Жасалма интеллект, электр унаалар. Быйылкы технологиялык тренддер тууралуу

Бен Моррис, Би-Би-Синин технология боюнча кабарчысы

Генеративдик жасалма интеллект боюнча компанияларга инвестициялар агылууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Технологиялык дүйнөдө 2023-жылы генеративдик жасалма интеллект (ЖИ) көңүл чордонунда болгон жыл катары эсте калат.

Генеративдик ЖИ системалары компьютердик коддон тартып, көркөм чыгармаларга, эсселерге чейин бир катар контентти тез арада жасай алат. Алар кынтыксыз болбосо да, кээ бир тармактарда жана кесиптерде маанилүү инструмент болуп калды.

Майкрософт тарабынан колдоого алынган ChatGPT 2022-жылдын аягында ишке кириши менен алдыңкы орунга чыкты жана ошондон бери анын атаандаштары да көбөйүүдө.

Ушул айда Google компаниясынын ээси Alphabet - Google продукцияларына, анын ичинде чатботуна жана издөө системасына Gemini аттуу жасалма интеллектти киргизип эң маанилүү кадамдардын бирин жасады.

Alphabet Gemini учурдагы ChatGPT'нин версиясынан алда канча жогору турат деп ырастайт.

Бирок ChatGPT’ни түзгөн OpenAI, ал бир ордунда турбайт дейт. Ал келерки жылы программалык камсыздоонун күчтүү версиясын чыгарууну убада кылууда.

Ноябрда өткөн программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар үчүн конференцияда OpenAI’дын башкы аткаруучу директору Сэм Алтман мындай деди: "Биз бүгүн ишке киргизген программа учурда сиз үчүн түзүлүп жаткан нерсеге салыштырганда кызыктай болуп көрүнуп калат".

Сэм Олтмандын айтымында, азыркы ЖИ кийинки нерселерге салыштырмалуу "кызыктай" көрүнүп калат деди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал арада, инвесторлор кийинки ири оюнчуну колдоо үмүтү менен бул тармакка көп акча салып жатышат.

PitchBook’тун маалыматына ылайык, бүткүл дүйнө боюнча венчурдук капиталдык компаниялар генеративдик жасалма интеллект стартап ишканаларына 21,4 миллиард доллар салышкан жана булар сентябрдын аягына чейинки гана сандар.

Салыштыруу үчүн, 2022-жылы бул тармакка 5,1 миллиард доллар гана инвестицияланган.

Бирок кээ бирөөлөр көп эле алдана бербешибиз керектигин эскертип жатышат. CCS Insight компаниясынын башкы аналитиги Бен Вуддун айтымында, генеративдик ЖИ 2024-жылы "муздак суу чачкандай" болот.

"Журүп жаткан ажиотаждан улам, биздин оюбузча, ЖИни бир аз басаңдата турган бир нече тоскоолдуктар эске алынбай калды." - дейт ал.

Ал генеративдик ЖИ системасын иштеп чыгуу жана иштетүү абдан кымбат экенин белгилейт. Бул көп эсептөө күчүн, таңсык жана кымбат болгон компьютер чиптерин талап кылат.

Анын айтымында мындай чыгымдарды азайтуу үчүн кээ бир ЖИ гибриддик системага өтөт деп болжолдойт, ал дегени айрым иштер локалдуу – сиздин ноутбукта же телефонуңузда жүргүзүлөт.

Вуд мырза, андан тышкары эрежелер жана укуктук күрөш генеративдик ЖИнин айланасындагы учурдагы манияны салкындатышы ыктымал дейт.

"Фирмалар ЖИ менен иштеген кызматтарга көп акча салышы мүмкүн, бирок кийин аны мыйзамдарга ылайыкташтырууга туура келгенде акчанын бир бөлүгүн артка кайтарып алышат."

Электрдик шок

Форд электр унаа (ЭУ) өндүрүшүн кеңейтүү пландарын токтоткон компаниялардын бири

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Форд электр унаа (ЭУ) өндүрүшүн кеңейтүү пландарын токтоткон компаниялардын бири

Schmidt Automotive Research компаниясынын маалыматы боюнча, келерки жылдын биринчи чейрегинде бир миллионунчу толугу менен электрде жүргөн унаа Британиянын жолдоруна чыгат. Ошону менен Британия бул көрсөткүчкө жеткен Германиядан кийинки экинчи рынокко айланат.

Ага карабастан, 2024-жыл электр унааларын (ЭУ) чыгаруучулар үчүн дагы бир катаал жыл болот деп күтүлүүдө.

