Криптавалюта: Worldcoin көздү сканерлей баштады

Сүрөттүн булагы, Worldcoin
Open AI компаниясынын негиздөөчүсү жана популярдуу ChatGPTнин автору Сэм Олтман Worldcoin аттуу жаңы криптовалютаны баштады. Долбоорунун алкагында бизнесмен өзгөчө технологияны колдонууда. Каалоочулар Orb («тармак» же «шар» - англисче) деп аталган атайын аппараттын жардамы менен көздү сканерлөөгө макулдугун берсе 25 Worldcoin токенин ала алышат (болжол менен 2 АКШ доллары).
Күмүш шар формасындагы сканерлерди сыноо эки жыл мурун башталган. Worldcoin маалыматы боюнча, андан бери жаңы криптовалютаны колдонуучулардын маалымат базасында дүйнөнүн 33 өлкөсүнөн 2 миллиондон ашык катталуучу пайда болду.
Европада, Индияда жана Түштүк Африкада көздөрүн сканерден өткөрүүгө макул болгондор арбын болгон. Компания АКШда жайгашканына карабастан, криптовалюталарга коюлган олуттуу чектөөлөрдөн улам «Сферы» бул өлкөдө иштебейт.
Дүйшөмбүдөн баштап, Worldcoin токендери менен соода-сатык кылууга жол ачылды. Ошондуктан бул валютанын популярдуулугу ого бетер жогорулашы мүмкүн.
Ал иштей баштаган күнү миңдеген адамдар дүйнө жүзү боюнча атайын түзүлгөн пункттарда күмүш шарлар үчүн кезекке турушту. Долбоорду ишке ашыруучу компания дүйнө жүзү боюнча көзду сканерлей турган 1500 борборду уюштурууну пландаштырууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөдөгү эң атактуу "сүйлөгөн роботту" жараткан Альтман чыныгы адамдарды жасалма интеллекттен айырмалай ала турган технологияны иштеп чыгуу үчүн көзүн сканерлөө керектигин айтат.
Ал ошондой эле жаңы криптовалюта дүйнөдө универсалдуу негизги кирешенин пайда болушуна салым кошо аларын айтат.
Бирок, бул кантип иштей турганын ал ачыктаган жок.
"Worldcoin экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кескин жогорулатат жана адам менен жасалма интелекти айырмалоо, жеке маалыматтын купуялуулугун сактоо боюнча ишенимдүү моделдештире алат", - деп жазды Альтман өзүнүн жаңы долбоору жөнүндө.
Би-Би-Синин кабарчылары Лондондогу көздү сканерлеп, Worldcoin токендерин ала турган пунктка барышты.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
«Сферага» кезекке тургандардын бир топ тобуна кошулуп, өздөрү жасап көрүштү.
Алгач аппарат адамдын жүзүн жана көзүн сканерден өткөрүп, ал робот эмес, чыныгы адам экенин тастыктайт. Бул үчүн «Сфера» объективине болжол менен 10 секунд карап туруу керек, андан кийин баары иштегенин ырастаган үн угулат.
Буга чейин күмүш топ кардарлар менен "сүйлөшө алган", бирок колдонуучулар «Сфера» менен баарлашууда ыңгайсыз болгон жагдайлар чыккандыктан убактылуу баш тартуу чечимине келишкен.
Андан кийин сканерленген көзгө уникалдуу номер ыйгарылып, аны компьютер бул же тигил адам биринчи жолу процедурадан өтүп жатканын текшерүү үчүн гиганттык маалымат базасы менен салыштырат.
Бардык текшерүүлөр ийгиликтүү аяктаган соган соң "Сфера" дагы бир жолу белги берет жана колдонуучу сканерленгендердин санына кирет (макала жарыяланган учурда алардын саны 2,6 миллион болгон).
Башка колдонуучулар сыяктуу эле Би-Би-Синин кабарчысы да 25 токен алды (ал бул каражатты кайрымдуулукка жумшайт).
Би-Би-Синин кабарчылары бул аймакта жүргөн маалда 13 адам сканерден өткөн жана алардын баары 20 жаштан 40 жашка чейинки эркектер болгон.
"Мен бул кабарды Сэм Альтмандын твиттеринен окугандан кийин келдим",- дейт 37 жаштагы Мозес Серумага.

"Мен бул аркылуу бир нерсе алууга боло турганын түшүндүм жана эмнеге болбосун?,- деп ойлодум. Мүмкүн бул башка криптовалюталар сыяктуу жок болуп кетет, балким баасы көтөрүлөт. Мен бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргым келген жок”.
23 жаштагы Том дагы көзүн сканерлөөгө макул болду, бирок ал муну акча үчүн кылган жок. Ал жана токендердин баасы асмандап кетерине ишенбейт.
«Менин оюмча, сиз өнүккөн өлкөдө жашасаңыз, бул сумма жетиштүү стимул эмес. Чынын айтсам, [Worldcoin] наркы өсүп кетет деп ойлобойм."
Көздү сканерлөө кампаниясы басма сөздө сынга кабылууда. Маалыматка караганда, аны ишке ашыргандар ар бир кардар үчүн комиссия алат жана айрыкча кирешеси төмөн өлкөлөрдө алар долбоорго жаңы катышуучуларды тартууга катуу аракет кылып жатышат.
Купуялык боюнча эксперттер сканерден өткөн жеке маалыматтар туура эмес колго түшүп калышы мүмкүн деген кооптонуусун билдиришүүдө. Worldcoin алар адамдардын маалыматын сактабайт турганын айтып жатышат.
Популярдуу Ethereum криптовалютаны негиздөөчүлөрдүн бири, Виталик Бутерин долбоордун жаралышын кубаттады, бирок ошол эле учурда анын тобокелчиликтери жөнүндө айтып өттү.
"Жалпысынан, сиз "Сфераны" карап, көзүңүзгө терең кароого мүмкүнчүлүк берген кандайдыр бир "дистопиянын көлөкөсүнө" карабастан, атайын түзүлгөн аппарат жеке маалыматка болгон укукту коргоого абдан жөндөмдүү окшойт" деп жазган Бутерин.
Бирок ал, адамдар менен роботторду айырмалай турган уникалдуу технологияга ээ Worldcoin өзүнө өтө көп таасирди топтой аларын эскертти.
Twitter социалдык тармагынын негиздөөчүсү, криптовалюталар менен да иштеген Джек Дорси долбоорго ишенбөөчүлүк менен караган. Долбоордун айтылган максаттарын “сүйкүмдүү” деп сыпаттап, ал “же өзүңүз “Сферага” барыңыз, же “Сфера” сизге келет...” деп жыйынтыктады.
Альтман айтылган сындарга каршы эмес жана ачуу сын анын кызматкерлерине энергия берерин айтат.
Бирок ошол эле учурда ал өзүнө өтө дымактуу милдет койгонун мойнуна алат:
“Балким мунун баары ишке ашат, бирок болбой калышы мүмкүн. Кимдир бирөө бул нерселерди жасоого аракет кылганы бул прогресс».












