“Брекситтен” кийин өзгөрө турган беш жагдай

Two people viewing Parliament with union jack umbrellas

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британиялыктар 2016-жылы 23-июнда "Брекситти" колдоп добуш беришкен
    • Author, Том Эдгингтон
    • Role, BBC News Analysis

Британияда "Брекситке" байланышкан үч жылдык талаш-талкуулар үч премьер-министрди кызматтан кетирип, эки жолу шайлоо өттү. Акыры Британия Европа Биримдигинен чыга турган болду. Бул 31-январда, кечки саат 23:00дө болмокчу.

"Брекситтен" кийин 11 айга созулган өткөөл мөөнөт жарыяланат. Бул учурда Британия эрежелерге ылайык Европа Биримдигине төлөмдөрдү көтөрө берет.

Ошондо "Брекситтен" кийин эмне өзгөрөт?

1. Европа парламентиндеги британиялык депутаттар мандатын тапшырат

Nigel Farage celebrating with newly-elected Brexit Party MEPS

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Брекситти" жактаган Найжел Фараж

"Брекситти" жактаган Найжел Фараж Европа парламентиндеги 73 британиялык депутаттын бири. Британия Европа Биримдигинен чыгып кеткенде, өлкө биримдикке тишелүү саясий институттардан жана агенттиктерден дагы чыгат.

Андан тышкары Европанын соту өткөөл мезгил учурунда Британиянын жергиликтүү мыйзамдарына үстөмдүк кыла бермекчи.

2. Британия Европа саммиттерине катышпай калат

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Европа кеңешинин саммитине атайын чакыруу алгандан кийин гана катыша алат. Ошондой эле Британиянын лидери биримдиктин маанилүү жыйынтарына дагы чакырылбайт.

3. Соода алакалар боюнча мунаса

Британия дүйнөдөгү башка мамлекеттери менен соода алакалары боюнча сүйлөшүүлөрүн баштайт. Буга чейин Европа Биримдиги Лондонду АКШ же Австралия сыяктуу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салган. "Брекситтен" кийин Британия маанилүү сүйлөшүүлөрүн баштай берет.

"Брекситти" колдогон тарап өлкө ар бир мамлекет менен соода келишимин каалагандай түзгөнү экономикага түрткү болорун айтып келишкен. Британия Европа Биримдиги менен дагы соода келишими боюнча мунаса табышы керек. Бул келишим өзгөчө Британия үчүн маанилүү. Бирок келишимге кол коюлган күнү дагы ал өткөөл мезгили учурунда күчүнө кирбейт.

4. Британиянын паспортунун түсү өзгөрөт

British passports
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көк түстөгү паспорттор 1988-жылы өзгөртүлгөн

Отуз жылдан кийин Британиянын паспорту мурдагы көк түскө кайра кайтты. Мындай чечим 2017-жылы эле кабыл алынган. Британиянын паспорту 1921-жылдан бери көк жана сары түстөрдү колдонуп келген.

Эмдиги жылдын ортосуна чейин британиялыктардын баары паспортун алмаштырышат.

5. "Брексит" тыйыны

Sajid Javid with the new coin

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британия тыйындарды атайын даярдады

Британ өкмөтү жума күнү үч миллионго чукул "Брексит" тыйындарын чыгарат. Анда "Брексит" күнү "31-январь" жана "Тынчтык, бакубаттуулук жана бардык өлкөлөр менен шериктештик" деп жазылган.

Британ өкмөтү мурдагы "Брексит" күндүн датасы менен, "31-октябрь" деп дагы тыйын чыгарган. Бирок сүйлөшүүлөр алдыга жылбай, тыйындар кайра ээритилген эле.

Өзгөрбөй турган беш жагдай...

Өткөөл мезгили дароо күчүнө киргендиктен көп жагдай эч өзгөрбөйт. Алар 2020-жылы 31-декабрда өзгөрүшү ыктымал.

1. Саякаттоо

People at an airport walking under a sign saying "arrivals from the European Union".

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Учак, кеме жана поезддер эч тоскоолдуксуз ишин уланта берет.

Өткөөл мезгил учурунда Британиянын жарандары паспорт көзөмөлдөөчү жерде Европа Биримдиктин жарандары өткөн тилкеден өтө беришет.

2. Европа Биримдигинде жашаган британиялыктар

Өткөөл мезгил учурунда эркин кыймыл эрежеси сактала берет. Демек, Британиянын жарандары Европа Биримдигинде жашап же иштей берүүгө укуктуу. Европа Биримдигинин жарандары дагы Британияда жашап же иштей берет.

3. Пенсия

Европа Биримдигинде жашаган британиялыктар пенсия ала беришет. Эгерде пенсия жогоруласа, британиялыктар дагы көтөрөт.

4. Бюджетке төлөмдөр

Британия өткөөл мезгил учурунда бардык бюджеттик төлөмдөрдү Европа Биримдигине которо берет. Ошондой эле Европа Биримдиги ар түрдүү гранттык төлөмдөрүн дагы токтотпойт.

5. Соода

Британия-Европа Биримдиги соода алакасында дагы эч өзгөрүүлөр болбойт.