгарышы керек экенин айтып, апрелден баштап өлкөдө салык өстү.
Өкмөт болсо буга кошумча 2025-жылга карата дагы 30 миллиард фунт чогултканы жатат. Бул Британиянын Брексит айынан 2025-жылга карата чыккан чыгымдарынын консенсус-прогнозуна бап келген көрсөткүч болууда.
Иммиграциядагы жеңиш
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Брексит иммиграциядагы чектөөлөрдө абдан ийгиликтүү боло алды. Өлкөгө кирген жарандар саны кескин азайды, себеби эми европалыктар жөн эле бул өлкөгө жашайм деп келе албайт, бул үчүн алар үч ай ичинде жумуш табышы шарт, анан калса алар жөн эле ишке орношпой, айлыгы жогору жумуш табышы керек.
Брексит айынан желим кайык менен келүүгө аракет кылган мыйзамсыз мигранттар көбөйдү, ал эми талааларда түшүм чирип, фура айдаганга киши жок болуп жатса да, өлкөгө ээн-эркин келүүгө каршы чыккандардын талабы аткарылды, чек ара кулпуланды.
Бирок эки маселе чыкты. Биринчиси, бул эрежени бузууга туура келди. Хоум-офис айдоочу жана касапчыларга убактылуу виза берүүгө мажбур болду. Себеби, чочкону жиликтеп, тоокту мууздай турган киши жок, ал эми аларды дүйкөндөргө ташыган айдоочуларга муктаждык жаралды. Жумушчу күчтүн аздыгынан Британия соңку он жылдыкта биринчи жолу Рождествого карата индюк эти менен өзүн өзү камсыздай албай, Польша, Франциядан ташып келүүгө туура келди.
Экинчи маселе – Евробиримдиктин жообу болду. Британдыктар өз рыногун иммиграттардан эле коргобой, өздөрү дагы Евробиримдикке кирген 27 өлкө ичинде ээн-эркин жүрүп, ишке орношо албай калды.
Англис архитектору эми Германияда үй салып, Италияга эки-үч күнгө сүрөт-видео тартуу учүн барып келе калуу деген азыр жок. Бул үчүн алар жумушка уруксат алып, ал убакытты эле талап кылбай, кымбатка да туруп калды. Жүздөн ашык музыканттар бийликке ачык кат жолдошуп, алар музыка тармагын сатып ийишкенин, болбосо андан жылына 100 миллиард фунттай пайда түшүп келгенин жазышты.
Макаланын толук версиясын Би-Би-Синин орус кызматыны сайтынан таап окуй аласыздар. (EK)







