Мээге BCI датчик орнотуу. Ыктыярчылар изделүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Илон Масктын стартап долбоору болгон Neuralink компаниясы нейрокомпьютердик интерфейс менен сыноолорду өткөрүү үчүн ыктыярчыларды издеп жатканын жарыялады.
Компания адамдын мээсин компьютер менен байланыштырууну максат кылып, шал оорусунан жапа чеккен адамдарды анын жаңы технологияларын сынап көрүүгө чакырат.
Окумуштуулардын айтымында, мээге орнотулган имплантат өзүнүн нерв импульстарын өткөрүп бере алат, ал өз кезегинде чечмеленет, ошол аркылуу шал оорусуна кабылган адам, мисалы, жөн гана ойдун күчү менен компьютерде тексттерди тере алат.
Май айында бир нече ийгиликсиз аракеттерден кийин, Neuralink адамдарда клиникалык сыноолорду өткөрүүгө АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгынан (FDA) уруксат алган.
Компания алгач 10 ыктыярчыга импланттарды орнотууга уруксат сураган, бирок акыры канча адамга эксперимент жүргүзүүгө уруксат берилгени айтылган эмес.
Ойдун күчү жана кыймыл жасоо ниети
Компаниянын билдирүүсүндө айтылгандай, алты жылга эсептелген эксперименттин башталышында робот адамдын чачынан да ичке алтымыш төрт ийкемдүү торчолорду ыктыярчылардын мээсинин “кыймыл жасоо ниетине” жооп берген аймагына хирургиялык жол менен орнотот.
Бул эксперименталдык N1 имплантатына мээ жөнөткөн сигналдарды жазууга жана адам кандай кыймылдарды жасоону көздөп жатканын чечмелей турган атайын тиркемеге жиберүүгө мүмкүндүк берет. Имлпантаттын батареясы контактсыз кубатталат.
Компаниянын айтымында, квадриплегия, башкача айтканда, жаракаттан улам колдору да, буттары да шал болуп калган же жүлүн менен мээнин нерв клеткаларынын бузулушун шарттаган амиотрофиялык каптал склерозу (ALS) оорусу менен жабыркаган адамдар бул эксперименттерге катышса болот.
Илон Масктын бул долбоорго катышуусу Neuralinkтин кадыр-баркын көтөрүшү анык, бирок атаандаштар да уктап жаткан жок. Юта штатында жайгашкан Blackrock Neurotech өзүнүн биринчи BCI имплантатын 2004-жылы жасаган.
Neuralink’тин негиздөөчүлөрүнүн бири тарабынан түзүлгөн Precision Neuroscience компаниясы дагы шал оорусунан жабыркагандарга жардам берүүнү максат кылат.
Анын имплантаты мээнин белгилүү бир аймагын камтыган жука пленка жана “баш сөөктү микрокесүү” деп аталган жол менен орнотулат, ал иштеп чыгуучулардын айтымында, Neuralink сунуштаган робот жасачу операциядан алда канча жөнөкөй.
Ошол эле учурда буга чейин далилденген технологиялар да белгилүү бир натыйжаларды бере баштады.
Американын акыркы эки изилдөөсү шал оорусуна чалдыккан адамдар сүйлөшүүгө аракет кылганда мээнин активдүүлүгүн көзөмөлдөө үчүн имплантаттарды ийгиликтүү колдонушкан. Анын сигналдарын чечмелөө ошол адамдар менен баарлашууга жардам берет. (ДО)












