Издөөдөгүлөрдүн изине түшкөн камера. Технологиянын күңгөйү менен тескейи

Сүрөттүн булагы, ИИМ
Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааныган камералардын саны күн санап көбөйүүдө. ИИМдин маалыматына караганда, мындай камералар өлкөнүн баардык жерине коюлуп, 2023-жылы эле 3000ден ашуун кылмыштын бетин ачууга жардам берген.
Саясий ишмерлер камералар бийликке курал болуп калышы ыктымал деп кооптонсо, санарип адистери тиешелүү кызматтар адамдардын жеке маалыматтарынын сакталышына тыкыр көзөмөл кылуусу керектигин айтышууда.
Кыргызстанда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) астында 2021-жылы атайын борбор түзүлүп, видео байкоолор коопсуздукту сактоо максатында пайдаланылып баштаган. Бүгүнкү күндө алардын саны 3 миңге чукулдаган.
Камералар саясий курал катары колдонулуп, адамдардын өздүк мейкиндиги жана жеке жашоосу чектелээрин айткандар бар. Алардын бири — саясий серепчи Сейтек Качкынбай.
Анын айтымында авторитардык бийлик орногон өлкөдө көзөмөл камералары бийликтин куралына айланып кетүү коркунучу бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Freedom House Кыргызстанда стабилдүү олтурукташкан авторитаризм болду деп баа берди. Мурун жарым жартылай эркин болчубуз, демократиянын кайсы бир элементтери бар болчу. Азыр такыр жок болуп калган коомдо камералар кооптонууну жаратып, элди андан беш-бетер тоталдык көзөмөлгө алып жаткандай таасир жаратат".
Ал эми ИИМ чочулоого негиз жок деп ынандырууда. ИИМдин басма сөз катчысы Тилек Оторов камералар издөөдө жүргөн адамдарды гана таанып, алар жөнүндө маалымат берээрин айтты:
"Кылмыш жасаган, жоголуп кеткен, эл аралык издөөдө жүргөн жарандар базага киргизилген. Ошолорду байкаса, жүзүнөн таанып белгилеп берет. Ал жерге жакын жүргөн милиция кызматкерлери кармоо иш чараларын жүргүзөт".
Оторов жогорудагы ыкма менен 2023-жылы 3 миңге жакын кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 800дөн ашык кылмышка шектүүлөр кармалып, 150гө жакын дайынсыз жоголгондор аныкталганын кошумчалады.
Укук коргоо органдары камералардын так санын жана кайсы жерлерге орнотулганын ачыктабайт. Ошентсе да ал издөөдө жүргөн кишини кантип табаарын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Исмаилов төмөндөгүчө түшүндүргөн:
"Издөөдө жүргөн кылмышкерлерди байкаган болсо, үн коштоо менен ошол тааныган жүздү кызыл чарчыга алуу менен белги берет".

Сүрөттүн булагы, ИИМ
Мындан сырткар Исмаилов камеранын төрт кызматын ачыктаган:
- Дайынсыз жүргөн адамдарды табуу
- Издөөдөгү кылмышкерлерди табуу
- Транспорт каражаттарынын номерлерин таануу
- Онлайн режимде 360 градуста башкарууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү
Кооптонууну жараткан жеке маалыматтарды коргоо мыйзам менен бекитилген. Анда баардык маалыматтарды сактаган борборлор өлкөнүн ичинде гана болсун деген талап бар, — дейт Ош шаардык мэриясында иштеген Искандер Субанкулов.
"Жеке маалыматтарды сактоо, кибер коопсуздук боюнча талаптар бар. Кибер коопсуздукту коргоо борбору да ачылган. Алар бүт Кыргызстандагы мамлекеттик мекемелердин кибер коопсуздугун текшерип, талаптарын коюп иш алып барышат".
Деген менен кытайдын адамды таанып, онлайн режимде тынымсыз иштеген камералары колдонулгандыктан ал чогулткан маалыматтарды кытай колдонушу мүмкүн деген да кооптонуулар айтылат. ИИМ мындай кооптонууга негиз жок деп ынандырып келет.
"Камераңар кайда турат?"
Камералар кайда карап турат? 2021-жылы Бишкекте Айзада Канатбек кызын ала качып, из жашырып кеткен учурда Коопсуз шаар үчүн орнотулган камера, бул тутумдун иши боюнча байма-бай сындар айтылган. Анда милициядан баштап туш-тарапка орнотулган камералар тартпаса, из кууганга жарытылуу жардам бере албаса мындай технологиянын кереги барбы деген ачуу сындар айтылган. Себеби ала качтык деп уурдай качкандан кийин сааттап эмес, күн-түн кыздын дайыны чыкпай, ала качкандар кайда жашырынганынын изи табылбай коомчулук бушайман болгон. Аягы кыздын өлүмү менен аяктаган окуя азыр да элдин эсинде. Ушул сыяктуу мисалдардан улам кылмыштын алдын алуу, бетин ачуу, токтотуп калуу, кылмышкерди кармоо үчүн мындай технология керек дегендер бар. Бирок ал андан башка максатта пайдаланылбасын деген талап да күчүндө.
Эл аралык өңүтү кандай?
2018-жылдагы маалыматка караганда, Кытайда мындай камералар миллиондоп орнотулган. Айрым бир фильмдерди көрсөңүз кылмышкер жык-жыйма элди аралап баратса да анын жүзүн таанып, ал тууралуу белги берген көрүнүштөрдү байкайсыз. Дал ошондой болбосо дагы бул ошого үндөш технология деп түшүнсө болот. Кытайдагы мисалга караганда экономикалык кылмышка шектүү делген жарнады чон иш чара учурунда 60 миң адамдын арасынан камера таанып, полиция кармаган. Шектүү мындай технологияга дагы, мындай ыкчамдыкка дагы таң калганын жашырган эмес. Кытайда бул технологиянын жардамы менен оор кылмышка шектүүлөрдү, балдарды уурдай качкандарды аныктаган мисалдар арбын. Ошентсе дагы бул маселеде коопсуздукту коргоо менен жеке турмуштун чек арасын бузбай так сактоо кандай болот деген суроо кабыргасынан турат.












