Жонсон Брюсселде жеңди, бирок Лондондо жеңилип калышы мүмкүн

Жонсон Брюсселде жеңди

Сүрөттүн булагы, EPA

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон бир нече күн мурда эле мүмкүн болбой жаткан натыйжага жетишти: Брюссел Британиянын Евробиримдиктин чыгышы жөнүндө келишимди кайра карап чыкты. Бирок Жонсондун бул жеңиши жана 31-октябрга артылган үмүтү британ парламентинде колдоо табарына кепилдик жок.

ЕБ лидерлери бейшембиде саммитте келишимдин жаңы редакциясын колдоп беришти.

Эми аны Британиянын парламенти жактырышы керек, парламенттин төмөнкү палатасы 19-октябрга чукул жыйынга чогулган жатат.

Эгер алар колдоп берсе, калганы оңой бүтөт: Европарламент келишимди ратификация жасайт, ЕБ Кеңеши колун коет, 31-октябрда Британия Евробиримдиктин мүчөсү болбой калат.

Бирок Жонсон, брекситтин жаңы келишимин алып келгени менен Лондондо мурдакы премьер-министр Тереза Мейди жыдыткан эски проблемага кабылышы мүмкүн. Евробиримдиктин чыгуунун келишимин парламентте көпчүлүк колдобой коюшу ыктымал.

"Мен депутат кесиптештерим эми биригип, брекситти аягына чыгарат деп үмүт кылам. Биз брекситти бүтүп, Евробиримдик менен биргелешкен келечекти курууга киришүүгө убакыт келди",-деп Борис Жонсон Евробиримдиктеги саммиттин алдында.

Бирок "Жонсондун келишими" парламенттин төмөнкү палатасында көпчүлүк добушту алат деген кепилдик жок. Же болбосо, көпчүлүк колдобойт дегендин да кепилдиги жок.

Добуштардын бөлчөгү

Парламенттин төмөнкү палатасында башкаруучу консервативдик партиянын фракциясына көпчүлүк болуш үчүн 40 добуш жетпейт, бирок эң башкы тоскоолдук мында эмес. Британ парламентинде брексит маселесине келгенде фракциялардын санын кошуп же салыштырып божомол кылуу кыйын.

Брексит келишиминин тагдыры парламенттин төмөнкү палатасында чечилет

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Брексит келишиминин тагдыры парламенттин төмөнкү палатасында чечилет

Жонсондун өзүнүн партиялаштарынын бир бөлүгү келишимге каршы добуш бериши мүмкүн. Оппозициянын бир бөлүгү тескерисинче колдоп жатат.

Абройлуу депутат-тори, партиянын мурунку лидери жана чечкиндүү брекситер Иэн Данкан Смит Брюсселден келишим жөнүндө жаңылык келгенден кийин аны колдоп чыгарына ишенбей турат.

Ошол эле убакта Лейбористтер партиясынын айрым бөлүгү премьер сунуштаган жолду колдоп бериши мүмкүн болуп турат.

Лейборист Джон Манн өзү келишимди колдоп добуш бере турганын, шайлоочулар брексит үчүн добуш берген Түндүк жана Борбордук Англиянын лейббористтери баары колдоп добуш бериши керек деп эсептерин бейшембиде журналисттерге билдирди. (КС)