“Брексит”: Британиядагы саясий туңгуюк

Tellers

"Брексит" маселесинен чыккан кризистен улам Британ парламенти премьердин 12-декабрда парламенттик шайлоо өткөрүү сунушун колдоду.

Өлкөдө 1923-жылдан бери декабрда шайлоо өтө элек болчу. Эми мыйзамды Лорддор палатасы бекитип бериши керек. Андан соң шайлоо өнөктүгү башталат.

Премьер-министр Жонсон "Брексит" жана өлкөнүн келечеги кандай болорун шайлоочулар тандашы керек деди. Ал шайлоо аркылуу парламенттеги туңгуюктан чыгып, "Брексит" боюнча келишимге жетебиз деген үмүтүн айтты.

Аптанын башында Евробиримдик Британиянын өтүнүчүн аткарып, "Брексит" мөөнөтүн үч айга жылдырууга макулдук берди.

Оппозициядагы Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин шайлоочулар өлкөнүн багытын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк алганын белгиледи. Лейбористтер дагы шайлоо аркылуу бийликке келип, "радикалдуу өзгөртүүлөрдү" алып келүүнү убада кылууда.

Жонсон кандай келишимди сунуштады?

110 барактан турган документ Британияны Европа Биримдигинин бажы союзунан толугу менен чыгарат. Британия башка мамлекеттер менен бажы биримдигин түзүүгө укуктуу болот.

Withdrawal Agreement Bill
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жонсон 110 барактан турган документти жарыялады

Ирландия Республикасы менен Түндүк Ирландия чек ара маселесин Жонсон жаңы бажы чек ара түзүү аркылуу чечүүнү сунуштайт. Башкача айтканда, чек ара Ирландия деңизине жылдырылып, Түндүк Ирландияга жөнөтүлгөн товарга салык салынат. Де-юре Ирландия Республикасы менен Түндүк Ирландия ортосунда чек ара болот, бирок де-факто чек арада текшерүүлөр болбойт.

Британиянын Европада жашаган жарандары жана Европа мамлекеттеринин Британияда жашаган жарандары "Бреситтен" кийин деле өлкөдө калууга укугун сактап калышат. Өткөөл мөөнөт учурунда ишкерлердин эркин кыймылы күчүндө кала берет. Беш жылдан ашуун убакыт Европа мамлекеттеринде жашап, иштеп келгендерге туруктуу жашоого виза берилет.

Өткөөл мезгил 2020-жылдан декабрь айына чейин созулат. Бул учурда Британия менен Европа Биримдиги келечектеги алакалары боюнча келишим түзөт. Өткөөл мезгилде Британия Европа Биримдигинин эрежелерин карманып, бюджетке акча которо берет. Бирок Биримдиктеги өкүлүнөн айрылат. Эки тарап макул болсо, өткөөл мезгил бир же эки жылга узартылышы мүмкүн.

Акча маселесине келгенде, "ажырашуу эсеби" канчага бааланары белгисиз. "Брексит" мөөнөтү 29-марттан 31-октябрга жылдырганы үчүн, Британия Европа Биримдигинин мүчөсү катары төлөмдөрдү төлөй берген. Демек, "ажырашуу" үчүн төлөмдөр кыскарышы мүмкүн. Буга чейин британ өкмөтү Лондон Европа Биримдигинен чыгып кетүү үчүн 39 миллиард фунт төлөшү керек деп болжонгон. Бул акчанын көбү 2022-жылга чейин которулушу керек. Айрым төлөмдөр 2060-жылга чейин созулат. (AT)