Борис Жонсон реформа тууралуу сүйлөй баштады
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон бүгүн парламенттин жаңы курамынын алдында чыгып сүйлөйт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британдык басылмалар Жонсон реформа пландарын жарыялайт деп жазууда.
"Жонсондун башкы саясий кеңешчиси Доминик Каммингс Уайтхоллду (министрликтер жайгашкан көчө) ыңкылапка чакырып, улуу муундагы чиновниктердин "кафка таасирининен" чыгууга үндөдү",-деп жазат Guardian басылмасы.
Тагыраагы, Каммингс өкмөттүк мекмелерди кызматкерлерин сейрек учурда гана кызмат бошотот деп сындаган.
Жонсон буга чейинки билдирүүлөрүндө министрлер кабинети "ыңкылапчыл" болорун жана өкмөт британ экономикасынын жаңы формасын жарыялай турганын айткан.
Ачык маалыматтарга караганда өкмөттүн курамында чоң деле өзгөрүүлөр болбойт. Жаңы парламенттин алдындагы биринчи суроо - Британиянын Евробиримдиктен чыгышы болмокчу.
Формалдуу түрдө парламент жумушун бейшембиде, королеванын кайрылуусунан кийин баштайт.
Консерваторлордун ишенимдүү жеңиши
Британиядагы шайлоодо премьер-министр Борис Жонсон башында турган Консерваторлор партиясы алдыга чыкты. Жонсон өлкөнү тез аранын ичинде Европа Биримдигинин курамынан чыгарып кетүүгө убада берген.
Акыркы маалыматтарга караганда, Консерваторлор партиясы коомдук палатадагы 650 орундун 361 мандатын утуп алды.

Консерваторлордун негизги атаандашы болгон лейбористтер (Жереми Корбиндин жетекчилиги алдында) 203 мандат алмакчы. Шотландиянын улуттук партиясы - 48, ДЮП - 8, Уэльс партиясы - 4. Мындан тышкары алдын ала маалыматтар боюнча парламентке 19 көз карандысыз депутат келмекчи.

Эгерде экзитпол тыянактары менен расмий эсеп дал келсе, анда консерваторлор чукул арада ЕБдан чыгуу боюнча келшимди ратификациялайт.
Добуш берүүнүн толук тыянагы Лондон убактысы боюнча эрте мененки саат жетилер чамасында белгилүү болот.
"Брексит": Британиянын тагдырын чечкен парламенттик шайлоо
"Брексит" маселесинен улам Британияда төрт жылдын ичинде үчүнчү жолу мөөнөтүнөн мурун шайлоо өтүп жатат.
Британиядагы саясий партиялардын лидерлери кече үгүт иштеринин акыркы күнүндө өлкөнү кыдырып, шайлоочуларды ынандырууга аракеттенди.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Саясий туңгуюк эмнеден чыкты?
2016-жылы өткөн референдумда британиялыктар Европа Биримдигинен чыгууну колдоп добуш беришкен. Бирок референдумдан кийин Британиянын "Брексит" боюнча келишимге мунаса табуусу ойлогондон дагы татаал болууда.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Өлкөнүн мурдагы премьер-министри Тереза Мэй "Брексит" боюнча келишимге жете албай калып, кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Андан кийин Консерваторлор партиясы Британиянын премьер-министри катары Лондон шаарынын мурдагы мэри Борис Жонсонду тандады.
Жонсон шайлоо аркылуу парламенттеги туңгуюктан чыгып, "Брексит" боюнча келишимге жетебиз деген үмүтүн айтып келди. Башкача айтканда, премьер-министр Консерваторлордун парламенттеги ордун көбөйтүп, "Брексит" маселесин чечүүнү көздөйт.
Үгүт иштери учурунда Жонсон Консерваторлор партиясынын "Брексит" боюнча долбоорун дагы жарыялады.

Сүрөттүн булагы, Reuters
"Биздин биринчи кадамыбыз, Рождествого чейин "Брексит" келишимин парламентте талкууга алуу. Андан кийин 31-январда ЕБден чыгып кетүү",-деди Борис Жонсон.
2020-жыл 31-январь өткөөл мөөнөттүн башталышы катары саналат. Консерваторлор партиясы 2021-жылга чейин Европа Биримдиги менен жаңы соода келишими түзүлөт деп ишендирүүдө.
Оппозициядагы Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин болсо шайлоочулар өлкөнүн багытын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк алганын белгилеп келет. Лейбористтер дагы шайлоо аркылуу бийликке келип, "радикалдуу өзгөртүүлөрдү" алып келүүнү убада кылууда.
Жереми Корбин үгүт иштери учурунда өзүнүн долбоорун сунуштады.
"Үч айдын ичинде Европа Биримдиги менен бирге соода тармагын, ишкерлерди жана Түндүк Ирландиядагы тынчтык жараянын коргогон келишим түзөбүз. Анан алты айдын ичинде ушул келишимди же Европа Биримдигинде калууну тандоого мүмкүнчүлүк берген референдум өткөрөбүз",-деди Корбин.
Лейбористтер референдумдун жыйынтыгына карабастан Британия Европа Биримдиги менен экономикалык жана башка тармактар боюнча тыгыз байланышта кала бериши маанилүү экенин айтып келүүдө.
Шайлоодо башка партиялар дагы ат салышууда. Алардын айрымдары "Брекситти" толугу менен токтоткусу келет. Бирок бул партиялар бийликке келүүгө жетиштүү колдоо таба албайт.
"Брексит" Британиянын дүйнөдөгү ордун аныктамакчы. Британиянын чет өлкөлөр менен соода алакалары жана Британияга ким тоскоолдуксуз кире алаары шайлоодо чечилет. Айрым талдоочулар 12-декбарда өтө турган шайлоону "Брексит" боюнча экинчи референдум деп аташууда.
Ошол эле учурда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына карабастан "Брексит" көп жылдар бою Британия саясатындагы негизги көйгөй бойдон кала берет.










