Брексит: эми эмне болот?
Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Европа Биримдигинен чыгуу боюнча 585 барактан турган келишим долбоорун парламентке сунуштады. Парламент депутаттары, анын ичинде Мэйдин айрым партиялаштары долбоорго катуу каршылыгын билдирди.

Сүрөттүн булагы, EPA
Европа Биримдигинен чыгуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн министр Доминик Рааб менен Эмгек жана пенсия министри Эстер Маквей кызматынан өз ыктыяры менен кетти. Доминик Рааб премьер-министр сунуштаган долбоорду кабыл алса болбойт деп айтты.
Британия 2019-жылдын 29-март айында кечки саат 23:00 (жума күнү) Европа Биримдигинен чыгып кетиши керек. 2016-жылы өлкөдө референдум өтүп, британиялыктардын 51.9 пайызы аталган биримдиктен чыгууну колдогон, 48.1 пайызы калууга добушун берген.
Европа Биримдиги менен Улуу Британия бир жылдан бери "ажырашуу" боюнча долбоорду талкуулады. Катаал сүйлөшүүлөрдөн кийин эки тарап мунаса тапты. Эми келишимди Британиянын парламенти, андан кийин Европа Биримдигине мүчө болгон 27 мамлекет колдошу керек.
Келишим долбоору эмнени камтыйт?
- Британия Европа Биримдигинен чыккандан кийин, өлкөдө жашап келген европалыктар жана алардын үй-бүлөлөрү Британияда кала берүүгө укуктуу болот
- 21 айга созулган өткөөл (жеңилдик) мезгили берилет
- Британия 39 миллиард фунтту "адилеттүү финансылык төлөм" катары европалык компанияларга которот. Муну "ажырашуу төлөм" деп дагы аташууда
- Үч миңге чукул азык-түлүк товарларына өзгөчө макам берилет
- Түндүк Ирландия менен Ирландия республикасы ортосундагы чек ара маселеси күн тартибине коюлат
Соода келишимине эмне болду?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
585 барактан турган долбоордон тышкары Британия менен Европа Биримдигинин келечектеги алакалары боюнча да документ даярдалууда. Ал кабыл алынса, 2020-жылдын декабрь айына чейинки өткөөл мезгил башталат.
Документке ылайык, эки тараптын ортосунда "эркин соода аймагы жана айрым товарлар боюнча бажы төлөмдөрү" толугу менен алынат. Атайын бажы келишими түзүлөт. Эки тарап кошумча келишимдер аркылуу Түндүк Ирландия менен Ирландия республикасы ортосундагы чек ара көйгөйүн чечүүгө киришмекчи. Бул маселе Британиянын бүтүмдүгүнө коркунуч жаратышы ыктымал.
Эми эмне болот?

Сүрөттүн булагы, PA
Европа Биримдиги долбоорду талкуулоо үчүн айдын аягында чукул саммит өткөрөт. Андан кийин премьер-министр парламент депутаттарын ынандырышы керек. Бул абдан татаал болот. Себеби оппозициядан тышкары, Мэй айымдын өз партиялаштары дагы долбоорго каршы чыгууда.
Түндүк Ирландиянын "Демократиялык биримдик партиясы" долбоор Улуу Британияны бөлүп, бүтүмдүгүнө коркунуч жаратат деген пикирин билдирди.
Мэйдин айрым партиялаштары ал премьер-министрлик кызматын таштап кетсин деп талап кылышууда. Андан тышкары Мэйдин үзөңгүлөштөрү кызматын өткөрүп бериши ыктымал. Эмитен эле эки министр өз ыктыяры менен жумушун өткөрүп берди.
Улуу Британия Европа Биримдигинен эч кандай долбоору жок туруп чыгып кетсе болот. Депутаттар мындан кооптонуп, добуш берүү учурунда Мэйдин долбоорун колдошу мүмкүн. Эгерде Тереза Мэй парламенттин колдоосун албаса, эмне болоорун эч ким билбейт. Ал Европа Биримдиги менен кайрадан сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү мүмкүн. Бирок байкоочулар премьер-министр кызматтан кетет деп болжоодо. Өлкөдө кайрадан парламенттик шайлоо өтүшү ыктымал же жаңы премьер-министр тандалышы мүмкүн.
Саясатчылардын көбү Тереза Мэй бул жолдон баш тартып, Брексит күнүн кечеңдетип, кайрадан референдум жарыялайт деген үмүттө. Буга чейин Мэй референдум кайра болбойт деп убада кылган.
Брексит: Эми эмне болот?
- Долбоор Европа Биримдигинин саммитинде каралат.
- Британ парламенти долбоорду колдоо боюнча добуш берет
Эки тарап тең долбоорду колдосо...
- Британиянын парламенти Брексит боюнча келишимди колдошу керек
- Европанын парламенти 51% добуш менен келишимди колдоого туура келет
- Европа Биримдигинин Кеңеши көпчүлүк добуш менен долбоорду колдошу зарыл (Биримдикке мүчө болгон 27 мамлекеттин жыйырмасы келишимге макул болуп, бул Евробиримдик калкынын 65 пайызын түзүшү шарт"
- Улуу Британия 2019-жылы март айында Европа Биримдигинен чыгып кетет
- Британия менен Европа Биримдиги ортосундагы өткөөл мезгил 2021-жылдан декабрь айында аяктайт.
Эгерде бир тарап, же экөө тең келишимди четке какса...
- Улуу Британия Европа Биримдигинен эч кандай келишими жок эле чыгып кетет
- Долбоор кайрадан түзүлөт
- Британияда парламенттик шайлоо жарыяланат
- Британияда кайрадан референдум өтөт. (AT)