2023-жылдын аягында Ford, GM жана Tesla электр унааларын өндүрүүнү кеңейтүү пландарын токтотушкан. Октябрда Mercedes-Benz электромобилдер рыногун "ырайымсыз" деп мүнөздөп, ага баалар согушу жана жеткирүү түйүнүндөгү көйгөйлөр күнөөлүү деген.

Талдоочулар кырдаалдын жакын арада жеңилдешин күтпөйт.

Автоунаа базарынын аналитиги Маттиас Шмидт 2024-жылы Европада электр унааларынын сатылуусу солгундаган жыл болот деп болжолдойт. Германия жана Норвегия сыяктуу салттуу күчтүү рыноктордо ал өсүштү дээрлик көрбөйт.

Бирок, Британияда “абаны булгабаган унаа” саясаты киргизилгендиктен, жалгыз үмүт ушул өлкөгө артылышы мүмкүн. Январь айынан баштап сатылган унаалардын бештен бир аз ашык бөлүгү электрдик унаа болушу керек, бул максат 2030-жылга чейин 80 пайызга жетет деп күтүлүүдө.

Электр унаа сатып алууга акчасы бар адам үчүн бул сонун жаңылык болушу мүмкүн.

"Ал толугу менен сатып алуучулардын рыногу болот, айрыкча электр унааларына келгенде, өндүрүүчүлөр “абаны булгабаган унаа” саясатына ылайык максаттарды аткарууга шашышат", - дейт Шмидт мырза.

Гуманоид роботтор

Гуманоид роботтор келерки жылы пайдалуурак боло башташы мүмкүн. Теслада инженерлер Optimus – адам сымал роботтун үстүндө иштеп жатышат, алар жакында заводдогу жөнөкөй жумуштарды аткара баштайт деп үмүттөнүшөт.

Ушул айдын башында чыккан видеодо Optimus’тун эң акыркы версиясы көрсөтүлгөн – ал мурунку роботко караганда жеңилирээк, колдору жаңы жана жаңы моторлор менен иштейт.

Июль айында Илон Маск Optimus 2024-жылы Tesla заводунда иштей баштайт деп айткан.

"Ал качан айрым пайдалуу иштерди жасай алат дегенге келсек, биз муну алгач өзүбүздүн заводдорубузда сынап көрөбүз - анын пайдалуулугун аныктайбыз. Мен ал биздин заводдордо пайдалуу иштерди келерки жылдан баштап аткарат деп ойлойм. Мен буга абдан ишенип турам".

Тесла гуманоид роботтор жаатында көптөгөн атаандаштыкка ээ. Башка компанияларда роботтор тапшырмаларды үйрөнө башташкан.

Amazon өзүнүн ишканаларында адам сымал роботту сынап жатат. Digit деп аталган робот адам сыяктуу кыймылдай алат, буюмдарды адамдай эле кармап, иштете алат.

Аны Agility Robotics иштеп чыккан, ал келерки жылы Digit роботторун кардарларга жеткире башташы мүмкүн.

Ошол эле учурда Канададагы Sanctuary AI өзүнүн Phoenix деп аталган роботун баштыктарды таңгактоо сыяктуу конкреттүү тапшырмаларды аткарууга үйрөтүп жатат. 2024-жылга коюлган планга ылайык Phoenix аткара ала турган милдеттеринин түрүн кеңейтүүсү күтүлүүдө.

Wegovy

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Wegovy

Фармацевтика дүйнөсүндө бир дары ушунчалык тез сатылып жаткандыктан, аны өндүргөндөр суроо-талапты канааттандырууга жетишпей жатышат.

Wegovy бренди менен сатылган арыктатуучу семаглютид дарысы чоң ийгиликке жете алды, аны өндүргөн Ново Нордиск, кыскача айтканда, Европанын эң баалуу компаниясына айланды.

Суроо-талапты канааттандыруу үчүн даниялык фирма өндүрүш ишканаларын кеңейтүүгө миллиарддаган евро жумшайт.

Учурда Wegovy дарысы жума сайын инъекция катары колдонулат, бирок таблетка түрү дээрлик даяр болуп калды. Novo Nordisk анын рынокко качан чыгарын айта элек.

Даниялык фирма келерки жылы атаандаштыктын күчөшүн күтсө болот.

Эли Лилинин "Мунжаро" дарысы жакында АКШда жана Улуу Британияда арыктоо үчүн дары катары жактырылган жана Европа Биримдигинде жакын арада жактырылышы мүмкүн.

Ошол эле учурда, Pfizer дагы өзүнүн арыктатуучу таблеткасын чыгарууга уруксат алууну көздөп жатат.