Google өзүнүн жасалма интеллектидеги чат-ботун чыгарды. Ал 18 жаштан өткөндөр үчүн

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Зои Клейнман
- Role, Технологиялар редактору
Техникалык гигант АКШ менен Улуу Британиядагы өзүнүн колдонуучулары үчүн Bard деп аталган жасалма интеллектидеги чат-ботун чыгарды. Бирок аны айрым бир колдонуучулар жана 18 жаштан жогорку курактагыларга гана иштете алат.
Ал өзүнүн ChatGPT атаандашына караганда Интернеттен жаңы маалыматтарды алып тура алат. Ал эми ChatGPT'тын маалымат базасы 2021-жыл менен чектелген.
Ошондой эле "Google it" кнопкасы менен издөө жүргүзө алат. Ал ошондой эле фактыларды алган булактарын да көрсөтөт, мисалы Википедияны.
Bard тиркемесин колдонуу үчүн ага катталыш керек, бирок 18 жашка толгондор гана катталып колдоно алат. Мунун себеби окуучулар үй тапшырмасын аткарууга ботторду пайдаланбасын деген максат болууда.
Авторлор жаңы чат-бот реалдуу дүйнөдөн келген маалыматка "үйрөнүп" жатканын эскертишүүдө, себеби Интернет ар кандай стереотиптер жана жалган маалыматтарга шыкалган эмеспи.

Сүрөттүн булагы, Google
Чат-бот кантип иштейт?
Жасалма интеллектидеги чат-боттор онлайн режимде адамдын табигый тилинде суроолорго жооп берүүгө программаланган.
Алар көп иш аткара алат, сөздөр менен маркетинг материалдарды жазгандан тартып компьютердик коддордү түзүп, студенттик эсселерди, керек болсо ырга чейин жазып бере алат.
OpenAI компаниясынын маалыматына караганда, ChatGPT 2022-жылы ноябрда чыккандан тартып бир аптада анын колдонуучулары миллиондон ашып кеткен.
Аны сатып алган Microsoft миллиарддаган доллар жумшап, бул продуктуга өткөн жылы Bing издөө системасын киргизди.
Ал ошондой эле чат-ботту өзүнүн офистик Word, Excel жана Powerpoint сыяктуу тиркемелерине да киргизүү планын жарыялады.
Google болсо өзүнүн Bard версиясын иштеп атканда жайыраак жана этият болду. Бул чат-бот башында АКШ менен Улуу Британияга гана ачылды.
Bard Google'дун Lamda деп аталган эски жана толук жарыяланбаган тил моделинин урпагы болуп саналат. Бирок инженерлердин бири анын жоопторун текшерип, акыл-эстүү экенине ишенгенин билдиргенде кызыгуу күч алды. Бирок ал инженер иштен бошотулду.

Сүрөттүн булагы, Google
Google'дун продуктулар боюнча директору Джек Кравчик Би-Би-Сиге Bard — «эксперимент» деп атап, аны адамдар "чыгармачылык үчүн старттык аянтча" катары пайдаланат деген үмүтүн билдирди.
«Адам-баатыр»
Ал өзүнүн кичинекей баласынын туулган күнүн белгилеш үчүн кече өткөрүүгө Bard кантип колдонгонун мисал катары айтып берди.
Чат-бот анын баласынын коендорго жана гимнастикага кызыгуусун айкалыштырып, туулган күн өткөрүүгө ылайыктуу жай тандап, аны кызыктуу кылуучу оюндар менен дасторконду да сунуштады. «ЖМКда көп жазып атышпайбы жасалма интеллектини баатыр деп», — дейт Кравчик мырза. «Менин оюмча, адам — баатыр, ал эми мындагы көп тил моделдери адамдагы чыгармачылык потенциалды ачууга жардам берет».
ChatGPT маалымат базасы 2021-жылга гана тараган — ал мисалы Түркия менен Сириядагы жер титирөө жөнүндө суроолорго жооп бере албайт — ал эми Bard азыркы маалыматка жете алат. Мен муну Улуу Британиянын өкмөттүк телефондоруна TikTok'ту тыюу салган жаңылыктан улам түшүндүм, бул жаңылык BBC сайтында бир нече күн мурда жарыяланган эле.
Ал мазактаган суроолорго жооп бербей тургандай болуп программалашкан, зыяндуу, жыныстык же жеке маалыматтарды өткөрбөй кое турган чыпкалары бар. Бирок "ар башка ыкмалар сыяктуу эле бул тосмолор кээде иштебей калышы мүмкүн",-дейт Google Research вице-президенти Зубин Гахрамани.
Жумушсуздук коркунучу
Мындай технологиянын айланасында аябай кызыгуу күч болуп жатканына карабай, ChatGPT'нин манипуляциясы жөнүндө көп шумдук мисалдар бар. Ошондой эле азыр бүчүр калыбында турган кубаттуу аспаптар акыр түбү көп сандаган иш орундарын ээлеп, көп адам жумушсуз калат деген коркунуч бар.
Ошондой эле чат-боттор интернет издөөдөгү кирешелүү бизнестин ордун басат деген теория бар, бул Google үчүн өзгөчө актуалдуу маселе. Эгер бир эле жолу сапаттуу жооп алууга мүмкүн болуп турса, Интернетти тытып тырышуунун эмне кереги бар?
Кравчик жана Гахрамани мырзалар технология менен байланышкан жоопкерчилик жана принциптер тууралуу көп айтышты. Алар ал түгүл Bard'ды азыктандырган эбегейсиз маалымат чордондору жана аларды башкарууда кайра калыбына келчү энергия булактары колдонула турганын да сөз кылышты.

Сүрөттүн булагы, Google










